Исламда келген бардык амалдарды аткаруу менен Рамазандан жемиштүү пайдаланалы

229
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Исламда келген бардык амалдарды аткаруу менен Рамазандан жемиштүү пайдаланалы

Аллах Таала буюрган улуу фарз амалдардын бири – Ислам менен өкүм жүргүзүүчү жана даъватты бүткүл дүйнөгө алып чыгуучу мамлекетти тикелөө. Ошондуктан, мусулмандар ушуну аң-сезимдүү түрдө билип алышсын, саясат менен алектенүү т.а. адамдар иштерин камкордук менен башкаруу –  Пайгамбарыбыз ﷺдын амалы да, ибадаты да. Саясат – душмандарыбыз атайылап түшүндүрүп жаткандай – куулук, алдамчылык, макиавеллизм жана динди булгоочу ыпластык эмес. Жок, тескерисинче, саясат – саясий түзүмдү жана экономика түзүмүн өз ичине камтыган өкүмдөрдү тикелөө жолу. О.э. бул өкүмдөрдө бизди өз өкүмдарлыгыбызга жана суверендигибизге кайтара турган, Аллах Тааланын шарияты жана бүткүл дүйнөгө рахмат кылып жиберген рисаласы менен бакубат жашаган Уммат даражасына кайра алып чыга турган башкаруу түзүмү камтылган.

Демек, Аллахтын буйруктарына амал кылуу үчүн туура аракет кылууну каалаган киши Исламга нусрат-жардам берүү жана Исламды жашоодо тирилтүү үчүн аракет кылып жаткандар менен биргеликте аракет кылышы керек. Аллахка ашкере тообо кылуу жана итаат кылуу жолуна кадам шилтөөгө убада-шерт берүү үчүн Рамазандан абзел убакыт жок.

Киши өзүн гана оңдоо менен алектениши таптакыр Исламдан эмес. Тескерисинче, мусулман өзү менен алектенип, башкаларга маани бербеши жийиркеничтүү эгоизмден башка нерсе эмес. Биз Набий ﷺ жана сахабаларда эгоизм деген нерсени көрбөгөнбүз. Тескерисинче, шаръий далилдер мунун тескери экенин көрсөтөт. Аллах маъруфка буйруп, мункардан кайтаруу амалын фарз кылды жана залимди тыюуга буюрду, ыпластык көбөйгөн коомдун – солихтер канчалык көп болбосун – кыйроосунан эскертти. Набий ﷺдын кеме жөнүндөгү хадиси биз үчүн үлгү-ибрат:

«مَثَلُ الْقَائِمِ عَلَى حُدُودِ اللَّهِ وَالْوَاقِعِ فِيهَا كَمَثَلِ قَوْمٍ اسْتَهَمُوا عَلَى سَفِينَةٍ، فَأَصَابَ بَعْضُهُمْ أَعْلَاهَا وَبَعْضُهُمْ أَسْفَلَهَا، فَكَانَ الَّذِينَ فِي أَسْفَلِهَا إِذَا اسْتَقَوْا مِنَ الْمَاءِ مَرُّوا عَلَى مَنْ فَوْقَهُمْ فَقَالُوا: لَوْ أَنَّا خَرَقْنَا فِي نَصِيبِنَا خَرْقاً وَلَمْ نُؤْذِ مَنْ فَوْقَنَا، فَإِنْ يَتْرُكُوهُمْ وَمَا أَرَادُوا هَلَكُوا جَمِيعاً، وَإِنْ أَخَذُوا عَلَى أَيْدِيهِمْ نَجَوْا وَنَجَوْا جَمِيعاً»

«Аллахтын мыйзамдарына баш ийген киши менен баш ийбегендердин мисалы кудум бир кемеден орун алган коомго окшойт. Алардын айрымдары кеменин жогорку бөлүгүнөн, айрымдары төмөнкү бөлүгүнөн орун алышкан. Төмөнүнөн жай алгандар эгер суу алмакчы болушса, жогорку бөлүгүндөгүлөрдүн алдынан өтүп (аларга азар беришет). Ошондо, алар: “Ушул жерден тешип суу алсак болбойбу, жогорудагыларга азар бербейт элек”, – дешти. Жогорудагылар аларды өз каалоосуна таштап коюшса, баары курман болушат. Эгер, алардын колунан кармап, токтотуп калышса, бардыгы амал калышат». (Бухарий риваяты). Бул хадис коом нажат табышы үчүн бири-бирине акыйкатты осуят кылуусу жана бузгунчуну тыйып коюусу зарыл экенин баяндоодо.

 

Роя гезити, №437, 2023-жыл, 5-апрель.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here