Габондогу төңкөрүш

4288
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Габондогу төңкөрүш

Суроо:

2023-жылы 30-августта Габондо армиянын, президенттик гвардиянын жана коопсуздук күчтөрүнүн офицерлеринин тобу бийликти басып алганын жарыялашты. Габондун президенти Али Бонго шайлоо комиссиясы анын үчүнчү мөөнөткө шайланганын жарыялагандан бир нече сааттан кийин үй камагына алынды. Шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылып, мамлекеттик мекемелер таратылып, чек аралар кийинки билдирүүгө чейин жабылат деп жарыяланды. Президенттик гвардиянын командачысы Нгеманы өлкөнүн убактылуу президенти кылып дайындаганын жарыялады. Бул төңкөрүштүн сыры эмнеде? Аймактагы эл аралык конфликтке анын алакасы кандай болот?

Жооб:

Бул төңкөрүштүн жообун тактоо үчүн биз ушул маселелерди карап чыгабыз:

  • Габон Атлантика океаны боюндагы Африканын батышында жайгашкан өлкө. Француз колонизаторлору Габонду 1885-жылы басып алып, 1960-жылы формалдуу түрдө көз карандысыздык берген. Белгилей кетсек, Габондун борбор шаары Либревилде аскерий база жайгашкан, ал жерде 1000дей француз жоокери бар, алар өлкөдөгү француз кызыкчылыктарынын корголушун көзөмөлдөп, француз таасиринин туруктуулугун камсыздайт. 2022-жылдагы эл каттоого ылайык, өлкө калкынын саны 2,3 миллионго жакын. Өлкөнүн аянтына болжол менен 270 миң км², статистика көрсөткөндөй, мусулмандардын пайызы аз. Кулатылган президентти жана өткөөл мезгилдин жаңы президентин кошкондо бул пайыз 10-12%ды түзөт, алардын көпчүлүгү борбор Либревилде жашашат. Габон жаратылыш ресурстарына бай өлкө. Болот, темир жана аккумуляторлорду өндүрүүдө колдонулган марганецтин дүйнөдөгү экинчи өндүрүүчүсү болуп саналат. Алтындын, алмаздын жана урандын чоң көлөмүнөн тышкары, мунайдын жана газдын эбегейсиз запастары бар, ошондуктан ал ОПЕКтин мүчөсү. Франциянын Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы маалыматтарга караганда, бул байлыктын эң чоң бөлүгү француз компанияларына таандык, алардын саны 110го жакын, анын ичинде марганец казып алган француздук «Эрамит» тоо-кен компаниясы, нефтини жана газды чыгарган француздук «Тотал» энергетикалык компаниясы бар. Ал эми, Габон Нигер, Мали, Сенегал жана Чад сыяктуу, валютасы африка франкы деп аталып француз акчасына байланган он төрт өлкөнүн бири болуп саналат. Ал еврого байлангандыктан Франция жана Европа Биримдигинин кызыкчылыгына кирет. Анын кирешеси Франциянын Борбордук банкына которулуп, Франциянын валюталык резервин түзөт, андан кийин гана Франция ага ит жемин берет. Ошондуктан, Габондун калкы жакырланып, Франция алардын байлыгын уурдап келет. Бул мамлекеттердеги адамдар бул байланышты үзүүнү жана  акчаны Африка өлкөлөрүнүн банктарына которуп, байлыкты аларга бөлүштүрүүнү талап кылышууда.
  • Кулатылган президент Али Бонго – өлкөнү 41 жылдай башкарган атасы Умар Бонго каза болгондон кийин – 2009-жылы жасалма шайлоодо бийликке келген. Францияга малайлык кылууну баласы атасынан мурас кылып алган. Ал 2016-жылдагы шайлоодо жеңгенин жарыялаган. Ал Габондун конституциясы боюнча үчүнчү мөөнөткө талапкерлигин коюуга укугу жок болчу, бирок ал башка партиялар менен шайлоого катышарын макулдашкан жана бул партиялар макул болушкан. 2023-жылдын 26-августунда өткөн шайлоонун жыйынтыгы Али Бонго 64,27% менен жеңгенин көрсөттү. Бул жыйынтыктар жарыяланган күнү президенттик күзөт кызматы, армия жана коопсуздук кызматкерлеринен турган топ президентке каршы төңкөрүш жасап, аны үй камагына алды. Бул топ “Габон- 24” кабар агентиги аркылуу президенттик сарайдан полковник наамындагы офицер тарабынан окулган биринчи билдирүүсүндө мындай деди: “Биз, Коргоо жана коопсуздук күчтөрү өткөөл жана кайра институтташтыруу комитетинин ичинде чогулуп, Габон элинин атынан учурдагы режимди жок кулатуу аркылуу тынчтыкты коргоону чечтик. Ушул максатта 2023-жылдын 26-августунда өткөн президенттик шайлоо жана анын жыйынтыктары жокко чыгарылды”. Офицерлердин басма сөз катчысы учурдагы режимдин кулаганын жарыялап мындай деди: “Президенттин уулу Нуреддин Бонго,  анын жакын кеңешчиси, анын ичинде анын аппарат жетекчиси, орун басары, бир катар кеңешчилери жана президенттин басма сөз катчысы камакка алынды. Ал эми, президент Али Бонго жетектеген Габондун өкүмдар Демократиялык партиясынын эң маанилүү адамдарынын арасында дагы эки киши мамлекеттик мекемелерге чыккынчылык кылган, мамлекеттик каражаттарды уурдаган, уюшкан кылмыштуу топтун арасында эл аралык акчаны жеген, президенттик документтерди жасалмалап кол койгон, коррупция жана баңги аткезчилиги менен алектенген деп айыпталууда”. Төңкөрүштү өлкөдөгү бардык аскерий күчтөр пландаштыргандыгы көрүнүп турат. Эгер, аскерий сектор Франция тарабынан көзөмөлдөнөрүн билсек, күнөөлү бармак аны көрсөтүп турат.
  • Башка жагынан алганда, президент Али Бонго кызматтан алынгандан кийин үйүнөн электрондук байланыш каражаттары аркылуу тынчсыздануу белгилерин көрсөткөн билдирүү жөнөтүп, мындай деди: “Мен, Габондун президенти Али Бонго Ондимба, дүйнө жүзүндөгү бардык досторубузга мени жана менин үй-бүлөмдү камакка алган адамдарга карата үндөрүн көтөрүүнү суранган билдирүү жөнөтөм”. (Sky News Arabia, 30.08.2023).

Франция да, Америка да, Африка Биримдиги да Нигердин президенти Мухамед Базумга көңүл бургандай Али Бонгого көңүл бурган жок жана эч ким аны менен байланышпады. Тескерисинче, француз гезиттери төңкөрүштүн лидерине көңүл буруп, аны жылмалап, төңкөрүш жасоо укугун берүү үчүн иштеп жаткандай болду. 2023-жылдын 30-августунда француз Le Monde гезити төңкөрүштүн лидери жана Габондогу Республикалык гвардиянын командачысы Брис Олеге Нгеманын сөздөрүн келтирген: «Президент Али Бонго конституцияны бузду, үчүнчү мөөнөткө талапкерлигин коюуга укугу жок жана добуш берүү ыкмасы жакшы эмес болгондуктан, армия өз милдеттерин аткарууну чечти. Али Бонго пенсиядагы мамлекет башчысы болуп калды жана ар бир жаран сыяктуу  бардык укуктарынан пайдаланат”. Белгилей кетсек, Президенттик гвардиянын командири Нгема президент Али Бонгого жакын, анын аталаш бир тууганы. Ал дагы атасы Умар Бонго менен жакын болгон жана көзү өткөнгө чейин анын атайын кеңешчиси болуп иштеген. Ал 2018-жылдын октябрында Али Бонго инсультка кабылып, 10 айга жакын шал болуп калган соң өлкөнүн Сенегалдагы жана Мароккодогу элчилигинде аскердик кеңешчи болуп иштегенден кийин өлкөгө кайтып келген. Ал эки жылга чет өлкөгө депортацияланып, андан кийин кайра кызматка алынып, президенттик гвардиянын башчысы болуп дайындалган, башкача айтканда, ал ээлик кылган тарап аны жарым жартылай шал болуп калган президенттен кийинки мезгилге кайра даярдануусун каалаган.

Оппозициялык президенттикке талапкер Альберт Ондо Оса 2023-жылдын 31-августунда Франциянын TV5 Bond каналына мындай билдирүү берди: “Биз иштин жүрүшүн жөнгө салышыбыз керек. Биринчиден, бул аскердик төңкөрүш эмес, сарай төңкөрүшү. Олеге Нгема Али Бонгонун аталаш бир тууганы. Бонго лагери Бонго режимин сактап калуу үчүн Али Бонгону кулатуу керек деген тыянакка келишкен… Олеге Нгема аларды ээрчиди, анын артында бийликти көзөмөлдөгөн Бонго үй-бүлөсү турат”.

  • Франциянын расмий позициясына келсек, Би-Би-Си 2023-жылдын 30-августунда француз расмийлеринин билдирүүлөрүн жарыялады: “Франция премьер-министри Элизабет Борндун билдироүүсү: “Париж Габондогу кырдаалга кылдат көз салууда”. Елисейдеги булак мындай деди: «Париж Габондогу төңкөрүштү ачык айыптайт, президент Макрон президент Бонго менен сүйлөшпөгөн жана Франция Габон тез арада конституциялык түзүлүшкө кайтып келет деп үмүттөнөт, бирок ал өлкөнүн ички саясий иштерине кийлигишпейт. Чечим аскердик төңкөрүш эмес, Габон элинин умтулууларын кепилдеген эркин жана адилет шайлоолор”. Бул позиция төңкөрүштү айыптагандай көрүнгөнү менен, аны колдогон позиция болуп эсептелет. Айыптоо аскердик төңкөрүшкө каршы коомдук пикирге туура келди, бирок Франция президентинин аракеттери айыптоо олуттуу эмес экенин тастыктап турат. Ал кулатылган Нигердин президенти менен байланышкандай кулатылган Али Бонго менен байланышкан жок жана төңкөрүштү жеке өзү айыптабады. Ал Нигерге карата кылгандай коркутуп же кийлигишүүнү талап кылган жок жана маселе ички деп эсептеди. Бул анын Нигердин ички иштерине кийлигишүү аракетинен айырмаланат. Франция Нигерде төңкөрүш жасагандарды таануудан баш тартты жана алардын француз элчисинин Нигерден чыгып кетүүсүн талап кылган өтүнүчүн четке какты. Чечим эркин жана адилет шайлоо аркылуу болоорун айткан Макрондун сөзү төңкөрүшчүлөрдү актоо жана аларга колдоо көрсөткөнүн билдирет. Өзгөчө Габон Франция үчүн маанилүү булак болгондуктан төңкөрүштүн артында Франция турушу басымдуу. Француз Монте-Карло басылмасы 2023-жылы 31-августта Париждеги Эл аралык жана стратегиялык мамилелер институтунун директору Кэролайн Россинин “Габонсуз Франция – бензинсиз унаа, Франциясыз Габон – айдоочусу жок унаа” деген сөзүн келтирген.
  • Европа Биримдигинин позициясы бул төңкөрүштүн артында Франция турганын тастыктайт. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча расмий өкүлү Жозеп Боррель 2023-жылдын 31-августунда Испаниянын Толедо шаарында өткөн Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин 27-жыйынынын алкагында мындай деди: “Либревилдеги мыйзам бузуулар менен коштолгон шайлоодо бийликтен кулатылган президент Али Бонго жеңгенден кийин аскерий күчтөрдүн кийлигишкенин эске алганда, Габондо болуп жаткан окуялар менен Нигерде болуп жаткан окуяларды салыштыруу мүмкүн эмес”. Ал кошумчалап: “Аскердик төңкөрүштөр чечим эмес, бирок Габондо мыйзам бузууларга толгон шайлоолор болгонун унутпашыбыз керек. Жалган добуш берүү институционалдык жарандык төңкөрүш катары каралышы мүмкүн. Аскердик жана институттук төңкөрүштөр болуп жатат. Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн жарандарын Африка өлкөсүнөн эвакуациялоо планы жок”. (Аль-Шарк Аль-Авсат, Аль-Маядин 31.08.2023). Бул билдирүүлөр Габондо болгон төңкөрүш аракетин актайт. Кала берсе, бул төңкөрүштү колдойт, анткени жалган добуш берүүлөргө буга чейин каршы чыккан эмес. Кыязы, Европа жооптуулары адегенде төңкөрүштүн маңызын билишпеген. Ошондуктан, ал төңкөрүштөн кийин дароо мындай деди: “Биримдиктин министрлери Габондогу кырдаалды талкуулашат, Батыш Африкада болуп жаткан окуялар Европа үчүн чоң көйгөй. Эгер, бул (төңкөрүш) тастыкталса, бул бүткүл региондо баш аламандыктарды күчөтө турган кезектеги аскердик төңкөрүш болот”. (Al Jazeera, 30.08.2023.) Бирок, бир күндөн кийин Евробиримдиктин министрлери, анын ичинде Франциянын тышкы иштер министри менен жолукканда, бул төңкөрүш Европанын кызыкчылыгы үчүн экенин жана толкундоолорун арттырбай турганын түшүндү! Ошентип, ал билдирүүлөрүн өзгөрттү!
  • Габондо жана башка Африка өлкөлөрүндө Францияны элдик четке кагуу маанйы бар. Франциянын президенти Макрон бир нече ай мурун бир канча Африка өлкөлөрүнө барып, ал жерде француз колонизаторлугуна каргыш айтылганын, Францияны четке кагууну көргөн. Макрон Габонго 2023-жылдын 2-мартында барган жана элдер аны каршы тосуп, аны Бонго режимин жана анын коррупциясын колдойт деп айыпташты. Макрон Францияга карата нааразычылык күчөп жатканын моюнга алып, Африка менен жаңы тең салмактуу, өз ара жана жоопкерчиликтүү мамиле курууга чакырды. Эл, өзгөчө жаш муун терроризмге каршы күрөш деген шылтоо менен француз күчтөрүнүн турушун колониялык мурастын көрүнүшү катары көрүп, жаңы көз карандысыздыкка чакырып жатышат. Франция бул төңкөрүштү Мали, Буркина-Фасо жана Нигерде болгон төңкөрүштөрдөн улам өз таасирин жана кызыкчылыктарын сактап калуу үчүн жасаган көрүнөт. Ал өлкөлөрдөгү төңкөрүштүн лидерлерине окшогон бир аскер командир менен өз таасирин күчөтүүнү, төңкөрүшчү аскерий командир болуп, Франциянын атынан аларга каршы турууну жана анын кызыкчылыктарын сактоону, же балким, алардын арасына кирип кетүүнү каалайт. Францияга жана анын кийлигишүү аракетине каршы союздаш болуп калгандан кийин аларды чаташтырат. Белгилей кетсек, Али Бонго ооруп, инсульттан улам 10 ай бою шал болуп калган. Ал өзүнүн психикалык жана физикалык жөндөмүнөн толук пайдалана албагандыктан, Франция аны ошол эле үй-бүлөдөн башка малайга алмаштыргысы келет деген имиштер бар. Бонгонун чөйрөсү жана уулу Нуреддин Бонго баш болгон иштерди көзөмөлдөгөндөр төңкөрүшчүлөр тарабынан камакка алынганы төңкөрүшчүлөр элди алдап, лоялдуу көрүнүш үчүн жасалууда. Анткени, камакка алынгандар эл тарабынан айыпталып жаткандар болот.
  • Габондогу төңкөрүшкө байланыштуу Американын позициясына келсек, Аль-Жазиранын 2023-жылдын 30-августундагы санында мындай делет: “Ак үйдүн басма сөз катчысы: “Биз кылдаттык менен байкап жатабыз, эмне болуп жатканы тынчсыздандырат. Биз демократияны колдоого жардам берүү үчүн африкалык өнөктөштөрүбүз жана континенттин эли менен иштөөнү улантабыз”, – деди. Бул баракчада АКШнын БУУдагы өкүлү Линда Томас Гринленфельддин ушул билдирүүсү келтирилген: “Кошмо Штаттар Габондогу төңкөрүштү жана аскерлердин бийликти күч менен басып алуу аракетин айыптайт. Габондогу төңкөрүшкө байланыштуу Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү менен консультация жүрүп жатат жана биз эмне болуп жатканын текшермейинче чара көрбөйбүз”. Америкалык аскер кызматкери Аль-Жазирага мындай деди: “Америка администрациясы Габондогу окуялардан кабардар жана кылдаттык менен көзөмөлдөп турат жана анын Габондогу элчилигин коргоо милдети жүктөлгөн күчтөрдөн башка ал жерде аскерий позициясы жок”. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Мэттью Миллер мындай деди: “Америка Кошмо Штаттары Габондогу окуялардын өнүгүшүнө абдан тынчсызданып жатат жана биз бийликти аскерий түрдө басып алууга же конституцияга каршы жол аркылуу өткөрүп берүүгө катуу каршыбыз”. (BBC, 30.08.2023). Бул Американын Нигерге карата позициясынан айырмаланып турат, аны биз 2023-жылдын 15-августунда жарыяланган суроо-жоопто кеңири айтканбыз. Франция бардык саясий, экономикалык жана аскерий чөйрөлөрүн башкарып турган Габондогу реалдуулукка Америка ушул кезге чейин кире алган эмес. Бул 2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин Мухамед Базум жана анын мурунку президенти Мухамед Иссуфу аркылуу кире алган Нигердегиден айырмаланып турат. Габондогу төңкөрүштүн лидери Нгема Американын таасиринен алыс, Марокконун Мекнес шаарындагы аскердик колледжди бүтүргөн. Ал маркум президент Умар Бонгонун атайын кеңешчиси болуп иштөөгө кайтып келген жана бийликтен кулатылган президент Али Бонго менен аталаш бир туугандар. Бирок, оппозиция жана анын талапкери да Американын тарапташы же малайындай көрүнбөйт. Тескерисинче, Америка оппозициянын талапкери Альберт Ондо Осаны колдой турганын жарыялаган жок, тескерисинче, демократияны колдоону талап кылып, төңкөрүштү катуу айыптады.

Африка жана Азиядагы бардык көз каранды өлкөлөр сыяктуу Габондо да демократияга, эркиндикке, улутчулдукка жана мекенчилдикке чакырып сайрагандар, бийликке жетүү же бийликте калуу үчүн колонизатор өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын камсыздаган малайлар экенин көрүп жатабыз. Алар колонизатордун малайлары экенине, колонизатор өлкөлөрдүн компаниялары алардын өлкөлөрүнүн байлыктарын талап-тоногонуна маани беришпейт жана алар өз өлкөсүнүн байлыгын талап-тоногон бул компаниялардан алган ит жемине компойушуп, бул колонизаторлор компаниялар алардын элин жакырчылыкка, ачкачылыкка жана ооруга дуушар  кылып таштап кеткенине ыраазы. Тескерисинче, алардын ысырапкорчулугун айынан бат эле бошоп калган бюджетти толтуруу үчүн жарандарына салык салууга өтүшөт. Эл үчүн Габондогу жана башка жерлердеги бул колонизаторлордун малайларын кулатуудан жана аларды саясий чөйрөлөрдөн жана бардык чөйрөлөрдөн бүтүндөй шыпырып салуудан башка эч кандай кутулуу жок. Ошондо ааламдын Жаратуучусу болгон кудуреттүү Аллахка чын ыкластан ыйман келтирип, Анын мыйзамын акыйкат жана адилет туура колдонгон Халифалыктын саясында гана Габон калкы жана акыйкаттын, хидаяттын, ырайымдын дини болгон Исламдын көлөкөсүн издеген башка элдер да коопсуздукта, тынчтыкта, бейкутчулукта, жакшылыкта жашашат.

﴿يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَتْكُمْ مَوْعِظَةٌ مِنْ رَبِّكُمْ وَشِفَاءٌ لِمَا فِي الصُّدُورِ وَهُدًى وَرَحْمَةٌ لِلْمُؤْمِنِينَ﴾

«Эй инсандар, силерге Раббиңерден насаат, дилиңердеги нерселерге шыфаа жана муминдер үчүн хидаят жана рахмат келди»                                                                                        [10:57]

    20-сафар, 1445-х.

5-сентябрь, 2023-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here