Күч-кубат жана кадыр-кыймат Исламды колдонуу менен келет

246
1

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Күч-кубат жана кадыр-кыймат Исламды колдонуу менен келет

2023-жылы 26-март күнү Ирак парламенти шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүүгө тиешелүү калган пункттар боюнча добуш берүү үчүн жыйын өткөрдү. Координациялык тараптын «Sainte-Lague мыйзамын» кабыл алышы т.а. шайлоо натыйжаларында 1.4түн ордуна 1.7ни кабыл алууну талап кылышы себептүү сессияда башаламандык болду. Белгилүү болгондой, бул мыйзам Парламентте кичине блоктордун орун алуу мүмкүнчүлүктөрүн өтө күчсүздөнтөт. Координациялык тараптын бул талабы активисттер жана көз карандысыз депутаттардын жаңжалдарына себеп болду. Алар муну мамлекеттеги таасирдүү адамдардын каалоосу негизинде ойлоп табылган мыйзам деп билишет. Залды көз карандысыз депутаттардын жана кичине блоктордун ач-кыйкырыгына ээледи. Бул болсо башаламандык жаратып, акыбетте жыйын токтотулду. Ошондуктан, көз карандысыз депутаттар менен координациялык тарап ортосунда кайым айтыш болуп, парламент спикери башаламандык натыйжасында көз карандысыз депутаттардын кээ бирлерин парламенттеги «этика комитетине» тапшыруу чечимин кабыл алды… Социалдык тармактарда тараган видеого ылайык, сессияда көз карандысыз депутаттарды сөгүү жана сабоо абалдары болду… Нааразылыктар токтобогон соң, спикер Пешмерга күчтөрүнөн окуяга аралашууну жана көз карандысыз депутаттарды жыйындан чыгарууну талап кылды.

Хизб-ут-Тахрир–Ирак вилаяты бул жөнүндө жарыялаган билдирүүдө мындай делет: «Биз ушуга күбө болуп жатабыз – ал тургай, шайлоо жалпы бир ыкма болсо да, бирок, ыплас демократиялык түзүмдө ал өлкөдөгү таасирдүү күчтөрдүн кызыкчылыгы үчүн өзгөртүлүүдө. Мунун акыбетинде алар айткан «тынч демократиясы» коркунуч сала турган жана коркута турган диктатурага айланууда».

Билдирүүдө кошумчаланат: «Ирак калкы ачкачылык, муктаждык, ал тургай, жакырчылыктан жана алдан тайдырган кымбатчылыктан азап тартып жатканда бул өкүмдар элита чогулуп алып, эл үчүн эмес, өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн токтомдорду чыгарып жатканын көрүп турабыз. Алар өкмөт түзүлгөндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин кризис жана кескиндик ортосундагы тең салмактуулукту кармап турууну макулдашкан болушса да, бирок, өз кызыкчылыктарын сактап калуу үчүн айбандардай бири-бири менен минтип жаңжалдашып жатканына күбө болуп жатабыз».

Билдирүүдө Ирактагы мусулмандарга кайрылуу жасалган: «Мына, Америка алып келген о.э. ууру жана кылмышкерлерди коргоп, зулум тартипсиздиктерди жайып жаткан режим… Мына, Америка убада кылган «жаңы Ирак»… Суверендиксиз, өнөр жайсыз жана айыл чарбасыз калган, байлыктары талап-тонолуп, калкы жакырчылыкта жашап жаткан, кылмышкер топтор, баңгизаттар жана оорулар жайылып жаткан, коопсуздук жана тынчтыктан бүтүндөй үзүлгөн Ирак! Америка башыңарга алып келген бул жийиркеничтүү арамза жетекчилер өлкөңөрдү өздөрүнө жана үй-бүлөлөрүнө олжо кылып алуу үчүн силердин кай жерде каза болуп жатканыңарга кымындай да көңүл бурбайт…

Демек, бул абалыңар Аллах Субханахуну жана Расулу ﷺды ыраазы кылабы?! Набий ﷺдан риваят кылынат:

«والَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ، لَتَأْمُرُنَّ بالْمَعْرُوفِ، ولَتَنْهَوُنَّ عَنِ المُنْكَرِ، أَوْ لَيُوشِكَنَّ الله أَنْ يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عِقَاباً مِنْهُ، ثُمَّ تَدْعُونَهُ فَلا يُسْتَجابُ لَكُمْ»

«Жаным колунда болгон Затка ант, силер албетте маъруфка буйруп, мункардан кайтарасыңар. Антпесе, Аллах силердин үстүңөргө Өз алдынан бир жаза жиберет. Кийин дуа кыла бересиңер, (бирок) дуаңар кабыл болбойт».

Ошондой болгон соң, бул мункарга эч качан сүкүт кылбашыңар керек. Негизи, Аллахтын шарияты четке сүрүлүшү, бийлиги тартып алынып, ал алсыз, кемчиликтүү, муктаж адамдын колуна тапшырылышы сыяктуу мункардан да жаман мункар барбы?! Силер жашап жаткан Исламга тескери жашоодон да кор турмуш болушу мүмкүнбү?! Силердин акыңар – Аллахтын акысы. Ал укук душманыңар тарабынан берилбейт, тескерисинче, андан тартып алынат».

Билдирүүнүн акырында акы-укуктары корголушу жана такыр токтобогон мындай кризистерден чыгуу үчүн Ирак калкына мындай кайрылуу жасалды: Оо, мусулмандар! Андыктан, биз силерди исламий жашоону кайрадан баштоо жана Аллахтын шариятын өкүмдар кылуу үчүн аракет кылууга чакырып жатабыз. Акы-укугуңарды алгыла, узак замандан бери жоготкон азиздигиңерге кайткыла жана Роббиңер алдында илахий шариятты колдонгон бир имамга байъат кылуу милдетиңерди актагыла. Расулуллах ﷺ айткан:

«وَمَن مَاتَ وَليسَ في عُنُقِهِ بَيْعَةٌ، مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»

«Кимде-ким мойнунда байъаты жок абалда өлсө, ал жахилият өлүмү менен өлүптүр».

 

Роя гезити, №437, 2023-жыл, 5-апрель.

1 COMMENT

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here