Куддусту колдоп-кубаттоо конференциясы жана Мисирдин түпкү ролу!

1222
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Куддусту колдоп-кубаттоо конференциясы жана Мисирдин түпкү ролу!

 Доктор Ибрахим Тамимий

Хизб-ут-Тахрирдпн мубарек Фалестин

жериндеги маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Каирде Араб Мамлекеттеринин Лигасы өткөргөн Куддуска байланыштуу акыркы конференция «Бекемдик жана өнүгүү» деп аталды. Конференция Араб Мамлекеттеринин Лигасынын кеңеши өткөн жылдагы акыркы жыйынында тышкы иштер министрлери даражасында жана Алжирдеги Араб мамлекеттеринин саммитинде кабыл алынган токтомдорду ишке ашыруу үчүн уюштурулду. Жыйында Араб Мамлекеттеринин Лигасы куддустуктарды саясий жана экономикалык жактан колдоп-кубаттоо арабдардын да, дүйнөдөгү ар кандай тынчтыкты сүйгөн адамдын милдети экенин баса белгиледи. Мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер, Фалестин администрациясы жана фракциялары ачыктан-ачык мунафыктык кылышып, жалган айтып бул нерсени Фалестин жана Куддус маселесинин жеңиши деп шерменде болушту. Биз ушул макалабыз аркылуу конференциянын түпкү маңызын жана акыркы кездерде Мисир режими ойноп жаткан ролду ачып бермекчибиз.

Сөзүбүздү конференциянын саясий жагынан жана конференцияны өткөрүү себептеринен баштайбыз:

Бул конференция абалды көзөмөлгө алуу жана маселени саясийлештирбей жөнгө салуу үчүн АКШнын региондогу акыркы интенсивдүү иш-аракеттеринен кийин болуп өттү. Башкача айтканда Батыш Жээкти аннексия кылуу, Акса мечитиндеги учурдагы абалды өзгөртүү о.э. яхудий вужудунун күн тартибиндеги башка пландары каралган жок. Анткени, яхудийлердин бул пландары окуялардын жарылышына алып келип, учурда мындан чоңураак маселелер, өзгөчө Кытай жана Россия маселеси жана Европада болуп жаткан иштер менен алек болгон Америка Фалестин маселесин негизги маселеге айланып, аны менен алек болууга мажбур болушу мүмкүн. Ошондуктан, конференция саясий фактыларды четтеп өттү. Бирок, конференцияда Куддус маселеси өзгөчөлөнүп турду.

Азыр Рамазан айында турабыз, баарынын көзү Куддусту караган. Рамазан менен яхудийлердин майрамы да бир маалга туура келүүдө. Союздар, келишимдер, сунуштар жана жоопкерчиликтер негизинде түзүлгөн яхудийлердин улутчул өкмөтүнүн тушунда абалдын жарылышынын ыктымалы күчөп жатат. Бул жоопкерчиликтердин бир бөлүгү Куддус жана Акса мечитине байланыштуу болуп, өкмөт бул пландарына олуттуу карап жатат. Нетаньяху Американын «эки мамлекет» чечимин саясий жактан жокко чыгара турган ар кандай иш-чараларга жол бербөө жөнүндөгү талабын колдоп жаткандай болуп жатат. Бирок, түпкүлүгүндө, Нетаньяху ишке ашыруунун убагы келди деп эсептеген өзүнүн саясаттарын мубарек жерде жүзөгө чыгарууга аракет кылууда. Бул туурасында далилдер көп. Алардын катарында, бир нече күн мурун Батыш Жээкте 10 миң турак-жай куруу долбоору тастыкталды. Бул акыркы далил эмес. Андан тышкары, яхудий вужудунда ички кризис улам курчуп бара жаткандыктан Нетаньяху менен яхудий өкмөтү кризистен качып, Жээк жана Куддуста абалды курчутууга өтүшүнүн ыктымалы бар. Ушул себептен улам, бул конференция яхудий вужуду ашыкча курч абал жаратпашы үчүн «басым» катары өткөрүлүүдө.

Муну Сисий менен Абдуллахтын билдирүүлөрүнөн жана яхудий вужудунан суранууларынан ачык көрүүгө болот. Т.а. алар абалдын ашыкча курчушуна, Жээк жана Куддустагы кырдаалдын татаалдашуусуна, Акса мечитиндеги абалдын өзгөрүшүнө жол бербөөнү о.э. «эки мамлекет» чечимине ылайык тынчтык келечегин жокко чыгарбоону жийиркеничтүү яхудий вужудунан суранышты. Бул режимдердин пикиринде «эки мамлекет» чечими жаңжалды токтотуу, Фалестин маселесин жок кылуу, яхудий вужудун жана анын чирик тактысын мүмкүн болушунча узакка сактап туруу үчүн эң ылайык чечим. О.э. алар яхудий вужудунун кылмыштары алдында унчукпай турбай, аракет кылып жаткандай көрсөтүү менен мусулман өлкөлөрүндөгү коомдук пикирди алдоого урунуп жатышат. Бирок, бул нерсенин бети ачылып, ал тургай, катардагы адамдарга да белгилүү болуп калды.

Конференциянын уюштуруучусу болгон Мисир режиминин ролунун түпкү маңызы:

Мисир режиминин региондогу ролуна, өзгөчө, Фалестин маселесиндеги ролуна үстүртөн назар салуу бул роль тил бириктирүү жана малайлык экени ашкере болот. Анын аракеттерине бир аз терең карасак, бул кооптуу жана кара ниет роль экенин көрүү кыйын эмес. Мисир режими региондо чоң салмакка жана өзүнүн пландаган максаттарына ээ. Ал – региондо белгилүү бир саясий таасири бар жана Фалестин маселесине күчтүү таасири кылган өлкө. Бул режимдин мубарек жер менен географиялык жактан түздөн-түз байланышы бар жана Газа секторундагы фракцияларга чоң таасири бар. Мисалы, Мисир бир нече күн мурун абалды биргеликте үйрөнүү, разведка кызматы иш-аракетти тартиптештирүү максатында фракцияларды Каирге чакырды. Газа үчүн кан тамыр эсептелген Рафах өткөрүү пунктун көзөмөлдөп жаткан да, яхудий вужуду менен токтобой бекем алака орнотуп жаткан да ушул Мисир режими болот. Жада калса, ал Куддусту колдоп-кубаттоо конференциясы менен бирге, таптакыр уялбастан яхудий вужуду менен жолугушту. Жолугушууда Жер Ортолук деңиздин чыгышында яхудийлер талап-тоноп жаткан суюлтулган газдын көлөмүн көбөйтүп, Европага чоң көлөмдө сатуу үчүн Мисирдеги суюлтуу станцияларына өткөрүү маселеси талкууланды.

Мисир режиминин максаттарына келсек, ал абалды көзөмөлгө алуу жана жарылып кетишине жол бербөөдө Кошмо Штаттарга ыклас жана курмандык менен кызмат кылат. Американын абалды көзөмөлгө алуу жолу – абалды курчутпоо үчүн яхудий вужудуна басым өткөрүү. О.э. ал мубарек жерде баскынчы вужуд дээрлик күн сайын ырайымсыз кылмыштарды жасап жатканына карабастан, яхудий вужудунун кылмыштарына жооп катары кескиндик жүзөгө келбеши үчүн Фалестин фракцияларына басым өткөрдү. Ал эми, эң кооптуусу – фракциялар Мисир режиминин саясий көрсөтмөлөрүнүн алкагында өз чечимдерин өзгөртүшү… Бул фракциялар этият болушу керек болгон эң кооптуу нерсе болуп эсептелет. Себеби, эгер алардын чечим-токтому Мисир режиминин колуна өтө турган болсо, бул баарынын аракети токтотулат дегенди түшүндүрөт. Негизи, учурда абал ушуга карай бара жатат. Эгер, бул жүз берип, Мисир режими яхудийлерге жооп кайтаруу үчүн фракцияларга жашыл чырак жандырса, бул жашыл чырак Американын яхудий өкмөтүнө басым өткөрүү же кулатуу жөнүндөгү көрсөтмөсүнүн негизинде болот. Ошентип, Мисирдеги бул кылмышкер режим яхудий вужудуна каршы согуштар, жихадий операциялар жана курмандыктарды Американын буйругу менен яхудийлердин ички саясатына таасир өткөрүүгө буруу үстүндө иштеп жатат. Курмандыктар Уммат жана анын кошуундарын сапарбар кылуу аркылуу мубарек жерди азат кылуу үчүн болушунун ордуна ушундай болууда. Башкача айтканда, Мисир күрөштү яхудий вужуду мубарек жердин баскынчысы, аны жок кылуу керек деген күрөштөн яхудий вужудунун өкмөтүнө каршы күрөшкө айлантмакчы. Бул фракциялар этият болушу керек болгон чоң ката.

Корутунду: бул конференция жана конференциядагы сунуштар мусулман өлкөлөрүндөгү бул режимдер канчалык саткын экенин жана Фалестин маселесинен баш тартышканын көрсөтүп турат. Негизи, бул жаңылык эмес, тескерисинче, Араб Мамлекеттеринин Лигасы түзүлгөндөн бери уланып келе жаткан абал. Мисалы, 1946-жылы Лиганын биринчи «Иншас саммити» өттү. «Фалестин маселеси арабдардын наамы» деп аталган бул саммиттен яхудийлердин көчүп келишин алдын алуу максат кылынганы айтылган. Арадан эки жыл өткөндөн кийин ушул режимдер алты араб армиясы жеңилүүгө учураган сахналашкан оюнда Фалестинди яхудийлерге тапшырышты! Бүгүн да бул режимдер ушул ураандарды кайталап жатышат. Түпкүлүгүндө, алардын ниети БУУнун резолюциялары жана «эки мамлекет» долбоору аркылуу яхудий вужудун Фалестиндин көпчүлүк бөлүгүнө бекем жайгаштырууну көздөйт. Алар эл аралык коргоо деген нерсени талап кылып, мубарек жерди экинчи, үчүнчү жана төртүнчү ирет басып алынышын камсыздашмакчы. Алардын ниети ушул. Бирок, бул режимдер Куддусту колдоп-кубаттоо ураанын жамынып алып, инвесторлор жана суверендүү фонддорго кордук менен жалынуу жана алардан арзыбаган акчаларды алуу аркылуу ушул карамүртөз ниеттерин жашыра алышпайт!

Шексиз, мындай конференциялар Фалестин масеелесине каршы тил бириктирүү болуп, душманды токтотпойт жана коркунучту алдын албайт. Фалестиндеги абал чындыгында өтө кооптуу. Фалестин калкы Умматтан жана Уммат кошуундарынан нусрат сурап жатат о.э. Уммат тарыхында Расулуллах ﷺдын Исра жери болгон мубарек жерде дагы да көбүрөөк кордук боло электе мындай маскарапоздукту токтотууну жана тезинен бул жерди азат кылууга аракетке келүүнү каалап жатышат

 Роя гезити, №432, 2023-жыл, 1-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here