Үммөт калкансыз өткөргөн жүз жыл!

1710
0

Үммөт калкансыз өткөргөн жүз жыл!

           Мусулмандардын тарыхында эстен кеткис эки күндүн элеси бар. Биринчиси хижрат күнү. Ал Расулулла (с.а.в.)дын жетекчилигинде Мадинада мусулмандар өз мамлекетин тикелөө аркылуу азиз болгон күн. Экинчи күн болсо, 1924-жылдын 3-мартында Истамбулда кылмышкер Мустафа Кемалдын колу менен Халифалык мамлекети жок кылынган күн. Бул иште ага каапыр колонизатор кожоюндары жана кыянатчы табакташтары жардам беришти.

            Мына ушул күндөн тарта Англия баштаган куфр дүйнөсү мусулман калктардын канын төгүү менен байлыктарын басып алууну күчөттү. Натыйжада, Ислам үммөтү элүүдөн ашык кичинекей мамлекетчелерге бөлүнүп, бул жерлер улуттук мамлекеттер деп аталып калды. Бул мамлекетчелердин башында тургандар колонизаторлорго кызмат кыла турган малай акимдерге айланышты. Бул учурдагы Англиянын өкүмзордугу жана айла-амалдары мусулмандарды кордук түпкүрүнө карай жетеледи. Мындан улам, 20-кылымдын мужтахиди Такиюддин Набханий рахимахуллах Англиянын душмандыгына карата ушул белгилүү сөзүн айтты: “Энелер балдарын эмизип жаткан учурунда да Англияга болгон душмандыгын унутпасын!”.

Белгилүү болгондой, ар кандай үммөттүн эң улуу байлыгы – анын пикирий байлыгы. Башка бардык байлыктар ушул улуу байлык алдында арзыбаган нерсе болуп эсептелет. Эгерде кайсы бир калк пикирий байлыгын жоготсо, ал шек-күмөнсүз турмуш жолун жоготот жана акыбетте колундагы бардык нерсесинен айрылат. Ал эми, кайсы бир үммөт пикирий байлыгын сактап калган болсо, бирок, өнөр-жай, аскер, кол-өнөрчүлүк жана айыл-чарбасы сыяктуу башка байлыктарын жоготсо, анда бул үммөт жоготкон нерсесин тез арада кайрадан тикелеп алат.

       Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин мусулман калктардын үстүндөгү өкүмзордук Англиядан АКШ жетекчилигине өттү. Бул мезгилге келип, Ислам үммөтү жасалма чек аралар артындагы боордошторуна чоочун сыяктуу карап калышты. А түгүл, куфр дүйнөсү биригип алып, Палестинага, Иракка, Афганистанга, Сирияга, Ливияга, Йеменге бомбаларын таштап, миллиондогон мусулмандын жаш-кары, аял-эркек дебей канын төгүп жатса да кайдыгер карай турган болду. Муну “Сирия маселеси сириялыктардын, Афганистан маселеси афгандардын маселеси” деп карай турган болуп калды. А түгүл, бүткүл үммөт жетекчилери азиздик менен сактап келген Аль Аксону – бир кездерде орду-түбү жок болгон жөөт вужудунун басып алуусун – «Палестинанын проблемасы» деген назарда карай турган болушту. Учурда  кыргынга алынып жаткан Газа аймагы болсо газалыктардын маселеси болуп калууда. Бул дүйнөнүн кеңдиги мусулмандар үчүн тар кабырга айланды. Ар бир аткан таң мусулмандар үчүн көз жаш, көйгөй болуп калды. Мусулмандар көптүгүнө карабай, сел менен агып келген көбүккө окшоп алсыз жана кадырсыз болуп калышты.

Имам Муслим Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылат: «Расулуллах (с.а.в) айтты: «Албетте имам (халифа) – калкан, анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен коргонулат». Ооба, Үммөттүн «Калканы» жоголсо, адамдарга коркоктук балээси жабышат. Натыйжада өз жерлерине, кен-байлыктарына ээлик кыла албай калышат. Кыянатчылардын кыянаттыгын, заалимдердин зулумдугун айтуудан айбыгышат.

       А бирок, колонизаторлордун чектен ашкан кыргындары жана акимдердин кыянаттыктары үммөттү кайрадан силкинтип жатат. Бул акимдер кожоюн мамлекеттеринин куурчагына айланып калганын үммөт түшүнө баштады. Бүгүнкү күнгө келип Үммөт өзүнүн кордугуна үстүбүздө өкүмдарлык кылып жаткан капиталисттик система жана аны мажбурлап колдонуп жаткан колонизаторлук себеп экенин түшүнүп калды. Ал дүйнөгө 13 кылым бою адилеттикти кепилдеген Халифалык мамлекетинин тажрыйбасына муктаждыгын сезди. Каапырлардын 100 жылдык айла-амалдары мусулмандардын зээнинен Халифалык арзуусун өчүрө албады. Анткени, Халифалык акыйкат! Ал Алланын убадасы жана Расулунун кушкабары! Мусулмандар Индонезиядан Мароккого чейинки аралыкты камтыган Халифалык мамлекети курула турган күндүн санагын санай баштады! Алла Таала айтат:

وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هُوَ ۖ قُلْ عَسَىٰ أَن يَكُونَ قَرِيبًا

– “Ал күн качан болот? дешет. Айткын: Жакында болоор!” (Исро: 51).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here