Халифалык кантип тикеленет?

2872
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Халифалык кантип тикеленет?

 Шейх Исам Амира

Хак Табарака ва Таала айтты:

﴿الَّذِينَ إِن مَّكَّنَّاهُمْ فِي الْأَرْضِ أَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ وَأَمَرُواْ بِالْمَعْرُوفِ وَنَهَوْا عَنِ الْمُنكَرِ وَلِلَّهِ عَاقِبَةُ الْأُمُورِ﴾

«Эгер, Биз аларды жер жүзүнө үстөм кылсак, алар намазды толук аткарышат, зекетти беришет, жакшылыктарга буйрушат, жамандыктан кайтарышат. (Бардык) иштердин акыбети Аллахтын (эркинде)»                                                                                     [22:41]

Заххак бул аяттын тафсиринде: «Бул Аллах Азза ва Жалла мүлк берген кишилерге койгон шарты», – деди. Ибн Ашур мындай деген: «Аяттагы намаздын аткарылышына келсек, ал динди тикелөөгө жана аны жүрөктөгү таасирин жаңылоого далалат кылат. Зекет болсо, Уммат мүчөлөрү турмуш түзүмүндө өз ара жакын болушу үчүн берилет. Жакшылыкка буйруу жана жамандыктан кайтарууга келсек, Умматтын бардык мүчөлөрү Ислам мыйзамдарына өз ыктыяры менен амал кылуулары үчүн». Сабах ибн Савад Киндий айтат: «Мен Умар ибн Абдулазиздин адамдарга хутба кылганын уккам. Ал:

﴿الَّذِينَ إِنْ مَكَّنَّاهُمْ فِي الْأَرْضِ﴾

«эгер, Биз аларды жер жүзүнө үстөм кылсак», деген аятты окуп, мындай деген: «Билип койгула, бул аят жалаң жетекчиге гана тиешелүү эмес, а балким, жетекчиге да, жаранга да тиешелүү. Мен силерге жетекчинин жаран, жарандын жетекчи үстүндөгү акысынан кабар берейинби? Силердин жетекчи үстүндөгү акыңар – ал силерден үстүңөрдөгү Аллахтын акысын алат жана силерге башка бириңер үстүндөгү акыңарды алып берет, колунан келгенче силерди эң туура жолго жетектейт. Жетекчинин үстүңөрдөгү акысы – бул итаат. Баш тартпастан, мажбурлоосуз жана сырын ашкере кылбай, каршы чыкпай итаат кылышыңар керек».

Өткөн заман жана кылымдарда факихтер өз эмгектеринде Ислам мамлекетин тикелөө жөнүндө жазышпаган. Себеби, алар Ислам малекети болгон жана туруктуу турган убакта жашашкан, бир күн келип бул мамлекети кулап кетерин ойлоруна да келтиришпеген. Бирок, алгачкы Ислам мамлекети тикеленгенден кийин он үч кылым өтүп мамлекет кулатылды… жана кулатылганына жүз жылдан ашты. Мустафа Кемал жана аны тарапкерлери англистердин жардамында Усманий Халифалык мамлекетин кулатышканда – Стамбулда шайхул Ислам Мустафа Сабрий, Индиядагы Деобанд университетинен бир нече уламалар сыяктуу – көптөгөн уламалар каршы чыгышты. О.э. Ахмад Шавкий сыяктуу акындар Халифалыкка атап ырларды жазышты… Бирок, Мустафа Кемал бул улама-акындарга – Аллах алардын баарын рахматына алсын – каршы күрөштү жана ооздорун жапты, камакка таштады жана сүргүн кылды. Ал эми, алардан кийин келген уламалар, хизбдер, жамааттар жана кыймылдар түп-тамырынан өзгөртүү менен эмес, реформа алып баруу аркылуу Халифалыктын кулатылышы натыйжасында келип чыккан акыбеттер менен алек болушту. Алардын арасында ижтихад кылууга кудуреттүү мусулмандар Ислам мамлекетин тикелөө тарыйкатын шаръий тартиптүү негизге ылайык баян кылып беришкен жок. Ал эми, улуу аалым шейх Такийюддин Набаханий – Аллах рахматына алсын – буга кудуреттүү болду. Шейх Хизб-ут-Тахрирди негиздеп, өз калкын эч качан алдабаган, Расулуллах ﷺ жана анын сахабаларынын – Аллах бардыгынан ыраазы болсун – уюму баскан минхаж-жолду карманган Хизбге, уюмга айлантты.

Ислам мамлекетин тикелөө тарыйкаты, шексиз, шаръий өкүм болуп, айрымдар аны аткарса калгандарынан сакит болот. Бул өкүмдөр Аллах Тааланын اقْرَأْ «оку» деген сөзүнөн башталып, أنْذِرْ «эскерткин», كَبِّرْ «улуула», طَهِّرْ «аруула», اخْفِضْ «төмөн карма», اهْجُرْ «таштагын», اصْبِرْ «сабыр кыл», رَتِّلْ «даана-даана кылып оку», اذْكُرْ «эстегин», تَبَتَلْ «бүтүндөй берилгин», تَوَكَّلْ «тобокел кылгын»,   اصْدَعْ «ачык айт», أَعْرِضْ «жүз үйрү», احْكُمْ «өкүм жүргүз», تَوَلَّ «четтегин», ذَكِّرْ «эстеткин», هَاجَرَ «хижрат кылды» (хижрат кылгын) жана башка каламдарына чейин тынымсыз түшүп турду. Ушул тарыйкатты мындай баян кылсак болот:

Аллах Тааланын:

﴿وَلْتَكُنْ مِنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَأُوْلَئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ﴾

«Араңарда жакшылыкка (Исламга) даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир жамаат болсун, дал ошолор ийгилик табуучулар»                                                [3:104]

каламына ылайык, сахабалардын уюмундай Ислам негизинде уюм түзүлөт. Ушул сахабалар уюму вахий түшкөндөн кийин Меккеде Расулуллах ﷺдын астында түзүлдү. Ал өз аракетин улантты, ошентип, Мадинага хижрат кылууга уруксат берилди. Бул, ушул уюм менен ансарлар ортосунда түзүлгөн экинчи Акаба байъатына ылайык ишке ашты.

Уюмдун мүчөлөрү муракказ (бир чекитке каратылган) абалда сакафат алышат о.э. адамдар Ислам даъватынын жүгүн көтөрө ала турган даражага жетиши үчүн алардын исламий аклия жана нафсиясы калыптандырылат. Бул, Исламдын негизги пикилери жөнүндө жалпы аң-сезимден келип чыккан коомдук пикирди пайда кылуу үчүн коомдо аракет кылуу менен болот. Бул аракетте өкүмдарлар, саясатчылар, элита, уламалар жана катардагы адамдар тарабынан терс жана оң реакциялар болот. Кийин даъват күч-кубат менен биригиши үчүн күч-кубат ээлеринен нусрат талап кылынат. Натыйжада, өкүмдарлар кулатылып, Расулуллах ﷺдын алгачкы халифасы Абу Бакр розияллаху анхуга байъат кылынгандай, биринчи момундар амирине байъат кылынат.

Мамлекет тикеленгенден кийин халифа өлкө ичинде Исламды колдонуу жана Умматтын бардык энергиясынан пайдаланып, Аллахтын жолундагы жихад аркылуу Исламды өлкө тышына алып чыгуу менен алектенет. Мамлекет тикелөө үчүн аракет кылган уюмдун аракети баскыч талаптарына ылайык башка тармакка өтөт.

Устаз Ахмад Махмуд өзүнүн «Исламга даъват» китебинде айтат: «Ушул себептен улам, Расулуллах ﷺдын тарыйкаты вахий белгилеп берген жана ал бул жолдон кылча чыкпаган шаръий өкүмдөр экенин унутпашыбыз керек. Өзүбүз да ушул жолдон кылча чыкпашыбыз керек. Бул жерде ыкма, каражат жана формалар өзгөрүшү мүмкүн. Себеби, бул нерселер шаръий өкүм аткарылышы үчүн талап кылынган нерселерден болуп, Расулуллах ﷺдын ыктыярына тапшырылгандай, биздин ыктыярыбызга тапшырылган. Ислам диярын пайда кылуу да шаръий өкүм болуп, аны аткарбай, ага каршы чыгуу шариятка каршы чыгуу болуп эсептелет. Биз бул жолдо ыктыярдуу эмеспиз. Себеби, шарият биз үчүн максатты белгилеп, ага алып бара турган жолду да белгилеп берген. Бул жолдо тандоо жок, моюн сунуу гана бар. Демек, бул жолдогу кадамдарды шаръий нусустан (Куръан жана Сүннөт) башкасы белгилебейт. Биз жолдо бирер кадамды белгилөөдө акылга да, шартка да, кызыкчылыкка да көңүл бурбайбыз. Шаръий нусусту адамдардын нафси каалоосу эмес, нусустагы лафздардын далалатынан түшүнүп алабыз. Ал тургай, каалоо шариятты ээрчиши керек жана биздин милдетибиз Аллах Субханаху ва Тааланы ыраазы кыла турган иштерге амал кылуу. Ушуга ылайык, биз Расулуллах ﷺдын тарыйкатын түшүнүүбүз жана ал жүргөндөй кадам шилтеп, ал амал кылган баскычтарды жана ар бир баскычта аткарган иштерин белгилеп алышыбыз шарт».

Ушуга ылайык, Расулуллах ﷺдын Меккедеги доору «түшүнүлө турган жана бул туурасында ижтихад кылына шаръий нусус» болуп, Ислам мамлектин тикелөөдө андан үлгү алынышы керек. Муну менен, Аллахтын халифа кылуу, үстөм кылуу жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи Халифалык көлөкөсүндө коопсуздукту камсыздоо туурасында салих амалдарды кылган момундарга берген убадасы жүзөгө чыгат:

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَىٰ لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُمْ مِنْ بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً، يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً، وَمَنْ كَفَرَ بَعْدَ ذَٰلِكَ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْفَاسِقُونَ﴾

«Аллах силерден ыйман келтиргендерди жана жакшы амалдар кылгандарды, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким ушул (убада)дан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар»                                                          [24:55]

Аллахым, бизди Халифалыктын аскерлеринен жана Халифалыкты тикелөө үчүн олуттуу калыс аракет кылуучулардан кылгын. Оо, ырайымдуулардын ырайымдуусу, бул күндү бизге жакын кылгын.

 

Роя гезити, №433, 2023-жыл, 8-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here