Байден “Бир алкак – бир жол” долбооруна альтернатива болгон АКШ долбоорун жарыялады

7915
0

Байден “Бир алкак – бир жол” долбооруна альтернатива болгон АКШ долбоорун жарыялады

АКШ президенти Жо Байден менен анын союздаштары т.а. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен G20 саммитинде Кытайдын “Жибек жолу” долбооруна альтернатива болгон долбоорду жарыялашты. Аталган долбоор Индияны Жакынкы Чыгыш жана Европа менен байланыштыра турган темир жол жана жүк ташуу коридорун камтыйт.

Байден “Бул чоң иш! Бул чындап эле чоң иш!” деп жарыялаган бул долбоор Кытайдын “Бир алкак – бир жол” деп аталган замабап Жибек жолу долбооруна альтернатива катары каралууда. Алардын билдиришинче, бул долбоор сооданы өнүктүрүүгө, энергия ресурстарын ташууга жана санариптик байланышты жакшыртууга көмөктөшөт.

“Бул долбоор экономикалык өсүштү күчөтөт, Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерди бириктирүүгө жардам берет жана аймакты, жакынкы тарыхта болгону сыяктуу “кыйынчылык, жаңжал же кризистин булагы” эмес, тескерисинче экономикалык активдүүлүк борборуна айландырат”, – деди Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан.

Эске сала кетсек, Кытай Европаны камтыган “Бир алкак – бир жол” долбоору үчүн дээрлик 150 мамлекет менен келишим түзгөн. Жибек жолунун заманбап варианты болгон “Бир алкак – бир жол” үч континентте, кургактык жана деңиз ортосунда коридор пайда кылууну көздөйт. Демилгенин артында турган Кытай 1 триллион доллардык долбоор Европа, Азия жана Африка ортосунда соода каналдарын ачууну көздөгөнүн билдирип келет.

Комментарий: АКШ конгресси “Жибек жолу” стратегиясын өткөн кылымдын 90-жылдарында кабыл алган болчу. Эксперттердин билдиришинче, АКШнын мындан көздөгөн негизги максаты – Россия менен Кытайдын ортосунда мамилени бузуу о.э. Орто Азияда өзүнүн таасирин күчөтүү жана бул жердеги байлыктарды ташып кетүү болгон.

Америкалык «Unocal» мунай компаниясынын эл аралык алакалар боюнча башчысынын орун басары Жон Марио 1998-жылы 12-февралда Америка конгрессинин эл аралык мамилелер боюнча комиссиясы алдында сүйлөгөн сөзүндө, Орто Азия, анын мунай жана газ запастары о.э. жаңы «Жибек жолу» долбоорунун бул маселеде ойной турган ролу жөнүндө сөз кылып, жалпысынан төмөнкүлөрдү айткан:

“Орто Азия, табигый ресурстарга бай өлкө. Бул ресурстар жемиштүү саясий ишмердүүлүккө жана аймактык кызматташтыкка үндөөчү факторлорду пайда кылып, аймактар аралык сооданы жандантууга салымын кошот”. “Орто Азияда жаратылыш газы мол экендигин эсепке алып, биз жогорудагы табигый булакты ыктымал болгон эң жакын базар менен байланыштырууну көздөп жатабыз”. “Орто Азия жана Каспий деңизи аймагы мунай жана газга бай болуп, бул энергия Европа жана Азиянын өсүп бара жаткан талабын канааттандырышы мүмкүн. Бул булактардын АКШнын соода кызыкчылыктарына жана тышкы саясатына тийгизе турган таасири да аябай чоң жана аларга бекем байланышкан”. “Жибек жолу Эки миң жылдан көбүрөөк убакыт Орто Азия, Европа жана Азиянын туташуу чекити о.э. Чыгыш менен Батыш ортосундагы байыркы соода жолдорунун кесилиши болуп келди”. “Орто Азия тарыхта Европа менен Азияны туташтыруучу чекит болгону сыяктуу эле, азыр да мына ошол эки аймактын базарларына кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон өтө манилүү позицияда турат”. “Албетте, жаңы «Жибек жолу» Орто Азиянын мунай жана газын талап бар болгон базарлар менен байланыштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Марио конгресс өкүлдөрүнө Афганистанда Американын кызыкчылыктарына үндөш туруктуу өкмөт пайда болушу Орто Азиядагы мунай жана газды ташып кетүү үчүн өтө маанилүү экендигин айтып, мындай деген: “Афганистан аркылуу алып өтүү көздөлүп жаткан мунай кууру – болор-болбос техникалык тоскоолдуктарды эсепке албаганда – эң абзел болуп көрүнүүдө. Себеби, ал деңизге алып чыга турган эң кыска жол болуп эсептелет о.э. башка жерлерге салыштырмалуу, куурларды жаткыруу үчүн да ыңгайлуу. Афганистан аркылуу өтө турган куур Орто Азия мунайын Азия базарына жакын жерге жеткирип берүүгө шарт түзөт. Арийне, мунайды узатуунун чыгымы да азыраак болот. А бирок, Афганистандагы жаңжалды чечмейинче, аймактар аралык мунай жана газ куурун жаткыруу долбоорун ишке ашыруу мүмкүн эмес. Ошондуктан биз Америка админстрациясын жана Конгрессти Афганистанда тынчтык орнотуу боюнча БУУ жетекчилигинде ишке ашырылып жаткан тынчтык жараянын колдоого чакырабыз”.

Көрүнүп тургандай, АКШ Афганистан маселесин чечкен соң Кытайдын “Бир алкак – бир жол” демилгесине сокку берүүнү күчөтүүдө. Себеби, Америка Кытайды эл аралык масштабда өзүнүн номер биринчи атаандашы деп билет. Буга Кытай экономикасы Америка экономикасынан тезирээк өсүп бара жатышы жана жакынкы жылдарда дүйнөдөгү 1-экономикага айланып калуу менен коркунуч жаратып жатышы себеп болууда. Кытайдын экономикалык кубаты өсүп барышы анын аскерий кубаты күчөшүнө  алып бара жатканы даана көрүнүп турат. Бүгүнкү күндө Кытайдын аскерий тармакка бөлүнгөн каражаты да жылдан-жылга өсүп бара жатканы жана Кытай армиясынын салттуу жана ядролук мүмкүнчүлүгү өнүгүп бара жатканы да муну тастыктап турат. Буга кошумча түрдө, Кытай 2010-жылы чыгарган жана 2013-жылдан бери ишке ашырууга аракет кылып жаткан “Бир алкак – бир жол” долбоору да бир катар мамлекеттерде, айрыкча, Азияда Кытайдын саясий жана экономикалык таъсирин күчөтүүдө. Булардын бардыгы АКШны Кытайга каршы аракет кылууга үндөйт. Ошондуктан, Америка Кытайды тизгиндөө үчүн анын аймактык кубаты өсүшүнө тоскоолдук кылууга, анын ичинде Орто Азия тарапка кеңейишине да жол бербешке аракет кылууда.

Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө Ислам мамлекети жок. А бирок – инша Аллах – анын тикеленишине эч кандай шек күмөн жок. Халифалык мамлекети тикеленери менен Шаръий өкүмдүн талабына ылайык, “Жибек жолу” долбоору жана “Бир алкак – бир жол” долбооруна кирген бардык Исламий өлкөлөрдү карамагына алат. Мына ошондо Халифалык мамлекети АКШга да, Кытайга да жана башка душман мамлекеттерге да өз ордун көрсөтүп коёт.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here