Маалыматтар банкы, бюролор жана электрондук өздүк файлдар

4707
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

Бисмиллахир рохманир рохиим

       Маалыматтар банкы, бюролор жана электрондук өздүк файлдар

  Ислам мамлекетиндеги Саламаттыкты сактоо башкармалыгы ар бир бейтап үчүн анын ден соолугуна байланыштуу бардык маалыматтарды камтыган электрондук маалымат реестрин-тизмесин иштеп чыгышы керек. Дагы бул тизме бейтаптын башынан өткөн бардык ден соолук көйгөйлөрүн, кызматтарды, кабыл алган дары-дармектер тууралуу маалыматты да камтыйт. Ушул маалыматтар “Эне жана баланы коргоо борборлору”, мектептеги медайымдар, дарыгерлер, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана мамлекеттеги дагы башка саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнөн алынып, бирдиктүү электрондук каттоого алынат. Мындан көздөлгөн максат, ушул бейтапка медициналык кызмат көрсөтүү керек болгон убакта, анын мурдагы ден соолугу тууралуу маалымат берүү. Бул маалыматтар дарыгерге анын ден соолук көйгөйлөрүн аныктоону, туура диагноз коюуну жана дарылоону жеңилдетет.

  Дарыгер – бул кеңешчи. Кеңешчи – Абу Давуд риваят кылгандай – аманат жүктөлгөн адам болгондуктан андагы бейтап жөнүндөгү маалыматтар жашыруун болушу керек. Бул маалыматтан бейтаптын өзү же ал укук берген адам гана кабардар болушу мүмкүн. Себеби, адатта оору жашырылат, мындан адамдардын кабардар болушу кааланбайт. Расулуллах саллоллоху алайхи ва саллам айтат:

إذا حَدَّثَ الرجلُ الحديثَ ثم التَفَتَ فهي أمانةٌ

  “Эгер адам сүйлөшүп жатып, эки жагын караса – анын бул сөздөрү да аманат”. Термизий риваят кылган  жана аны хасан хадис деген. Бейтаптын дарыгерге айткан сөзү да мына ушул аманат түрүнө кирет. Бейтаптын сөзү аманат. Муслим Расулуллах с.а.в.дан риваят кылат. Расулуллах с.а.в. айтат:

لا يَستُرُ عبدٌ عبدًا في الدنيا إلا سَتَره الله يوم القيامة

  “Ким бир пенденин сырын жашырса, албетте Аллах Таала кыямат күнүндө анын да сырын жашырат”

Бейтаптын сырларын ачыкка чыгаруу жакшы эмес. Дарыгер бул сырды сактоого буюрулган. Ал эми, жугуштуу ооруну жашыруу, жамаатка коркунуч туудурушу мүмкүн болгон бейтап жөнүндө кабар бербей коюу болсо, ден соолук тууралуу маалыматтарды жашыруу важибдиги алкагына кирбейт. Мисалы, эгер учкуч же жүк ташуучу унаанын айдоочусу кутурма оорусуна чалдыгып калса, албетте муну билген дарыгер сөзсүз тийиштүү жактарга кабарлашы керек. Бул нерсе зыяндын алдын алуу жана аны жоюу түркүмүнө кирет. Бул жердеги истисна ыктымалдуу зыяндын алдын ала турган жана аны жоё турган жактарын жеткирүүгө гана чектелген.

     Саламаттыкты сактоонун сапаттуулугун камсыздоо

  Исламий мамлекеттеги саламаттыкты сактоо максаттарынын бири – бул өнүгүү. Ошондуктан, Ислам мамлекети саламаттыкты сактоо тармагында жетекчи мамлекет болушу керек. Саламаттыкты сактоо үчүн зарыл болгон усул жана ыкмаларды жаңыртуу үчүн илимий жана ийгиликтүү тажрыйбага ээ болгон дарыгерлер, окумуштуулар жана адистер жамаатын өстүрүп чыгарышы керек. Аларды изилдөөнүн жана илимий инновациялардын максималдуу мүмкүнчүлүктөрү менен камсыздашы керек. Саламаттыкты сактоо башкармалыгы өзүнүн бардык аппарат жана бөлүмдөрү менен саламаттыкты сактоо кызматынын сапаты туруктуу болушун камсыздоо үчүн зарыл болгон иш-чараларды аткарат жана изденет. Ушул иш-чара жана туруктуу изденүүлөрдүн бири (Medical Audits) Медициналык Аудиттер болуп эсептелет. Бул иштер менен системалуу түрдө бейтаптардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн саламаттыкты сактоо тармагынын профессорлору алектенишет. Андан соң, медициналык кызматтардын сапатын камсыздоодо ( Accreditation) aккредитация стандарттарын колдонуу аркылуу профилактика, диагностика жана дарылоонун сапатын камсыздоо (Quality Assurance) сапаттын кепилдигин өнүктүрөт.  Ошентип, бардык саламаттыкты сактоо мекемелери үчүн клиникалык башкаруу эрежелерине негиз жаратылат.  Клиникалык башкаруу (Clinical Governance) – бул саламаттыкты сактоо өзүнүн кызматтары сапатын үзгүлтүксүз жакшыртып баруудан жоопкер болгон түзүм. Муну клиникалык жана клиникалык болбогон жардам көрсөтүүдө ийгиликке жетүүгө, коркунучту азайтууга, саламаттыкты сактоо  мекемесинин кызматкерлери арасында умумий админстративдик координацияны жаратууда эң жогорку нормаларды сактап калууга жоопкер түзүм деп атасак болот.

  Саламаттыкты сактоо башкармалыгы ушул тартип-эрежелер нормаларын ушул темага тиешелүү шаръий өкүмдөрдөн келип чыгып белгилейт. Себеби, Эл аралык саламаттыкты сактоо институттары жана Батыш мамлекеттери тарабынан орнотулган стандарттар өз методологиясында салыктар жана алардан качуу сыяктуу пайдалуу экономикалык тараптарды эсепке алышат. Алар белгилеген стандарттар, капитализмдин негизи болгон эркиндиктерден турган бузук жана адамдын фитратына тескери келген кыйматтарга негизделет. Ошондуктан, Халифалык саламаттыкты сактоо тармагын көзөмөлгө алышы жана өзүн-өзү камсыздоого жетишүүсү керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here