Аалымдар акыйкатты айтууну улантышса, Үммөт да акыйкат үстүндө турууну улантат

802
0

Аалымдар акыйкатты айтууну улантышса, Үммөт да акыйкат үстүндө турууну улантат

Ар бир Рамазан айында болгону сыяктуу эле, быйылкы мубарак Рамазан айында да баскынчы яхудийлер Акса мечитине бастырып киришип, намаз окуп жаткан мусулмандарга ырайымсыздык менен чабуул кылышты. Исламий өлкөлөрдүн акимдери адаттагыдай эле – яхудийлердин кандуу чабуулдарына жана мечитке кирип барып жүздөгөн мусулмандарды колдорун байлап камакка алышына каршы – катуу каралап коюудан башка эч нерсе кылышпады.

Яхудийлердин ибадат кылып жаткан мусулмандарга чабуулуна ар түрдүү мамиле жана каралоолор ар тараптан жаап жаткан бир мезгилде Куддустун мурдагы муфтийи жана учурда Акса мечитинин имамы о.э. Куддус Жогорку Ислам делегациясынын төрагасы Шайх Икрима Сабри массалык маалымат каражаттарын Акса мечитин колдоп-кубаттоого чакырды. Шайх массалык маалымат каражаттарына Акса мечитин колдоп-кубаттоо фарзи айн экендигин белгилеп: “Дүйнө жүзүндөгү мусулмандар, имамдар, аалымдар жана жалпыга маалымдоо маалымат каражаттарынын кызматкерлери Акса мечитине жардам берүү үчүн маалымат каражаттарынан жана социалдык тармактардан пайдаланышы керек”, – деди.

Туура, Акса мечитинин кордолушуна унчукпай карап туруу эч бир мусулманга жаиз эмес. Анткени, Куддус палестиналыктардын эле эмес, бүтүндөй Ислам Үммөтүнүн мүлкү. Ал эми бул жараянда эң оор жүк аалымдардын, муфаккирлердин жана имам хатибдердин мойнуна түшөрү талашсыз. Демек, аалымдар өздөрүнүн атына татыктуу көрүнүштө бардык көңүлүн ушул көйгөйдү түптөн чечүүгө каратышы керек. Бул болсо, жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуудан мурда, бул көйгөйдү түптөн чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон акимдерди мухасаба кылуудан жана күч-кубат ээлерин Акса мечитин азат кылууга чакыруудан турат.

Качан гана аалымдар акыйкат сөздү ачык айтууну улантышса, анын алдында турган Үммөт да акыйкат үстүндө туруктуу болот. Себеби,  аалымдар жол көрсөтүүчү жылдыз сыяктуу. Демек, аалымдардын мойнунда Ислам Үммөтүнө карата эсепсиз жоопкерчиликтер жана мусулмандардын аң-сезимин ачууда жетекчилик милдеттери бар. А бирок, аалымдарыбыз мусулмандардын аң-сезимин акимдер жана күч-кубат ээлерин мухасаба кылуудан башка тарапка т.а. экинчи даражалуу тараптарга бурууну уланта беришсе, саны болгону 9 миллион адамдан турган коркок яхудийлер 2 миллиарддан ашык мусулмандардын мечиттерин кордоону уланта беришет.

Мындай учурда Аллах берген илим менен бул абалга тиешелүү  Аллахтын өкүмүн баян кылуу жана акимдерден баштап карапайым адамдарга чейин, бардык Үммөт өкүлдөрүн буга амал кылууга чакыруу да аалымдардын мойнунда. Анткени алар Үммөттүн нажат табышына себеп болуучу жоокерлер болуп эсептелишет. Ушундай болгон соң, бүгүнкү мусулман аалымдар яхудийлердин кылмыштары каршысында армияларын аракетке келтирбей, кол куушуруп отурган акимдерди мухасаба кылышы жана Исламий Үммөттүн тартып алынган жерлерин кайтарып алуу үчүн күч-кубат ээлерин аракетке чакырышы керек. О.э. мусулмандардын аң-сезимин курчутууга, Ислам акыйдасын Батыштын сакафий жана пикирий чаң-кирлеринен тазалоого о.э. бүгүнкү күндө бардык мусулмандардын талабына айланып бара жаткан Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде шарият колдонулушуна коомду үндөөгө олуттуу аракет кылышы керек. Мына ошондо гана аалымдарыбыз караңгы зулматтарды жарык кыла турган нурга жана акыйкат сөздөрү менен Үммөттү душмандарынан, душмандардын пикирий жана сакафий куралдарынан коргой турган калкандарга о.э. Пайгамбарлардын чыныгы мураскорлоруна айланышат.

Зохид Заргар

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here