Жөөт армиясы Газадагы жай тургундарды кыргынга алууда
Баскынчы жөөт аскерлери азык-түлүк үчүн чогулган калкты кыргынга алууда. Кол салуу Газа шаарынын түштүгүндөгү Наблуси аймагында болуп өттү. Ыплас жөөт аскерлеринин ок атуусунан жүздөн ашык газалык курман болуп, дагы жүздөгөнү жаракат алды. 7-октябрдан бери жөөт баскынчылардын колунан шахид болгондордун саны 30 миңден ашты.
Ал арада Батыш баштап, мусулман өлкөлөрү шерик болуп камоого алып жаткан аймакта наристелер ачарчылыктан көз жумуп жатат. Расмий маалымат боюнча, ачкалыктан көз жумгандардын саны онго жетти. Эгер гуманитардык жардамдар өз убагында жеткирилбесе, алдыңкы күндөрү ачкалыктан миңдеген мусулман курман болушу мүмкүн.
Маалым болгондой, Газанын Египет менен чектеш тилкесинде жайгашкан Рафах шаарына согуш очокторунан миллиондон ашуун жай тургун качып келген. Алар качкындар лагерлеринде убактылуу баш калкалашууда. Учурда бул шаарда азык-түлүк, дары-дармек жетишпей, гуманитардык кырдаал күн санап курчуп баратат. Буга карабай, дүйнөлүк азык-түлүк программасы Газа тилкесинде тамак-аш таратууну убактылуу токтоткон.
Мындай басым-кысымдар Хамас менен ок атышууну токтотуу келишимин түзүү үчүн жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөр учурунда жасалууда. Муну менен Хамасты өз кызыкчылыктарына моюн сундуруу аракети көрүлүп жатат. Айрым маалымат булактары, Хамас туткундарды алмашуу үчүн 40 күндүк ок атууну токтотууга макул болгонун айтып чыкты. Ага ылайык, он туткунга бир жөөт туткуну алмашылып, Газага күнүнө 500 жүк ташуучу унаа жардамы киргизилиши керек. Ал эми, Хамастын саясий жетекчиси Исмаил Ханиенин ырасташынча, келишим түзүлүшү үчүн “израил” чабуулдарын толук токтотуп, Газадан чыгып кетиши керек. Палестиналыктар үйлөрүнө кайтып барышы үчүн курулуш иштери башталып, азык-түлүк эмбаргосу токтотулушу шарт.
Аталган келишим боюнча АКШ президенти Джо Байден да билдирүү жасап, дүйшөмбүгө чейин ок атышууну токтотуу боюнча келишим түзүлүшү мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, жөөттөр Рамазан айы менен бирге 40 күн ичинде Газада аскерий аракеттерин токтотууга макул болгон имиш. А бирок, келишим тууралуу айтып жаткан АКШ өкмөтү “израил”ди тиш-тырмагына чейин куралдантууну улантып жатат. Маселен, жыл сайын берилип келген 3,8 млрд долларлык курал-жарак жардамы дагы деле уланууда. А түгүл, бул жардамдарын көбөйтүп жатат. “Wall Street Journal”дын ырасташынча, Байден админстрациясы жөөттөргө ири өлчөмдөгү бомба жана түрдүү куралдарды жөнөтүүнү пландап жатат.
Демек, Байдендин жогорудагы сөзү көбүрөөк АКШ ички саясатына байланыштуу. Башкача айтканда, Газа маселесин тезирек чечип, шайлоо менен алектенмекчи болууда. Буга кошумча, АКШдагы мусулмандардын добушун алууга умтулуп жатат. Анткени, бул билдирүү Байден алгачкы шайлоо айлампасын баштай турган Мичигандагы жолугушуу алдында айтылды. Бул аймак жалпы шайлоого таасирин тийгизе турган жана мусулмандар көп жашаган аймак болуп эсептелет.
Ал эми, “израил”дин өкмөт башчысы Нетаняху Хамас менен Газада ок атышпоо келишими түзүлсө да Рафахка кол салуу улана турганын билдирди. Анын айтымында, Хамасты толугу менен жок кылып, туткундарды бошотуп, Газадан коркунуч келбей турган абалга чейин согуш улантылат. “Рафахка кол салуу бизди жеңишке жеткире турган чекит. Мындан баш тартпайбыз. Эгер кандайдыр бир келишим түзүлсө, бул артка жылышы мүмкүн. Бирок, ишке ашат”, – деди Нетаняху.
Тилекке каршы, жөөттөргө жардам берүүнү каапырлар эле эмес, кыянатчы мусулман жетекчилер да улантууда. Маселен, Түркия январь айында эле “израил”ге 349 млн 650 миң долларык товар экспорттогон. Ал эми, Палестинага 13 млн долларлык гана товар жөнөткөн. Түркиядан “израил”ге ар күнү 8 кеме жолго чыгууда. Ал эми, Миср өкмөтү Газа менен чек арасындагы дубалдардын асты-үстүн бийиктетип, мусулмандардын Мисрге кирип баруусунун алдын алып жатат. 7-октябрдан бери 1500дөн ашык тунелди жаптырган. Тагыраагы, карапайым калкты жөөттөрдүн огуна тосуп бермекчи. Иордания бийлиги болсо абадан азык-түлүктөрдү деңизге таштап, өз калкын алаксытууда.
Газа калкы мына ушундай кыянаттыктарга, каапырлардын биригип кол салууларына карабай, чыныгы ыймандын күчүн көрсөтүүдө. Алардын бул позициясы үммөттү эле эмес, дүйнө калкын силкинтип жатат. Мусулмандарды узак убакытка созулган уйкудан ойготууда. Бүгүнкү жетекчилердин мусулмандырдын лидери эмес экендигин, өз калктарынан пикир-туйгулары канчалык алыс экендиктерин ачык көрсөттү. Айрыкча, Палестинанын кутулушу бул жетекчилер аркылуу эмес, тескерисинче, аларды оодарып таштоо аркылуу ишке аша турганын көрсөтүштү.
Жыйынтыктап айтканда, Газадагы каршы туруу аракеттери дүйнөлүк системаны, аны жайып жаткан куфр державаларын оор абалга кептеп койду. Тилекке каршы аймактагы кыянатчы мусулман өлкөлөрүнүн малайлыгы болбогондо каапырлардын абалы мындан да аянычтуу болмок.
Мумтаз Маверанахрий
order lasuna sale – buy himcolin tablets cheap himcolin online
order probenecid 500 mg online cheap – buy carbamazepine generic carbamazepine 400mg pill
purchase meloxicam for sale – order rizatriptan 5mg generic ketorolac uk
amoxiclav tablet – synthroid 150mcg ca buy levoxyl pill
cheap aygestin 5mg – buy bimatoprost medication cost yasmin
buy dostinex generic – order premarin cheap alesse sale
purchase deltasone for sale – capoten 120mg brand cost capoten 25 mg