Нике менен үй-бүлө курууга тыюу салынат

711
0

Нике менен үй-бүлө курууга тыюу салынат

Кыргызстанда үй-бүлө куруунун шарттары өзгөртүлмөкчү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлиги сунуштаган Үй-бүлө кодексинин жаңы редакциясында айтылды.

Жаңы редакцияга ылайык:

– расмий катталбай туруп нике кыйып жашоого тыюу салынат. Бул ченемди бузгандар жоопкерчиликке тартылат;

– атасы же апасы жактан жети муун өтө элек туугандар баш кошо албайт;

– жубайлар бири-бирине ден соолугу кандай экени жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Ага ВИЧ/СПИД сыяктуу жыныстык жол менен өткөн инфекциялар боюнча текшерүүнүн жыйынтыгы, жуптардын медициналык жактан дал келүүсү камтылат;

– бир жыныстагы адамдардын баш кошуусуна тыюу салынат;

– камкорчулукка алган адам аны (камкордукка алган бала же кыз) менен кийин никеге турууга болбойт;

– соттолуп, экөө тең абакта жазасын өтөп жаткан мезгилде никеге турууга жол берилбейт.

Комментарий:

         Буга чейин өлкөдө 18 жашка толо элек түгөйлөрдүн баш кошуусуна тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Натыйжада, бир катар мусулмандар, анын ичинде нике кыйган имамдар да кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

         Жогорудагы кодекске өзгөртүү киргизүү да Исламга каршы күрөшүүнүн уландысы болуп эсептелет. Анткени, Аллах Таала үй-бүлө куруунун шарты катары нике бүтүмүн белгилеген. Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:

«إِذَا أَتَاكُمْ مَنْ تَرْضَوْنَ دِينَهُ وَخُلُقَهُ فَأَنْكِحُوهُ، إِلاَّ تَفْعَلُوا تَكُنْ فِتْنَةٌ فِي الأَرْضِ وَفَسَادٌ كَبِيرٌ. قَالُوا: يَا رَسُولَ اللَّهِ، وَإِنْ كَانَ فِيهِ؟ قَالَ: إِذَا جَاءَكُمْ مَنْ تَرْضَوْنَ دِينَهُ وَخُلُقَهُ فَأَنْكِحُوهُ. ثَلاَثَ مَرَّاتٍ»

«Эгер силердин алдыңарга дини жана адеп-ахлагынан силер ыраазы боло турган киши келсе, аны никелеп койгула. Эгер мындай кылбасаңар, жер жүзүндө фитна жана чоң бузукулук болот». «Я Расулулла, эгер анын теңи болбосо дагыбы?» дешкенде: «Эгер силердин алдыңарга дини жана адеп-ахлагынан силер ыраазы боло турган киши келсе, аны никелеп койгула», – деп үч жолу айтты. Абу Хотим ал-Мазанийден риваят кылган.

         Жогорудагы жети муун өтө элек туугандар менен нике кыюуга тыюу салуу да Исламга тескери келет. Анткени, шариат нике кыюу мүмкүн болбогондорду да белгилеп берген. Алла Таала айтат:

«Силер үчүн энелериңер, кыздарыңар, эже-карындашыңар, аммаларыңар, таежелериңер, ага-инилериңердин кыздары, эже-карындаштарыңардын кыздары, эмизген энелериңер, эмчектеш эже-карындаштарыңар, кайненелериңер, жыныстык байланышта болгон аялдарыңардын силердин тарбияңарда болгон кыздары (мына ушул санап өткөн аялдарга үйлөнүү) арам кылынды, эгер аялдарыңар менен жыныстык байланышта болбогон болсоңор (аларды талак кылгандан кийин мурунку эрлеринен төрөлгөн кыздарына үйлөнсөңөр), силер үчүн күнөө жок. Дагы өз бел-кемериңерден болгон уулдарыңардын аялдарына (үйлөнүшүңөр) о.э. эже-сиңдилерди бириктирип үйлөнүүңөр (т.а. бирин талак кылбай туруп, башкасына үйлөнүшүңөр арам кылынды). Бирок, мурун өткөн болсо (Алла кечирет). Албетте, Алла кечиримдүү жана мээримдүү болгон Зат. Дагы эрлүү аялдар (да арам кылынды). Бирок (согуштарда) ээ болгон күңдөрүңөр адал. (Бул өкүмдөрдү) Алла мойнуңарга фарз кылып койду. Мына ушулардан башка аялдарга зина кылуучу болбогон абалыңарда малыңарды махр кылып берүү менен үйлөнүүгө аракет кылуу силер үчүн адал кылынды». (Амма – атанын эже-карындаштары). [4:23-24]

         Вич-СПИД ооруларына келсек, бул вирус алгач 1969-жылы АКШда сойкулардын арасында пайда болгон. Мындай белгилер, кийинчерек ЛГБТ сыяктуу ыпластардын арасында да жайылган. 1987-жылга келип, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму СПИДге каршы күрөшүү долбоорун кабыл алууга мажбур болгон. Бул вирустун негизги ташуучулары сойкулар менен маңзаттарды активдүү колдонуучулар болуп эсептелет.  Ал эми, бүгүнкү мыйзамдар пайдага негизделгендиктен, ВИЧ-СПИД сыяктуу илдеттерге каршы күрөшүүдө анын келип чыгуусуна эмес, оорунун өзүнө каршы күрөшкө, дары-дармек, каражаттарды таркатууга маани берет. Муну менен фармацевтикалык компаниялардын үлкөн пайдага туйтунуусуна шарт жаратат. Бирок, бул вирустардын негизги ташып жүрүүчүсү болгон наркотикалык заттарга, сойкулукка каршы күрөшкө маани бербейт. Тескерисинче, бул тармак капитализмде кирешелүү бизнес болуп эсептелет. Натыйжада, вич жугузган бир сойкунун өзүндөгү оорудан кабарсыз болушу бул вирустун миңдеген балким, жүз миңдеген адамга жугуусуна себеп болоору бышык. Мунун каршысында, Ислам динибизде сойкулук, баңгилик сыяктуу арам иштер күнөө болуп, алардын жазасы да катуу. Демек, жашоодогу проблемаларга пайда негизинде эмес, арам жана адал негизинде чечим берүү зарыл!

         ЛГБТ өкүлдөрүнүн үй-бүлө куруусуна тыюу салуу да ушул сыяктуу. Аларда нике күбөлүгүн алууга муктаждык жок. Ошондуктан, бул бузукулукка каршы күрөшмөкчү болсок, үй-бүлө куруусуна эмес, алардын өзүнө Исламдагы жаза-чараны киргизүү керек. Пайгамбар (с.а.в) бачабаздарга карата:

«اُقْتُلُوا الْفَاعِلَ وَالْمَفْعُولَ بِِهِ»

«Кылуучуну да, кылынуучуну да өлтүргүлө» деген. Сахабалар да бачабаз бузукуларын өлтүрүүгө ижма кылышкан.

         Ал эми, камкордукка алынган уул же кызга келсек, анын абалына каралат. Эгер ал өгөй же эмизүү аркылуу махрам болгон уул-кыз болсо, үйлөнүү жана турмушка чыгуу катъий арам амал болуп эсептелет. Муну кылган кылмышкер зынакер катары катуу жазаланат. Ал эми, эгер багып алган кыз же уул – эгер эмизүү менен махрамга айланбаган болсо – анда ага карата гойримахрам катары каралат.

         Ошондой эле, абакта жаза өтөп жаткан жубайлардын нике кыюусуна шариатта эч кандай тоскоолдук жок. Эгер нике шарттары табылган болсо, үй-бүлө куруулары толук мүмкүн.

         Демек, министрлик сунуштап жаткан кодекске өзгөртүү киргизүү аракетинен бузукулукту токтотуу эмес, ага шерик болуу гана көздөлгөн. Бүгүнкү күндө мектеп курагында 6-класстан тарта кыз-балдар зынага барып жаткан фактылар жүздөп саналат. Демек, жогорудагы мыйзам мындай бузукулукту токтотууну максат кылган эмес. Тескерисинче, никесиз байланыштын көбөйүүсүн камсыздоого каратылган. Ошондуктан, шариятка ылайык куракта нике кыйып жашагандар, а түгүл өз милдетин өтөп нике кыйган мусулмандар кылмышкерлерге айланууда. Анткени, демократиялык түзүмдө адал-арамды белгилөө алсыз адамдардын акылына ташталган. Натыйжада бул мыйзамдар коомдун бузукулукка батышына негизги себеп болууда.

Мунун каршысында, Исламда ар бир адамдын табиятын эске алган жогорудагыдай шарий мыйзамдар коомдун бакубат жашоосун кепилдеп берет. Анткени, бул мыйзамдардын булагы инсандын табиятын эң көркөм түстө жараткан Алланын өкүмдөрү болуп эсептелет. Андыктан, биз мусулмандар буга окшогон коомду бузуучу көрүнүштөргө каршы туруп, мусулмандардын запкы тартышына жол бербешибиз керек.

Буга кошумча, зомбулук Ислам коомунда эң өөн учураган көрүнүш. Айрыкча, бизге ар намыс жана келечек урпак катары берилген балдар менен аялдарга карата зомбулук кабыл алынгыс кылмыш эсептелет. Алла Таала айтат:

وَعَاشِرُوهُنَّ بِالْمَعْرُوفِ

“Алар менен жакшы мамиледе жашагыла” (Ниса: 19). Алланын Элчиси мусулмандарды жубайларына зомбулук кылуудан кайтарып ушундай деген:

لَا يَجْلِدُ أحدُكم امْرَأَتَهُ جَلْدَ الْعَبْدِ ثُمَّ يُجَامِعُهَا في آخِرِ الْيَوْمِ

“Силердин араңардан эч ким жубайын кул сыяктуу уруп, кечкисин аны менен жыныстык алака кылбасын!” (Бухарий риваяты).

      Жыйынтыктап айтканда, Ислам үй бүлөнүн бекемдигине, коомдун бакубаттыгы үчүн ар дайым өзгөчө көңүл бурган. Ажырашуу жайиз иштердин эң жаманы катары каралган. Демек, бүгүнкү күндө кыргыз коому туш болуп жаткан үй бүлөлүк көйгөйлөрдү чечүүнүн жападан жалгыз жолу Исламды жана анын ижтимаий өкүмдөрүн жашоого алып келүү!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here