Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун акыбети кыйроо болот

3871
0

Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун акыбети кыйроо болот

Энергетика министри Кыргызстанга Дүйнөлүк банктын 10 аткаруучу директорлору келип кетишкенин маалымдады. Анын айтымында, мындай окуя 30 жылда биринчи жолу болуп жатат.

«Дүйнөлүк банк – бул пайдалуу шарттары менен кредиттерди берген донорлордун бири. Биз ушул шарттар менен келишим түзүүнү каалайбыз. Мен донорлорго Камбар-Ата ГЭС-1дин бетачарын кылдым. Биз Дүйнөлүк банктын донорлорун тартууну каалайбыз. Дүйнөлүк банк бул долбоорду толук коштоо жоопкерчилигин алды. (…)  Алар бизге 2 млн доллар грант, 3 млн доллар кредит беришти», – деди министр. Ошондой эле, ал Дүйнөлүк банкты Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга 500 млн доллар берүүгө ынандырганын кошумчалады.

Бүгүн биз жашап жаткан учур – капитализм (демократия) хазараты өкүмдарлык кылып жаткан доор. Бул хазаратта эч бир адилеттик, калыстык жок. Жалаң гана күчтүү күчсүздү эзип, өз өкүмүн өткөрөт. Ошондуктан, Аллах Таала мол-көл нематтарын бергенине карабастан, дүйнөдө жакырлар көп, качкындар андан да арбын. Себеби, капитализм адамдарды эзүү жана байлыктарын талап-тоноо үстүнө курулган.

Азыркы учурдун гегемону – АКШ. Америка саясий, экономикалык куралдары менен өлкөлөрдүн калкын талап-тоноп келет. Эгер, бул куралдары натыйжа бербесе, парда артында же ачык эле согуш жасап, өлкөлөрдү ойрон кылат.

Дүйнөлүк банк болсо, ал Американын саясий-экономикалык куралдарынын бири. АКШ башка өлкөлөрдүн байлыктарын талап-тоноо, экономикасын ойрон кылуу, карызга батыруу үчүн – башка куралдары сыяктуу – Дүйнөлүк банкты да ишке салат.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери энергетика секторундагы реформаларды дал ушул Дүйнөлүк банктын көрсөтмөлөрү, сунуштары, долбоорлору менен ишке ашырып келди. Кыргызстандын карызы 5 жарым млрд доллардан ашты, анын дээрлик жарымы ушул энергетика секторуна жумшалган. Бирок, энергетика сектору оңолбой, тескерисинче, уламдан-улам акча талап кылган оорулуу секторго айланды. Дагы баса белгилөө керек, Дүйнөлүк банк белгилүү бир шарттарды аткаруу негизинде кредит берет. Ага энергетика секторун менчиктештирүү, бул сектордо жеке тараптардын үлүшкө ээ болуусуна жол ачуу, электр-энергиясына болгон бааны жогорулатуу жана башка шарттар кирет.

Жогоруда министр «пайдалуу шарттар» деп жатканына караганда, бийлик Дүйнөлүк банк менен кызматташууга, шарттарын кабыл алууга даяр көрүнөт. Бирок, ушул күнгө чейин Дүйнөлүк банк менен түзүлгөн келишимдер, андагы шарттар элге ачыкталбай келет. Андыктан, кандай гана шарттар коюлуп жатканы белгисиз, бирок кандай кырсыктуу акыбеттерге алып келери белгилүү. Дүйнөлүк банк менен кызматташуу акыры келип бул сектордун империалист-капиталисттердин колуна өтүп кетишине алып келет.

Андыктан, Дүйнөлүк Банк менен кызматташууну токтотуу зарыл. Анын өлкөнү муунткан шарттарынан баш тартуу керек.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here