Ыплас системалар заманындагы эл аралык күрөш жана согуштар

2646
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ыплас системалар заманындагы эл аралык күрөш жана согуштар

 Устаз Хамд Табиб – Байтул Макдис

Күрөштөр жана согуштар темасында жаңы-жаңы ыплас көрүнүштөр өтө көп жана ар түрдүү. Алар дүйнөдө өкүм сүрүп жаткан адамдар тарабынан ойлоп табылган системалар идеологиясынан келип чыккан. Адамдар ойлоп тапкан система жана диндер, адамдын жашоосун тартиптештирүү үчүн ошол система жана диндер үстүнө курулган мыйзам жана мыйзамчылык, шексиз, жараксыз жана кемчиликтүү. Анткени, алар акылды канааттандырбайт жана туура табиятка ылайык келбейт. Аларда биринчи кезекте тууралык, кала берсе, кеңири көлөмдүүлүк жок. Бул кулап жок болгон коммунисттик системада жана кулап бара жаткан капиталисттик системада ачык-айкын көрүнөт. Кээ бир адамдар ушул системаларга таандык кишилердин илимий тармакта жетишкен ачылыштарын жана инновацияларын адамдык жак менен аралаштырып жиберишет. Мисалы, америкалык бир капиталист ажайып бир нерсени ойлоп таап, өнүктүргөнүн көрүп, буга мыйзамчылык жана мыйзамдарды кыястайт. Түпкүлүгүндө, бул жаңылыш кыястоо. Бул эки нерсенин ортосунда чоң айырма бар жана алардын ортосунда таптакыр жакындашуу жок. Анткени, илим жана анын мыйзамдарын Аллах Азза ва Жалла жаратып, аларды материяга киргизген. Ал эми, адам аларды киргизе албайт, а балким, аларды ачат жана табат. Мисалы, суу мыйзамы эки кислород атомунан жана бир водород атомунан турат. Бул мыйзам Аллах жер-асманды жараткан күндөн бери өзгөрбөгөн жана алмашпаган. Башка заттардагы мыйзамдар да ушундай. Бардык инсндар жана жиндер топтолгон учурда да суунун түзүлүш мыйзамын таптакыр өзгөртө алышпайт.

Бирок, инсаний жакка т.а. адамзат турмушун тартипке салган мыйзамдарга келсек, Аллах Азза ва Жалла бул мыйзамдарды материяга жайгаштырбады, балким, бул мыйзамдар Ага гана хос болушун абзел билип, аларды адамга вахий аркылуу жеткирди. Адам канчалык акыл жагынан өсүп-өнүкпөсүн, туура түзүмдү таба албайт. Буга адамдын өтмүш тарыхы менен учурдагы абалы далил. Адамзат Адам алайхиссаламдын заманынан бери бир да туура түзүмгө жол таба албады, пайгамбарлык жардамында гана жол тапты. Пайгамбарлыксыз адамзат күн жана жылдызга, таш-даракка сыйынып келди о.э. киши өзүнүн кызына жана карындашына үйлөнүшү сыяктуу тууганчылыктын бузулушуна алып келген, анын инсанийлигине бүтүндөй туура келбеген мыйзамдарды иштеп чыкты. О.э. адамдар бири-биринин этин жеп, өлтүрүү жана кан төгүүдөн кайра тартпаган, адамды бүтүндөй айбанга айланткан мыйзамдарды да мисал кыла алабыз. Бирок, темабызга кайтсак. Ыплас системалар заманындагы эл аралык күрөш жана согуштар:

Биринчи: бүгүнкү күндө мамлекеттер ортосунда болуп жаткан эл аралык күрөш жана жаңжалдардын, кыргын согуштардын себептери.

Бул согуштар кыйратуу о.э. атом бомбалары же массалык кыргын куралдарын ишке салуу ыктымалы менен тарыхтагы коркууну кайра алып келип, бүткүл дүйнөнүн тынчын бузуп жатат. Жакынкы же мурунку тарыхта болуп жаткан бул күрөштөрдүн себептери социализм жана капитализм системаларына амал кылуудан келип чыкты. Эки система тең материяны ыйыктайт жана адамдарга материалдык кызыкчылыктан келип чыгып мамиле кылат. Мыйзамдарды иштеп чыгуу, аларга өзгөртүү киргизүү же алмаштыруу үчүн акыл эркин коюлган, бул төрт эркиндикке о.э. акыл кызыкчылыгына жана ыплас материалдык кызыкчылыкка таянылып ишке ашырылат.

Экинчи: ири мамлекеттер согуш жана душмандык сыяктуу эл аралык күрөштөрдү чыгаруудан көздөгөн максаты – материалдык кызыкчылыктар жана колонизаторлукка байланышкан байлыктар.

Бул мамлекеттердин согуштары жаңы-жаңы жана ар түркүн. Мисалы, биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштар сыяктуу өзүлөрү түздөн-түз катышкан согуштар, же Ирак жана Афганистан сыяктуу күчсүз мамлекеттерге өзүлөрү түздөн-түз чабуул кылган согуштар, же болбосо Ирак-Иран, Ямандын эки бөлүгүндөгү, Судан-Эфиопия, Армения–Азербайжан сыяктуу өзүлөрү парда артында туруп башкарган согуштар, же учурда болуп жаткандай Украина согушу жана башка көптөгөн жаңы-жаңы согуштар. Бул согуштардан максат колонизатордук болуп, гегемондукка жана өкүмдарлыкка жетүү, байлык жана базарларга ээ болуу максатында таасир талашуу үстүндөгү өз ара күрөш көздөлгөн.

Үчүнчү: бул ыплас системалар пайда болгондон бери эл аралык күрөштөрдүн, айрыкча, адамзатка каршы согуштардын акыбеттери жана дүйнөнүн көптөгөн региондорундагы азап-кыйынчылыктар.

Ооба, бул күрөштөр адамдарга аскерий колония, кыргын, ойрондулук жана кыйроодон башка нерсе алып келбеди. Буга биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштардын акыбетинде жүзөгө келген курман жана майып болгондорду ж.б.у.с. мисал кылса болот. О.э. муну Шам, Сомали, Судан жана Яманда болуп жаткандай качкындар, жакырлар жана иммигранттар мисалынан көрүүгө болот.

Төртүнчү: Украина согушу жана анын ушул ыплас системага байланышы.

Украина согушундагы максат капиталисттик мамлекеттердин, өзгөчө, Американын максаттарына тыгыз байланышкан. Американын максатына келсек, ал өзүнүн эл аралык үстөмдүгүн жана дүйнөдөгү гегемондугун сактап калмакчы. АКШ Россия менен Кытайдын ортосундагы учурдагы союзду өзүнүн бул гегемондугуна коркунуч деп билди. Кытайдын экономикалык жана аскерий кубатына да өзүнүн таасирине жана өкүмдарлыгына коркунуч катары карады. Америка анын канатынан чыкмакчы болгон Европанын умтулууларын да өзүнүн өкүмдарлыгына жана эл аралык жеке гегемондугуна коркунуч деп эсептеди. Ушул себептерден улам, Америка ушул карамүртөз согуш отуна май чачып жалындатты о.э. согуш басаңдап кетсе, кайра жалындатып турду. Бул согуш бүткүл дүйнөгө экономикалык кыйроону алып келди, Европа мамлекеттеринде инфляция жана баалардын жогорулашына себеп болду, миллиондогон украиналыктарды иммигранттарга айлантты жана кыргын куралдарынын ишке салынышынан коркуу жана тынчсызданууну пайда болду.

Бешинчи: бул согуштун келечеги кандай? Ал Американын максаттарын толук жүзөгө чыгаруу үчүн кеңейеби, мисалы, өткөн кылымдагы биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштар сыяктуу кеңейгендей же Корея согушу жана Вьетнам согушу сыяктуу болобу?

Бул согуштарга назар салсак, алар Украина-Россия чегараларында токтоп калбай, тескерисинче, кеңейүүнү баштаганын көрөбүз. Америка Тынчтык Океаны регионунда жана Кытай деңизинде QUAD жана AUKUS сыяктуу союздардын санын дагы да көбөйтүүгө киришти. Америка учурда Украина согушуна кошумча Тайвандда Кытайды провокация кылып жатат. Америка бул нерселер дүйнөгө кандай кризистер, кыйроолор, качкындар жана башка кырсыктарды алып келип жатканын таптакыр ойлобой жатат.

Алтынчы: мындай жырткыч күрөштөр себептүү болуп жаткан кыйроо жана ойрондулуктардан кутулуунун жолу кандай? Бул согуштардын натыйжалары ыплас системаларга байланыштуу. Мындан улам, бул системалар жана ушул системаларды негиз катары кабыл алган мамлекеттер жок кылынмайынча бул согуштардын карамүртөздүктөрүнөн кутулуп болбойт. Адамзаттын бул согуштардан кутулушунун туура жолу – илахий түзүмдүн өкүмдарлыгы. Себеби, бул түзүм ушундай бир ырайымдуу роббаний минхаж болуп, ал адамзатка кызыкчылыктар негизинде эмес, куткаруу жана хидаят назары менен карайт. Бул роббаний минхаж жер жүзүндө болжол менен 1300 жыл өкүмдарлык кылды о.э. анын жолдоочулары душман күчтөргө каршы көптөгөн согуштарга киришти.

Бул минхаж идеясын жаюу тарыйкаты кандай болгон? Фатх кылынган өлкөлөрдөгү адамдарга кандай мамиле кылынган? Анын максаттары кандай? Адамдарга кандай таасир кылган?

Бул минхаж тарыйкаты өлкөлөрдү фатх кылууда өзүнүн мабда-системасына байланды жана роббаний рахмат жаюуну максат кылды, адамдардын байлыгын бир күн да ойлогон жок, аларга зулум кылбады, ойрондулук жана кыйроолорго себеп болбоду, муну көргөн адамдар Исламга топ-топ болуп кирип келишти. Мындан айырмаланып, адамдар колонизаторлук жолду нааразылык  жана каршылык менен күтүп алышты жана аны өз өлкөлөрүнөн чыгаруу үчүн согушту.

Бүгүн болуп жаткан бул согуштар, Украинада болобу, башка жерлерде болобу, алардан кандай себеп жана максаттар көздөлгөнүнө карабастан, жакында бул ыплас түзүм жана системалардын күнү бүтүшүнөн, алардын ордун хидаят, рахмат жана мээрим түзүмү ээлешинен кабар берүүдө. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык көлөкөсүндөгү ушул Ислам түзүмү бүткүл адамзатка береке жана хидаят катары жеткирилет жана аны менен адамзат капитализм системасынын урандыларынан, бактысыздыктарынан жана ач көздүктөрүнөн кутулат.

 Роя гезити, №432, 2023-жыл, 1-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here