“Канкор Сиси” “Сиси мырзага” айланды

2346
0

Канкор Сиси” “Сиси мырзага” айланды

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Мисирдин тышкы иштер министри Самих Шукри менен жолугушту. Жолугушуудан кийин уюштурулган биргелешкен маалымат жыйынында Мевлүт Чавушоглу эки тараптуу мамиледе тартипке салынышы керек болгон көптөгөн темалар бар экендигине көңүлдү бурду.

Чавушоглу маалымат жыйынында жалпысынан: “Каалаганыбыз энергетика тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү жана бул жаатта анык кадамдарды таштоо. Сооданы күчөтүү үчүн алака маселелеринде айрым үзүлүүлөр болду. Аларды кайрадан жандандырабыз. Дипломатиялык мамилелерибизди эң жогорку деңгээлге чыгарууну каалайбыз”, “Аскерий тармакта болсо, дипломатиялык мамиле начарлаган жылдары да үзгүлтүксүз алакабыз бар эле, бирок жандантуу зарыл болгон маселелер да бар”, “Экономикадан энергетикага чейинки, саясаттан таалимге чейинки бардык тармактарда кадам жасашыбыз керек”, – деди.

Чавушоглунун айтымында, эки өлкө башчынын т.а. Режеп Таййип Эрдоган менен Абдулфаттах Сисинин былтыр Катардын борбору Дохада өткөн жолугушуусунан кийин өзүнө жана мисирдик кесиптеши Самих Шукриге расмий Анкара менен Каирдин ортосундагы мамилени жакшыртуу милдети жүктөлгөн. Ал өзү жана кесиптеши эки өлкө ортосундагы мамилелерди нормалдаштыруу үчүн анык кадамдар ташталганына ыраазы экендигин билдирип, Самих Шукри менен мындан ары тез-тез жолугушуп турууга жана мындан кийинки жараяндарда дагы да жакыныраак кызматташтууга убада берди.

Комментарий: 2010-жылдын аягында Тунистен башталып, Түндүк Африкага жана айрым араб мамлекеттерине жайылган нааразылык толкундары 2011-жылдын февраль айында диктатор Хусни Мубарактын 29 жылдык бийлигин кулатты. Анын артынан шайлоолор аркылуу “Мусулман агайындар” уюмунун өкүлү Мухаммад Мурси Мисирдин биринчи шайланган президенти катары бийликке келген болчу. Арадан бир аз убакыт өтүп т.а. 2013-жылы 3-июлда мамлекеттин башкы штаб башчысы Абдулфаттах ас-Сиси кандуу төңкөрүш уюштуруп, Мурсини жана анын жанындагыларды камакка алды. Буга каршы чыккан миңдеген мусулмандар көчөлөрдө жырткычтык менен өлтүрүлдү.

Сиси тарабынан ишке ашырылган ушул кандуу төңкөрүштүн артынан Түркия менен Мисирдин ортосунда чыңалуу пайда болгон эле. Себеби, Мурсинин бийликке келишин Түркия жылуу кабыл алып, Мисирдеги саясий өзгөрүштү “мусулмандардан түзүлгөн өкмөттүн демократиялык илманий болушу мүмкүндүгүн”  Араб өлкөлөрүнө үлгү катары көрсөтө баштаган эле. А бирок, бул өкмөт Сисинин колу менен кулатылды. Ошондон кийин эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелер үзүлүп, президент Эрдоган Сисиге “залим”, “канкор” деп кайрыла баштады. Ар дайым төрт манжасы менен “Рабиа” белгисине ишара кылып, Мисир калкын колдой турганын көрсөтүп келди. Сисиге оппозицияда болгондор Түркиядан башбаанек табышты.

Ал эми 2022-жылы Катарда Эрдоган менен Сиси жолугушуп, нормалдашуу саясатына кадам таштары менен кырдаал бүтүндөй тескери тарапка өзгөрдү. Түркиядан башбаанек тапкан оппозиционерлер Түркиядан чыгып кетүүгө мажбур боло башташты. Алардын кээ бирлери камакка алынгандыгы, айрымдарынан Түркия жарандыгы кайтарып алынгандыгы, ал тургай, кээ бирлери Мисир режимине тапшырылары айтылууда.

Эл аралык саясаттан бир аз кабары бар адам жакшы билгендей, Түркиянын Мисир эле эмес, Саудия, Бириккен Араб Эмираттары, яхудий вужуду жана жакынкы күндөрдө Сирия менен болушу күтүлүп жаткан нормалдашуу саясаты – бул Түркия өкмөтүнүн өз каалоосунан келип чыгып белгиленген тышкы саясат эмес. Бул АКШнын “Израиль” менен “нормалдаштыруу” планынан кийин пайда болгон жаңы Жакынкы Чыгыш саясатына тиешелүү маселе. Себеби, Америка ушул күндөрдө орус газына альтернатива болгон газдан пайдалануу үчүн Жер Ортолук деңизинде Израиль, Мисир жана Түркия ортосунда кызматташтыкты пайда кылууда. Түркия кааласа да, каалабаса да т.а. ушул кезге чейин жүргүзгөн саясаты менен берген билдирүүлөрүнө тескери келсе да, Американын кызыкчылыгы үчүн өзүнө тапшырылган нормалдашуу саясатын ишке ашырууга мажбур. Айтылышынча, Эрдоган Сиси жана Асад менен сүйлөшүүлөрдү баштоону – Түркиядагы мусулман калктын нааразылык реакциясынан коркуп – 14-майда боло турган шайлоодон кийинкиге калтырган.

Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here