Россия Ошто билим берүү комплексин курат

2315
0

Россия Ошто билим берүү комплексин курат

 Кабар: Россия Ош шаарында 1224 орундуу билим берүү комплексин курат. Бул тууралуу 27-мартта Ош шаардык мэриясы кабарлады.

 Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Россиядан келген делегация менен жолугуп, анда мектептин курулушу боюнча пландалган долбоорду талкуулашкан.

 Жетигенов аталган окуу комплекси «окуучуларга заманбап стандарттарга ылайык билим берүүчү жай болорун жана шаар бийлиги тарабынан зарыл болгон бардык колдоолор көрсөтүлөрүн» белгилеген.

 Россия президентинин чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков Кыргызстандын Билим берүү министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташууга үмүттөнөрүн билдирди. Анын айтымында, бул объект «орус-кыргыз достугунун символу болуп калат».

 “Бул 1224 орундуу заманбап билим берүү комплексинде бассейндер, стадиондор, спорт аянтчалары болот. Жалпысынан республика боюнча ар бир облуста, Бишкек жана Ош шаарларында 9 комплекс курулат. Пландалгандай, бул окуу комплексине жергиликтүү орус тили мугалимдери да, Россиянын тиешелүү педагогикалык жогорку окуу жайларында керектүү окуудан өткөн мугалимдер да тартылат”, – деди Рыбаков.

  Жолугушууга Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков катышты. Алар 29-мартта билим берүү мекмелеринин курулушу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюларын жана ар түрдүү тармакта «эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү ниетин» белгилешти.

 Россия өкмөтү Кыргызстандын 7 облусуна жалпы 9 мектеп куруп берери тууралуу маалымат өткөн жылы маалым болгон. Ага ылайык, курулушту орус бийлиги көзөмөлдөп, мектеп бүткөн соң кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет. Мекемелерде окутуу орус тилинде болот, «эгер зарылдык» болсо кыргыз тилиндеги класстар ачылат. Ал жерде билим берчү мугалимдер Россиядан атайын окутуудан өтүп келишет.

  Комментарий: Март айынын башында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Мир” телеканалына интервью берип, кыргыз тилине колдоо көрсөтүү керектигин, бирок “мамлекеттик тилди орус тилине зыян тийгизбестен өнүктүрүү керектигин” айтты. Буга чейин президент Садыр Жапаров да орус тили өлкөдө расмий тил бойдон каларын, себеби Россиясыз Кыргызстанга “оор болорун” айткан эле.

 Сакафат – акыйда, тил, адабият, тарых жана мыйзамдар топтомунан турат. Сакафат адамдагы дүйнө карашты калыптандыруучу фактор болуп эсептелет. Адамдардагы дүйнө караштын калыптанышы мына ушул адамдарга берилип жаткан сакафаттын кайсы ишенимге же кандай түшүнүктөргө негизделишине байланыштуу болот.

Бүгүнкү күндө постсоветтик республикалардагы окуу программалары толук бойдон СССРден калган билим берүү программасы негизинде калыптанган болуп, азыркыга чейин билим берүү программасынан Дарвин теориясы, орус тили жана тарыхы чыгарыла элек. Өз сакафатын жайылтуунун эң бир ыңгайлуу жолу – бул катары жергиликтүү калктын арасында өз тилинин өкүмдарлыгын камсыздоо, колонизатор мамлекеттин тилинде сүйлөшүү маданиятына жетишүү жана бул тилди өнүгүүнүн белгиси катары көрсөтүү. Белгилүү болгондой, азыр бардык мектептер менен окуу жайлардагы билим берүү жаштардын аң сезимине жетекчи мамлекеттин сакафатын сиңирүү негизине курулган. Мындан тышкары, билим берүү тармагында улутчулдук жана мекенчилдик сыяктуу тайыз, тар пикир жана дүйнө караштар да берилет. Бүгүнкү күндө Россиянын Борбор Азия республикаларындагы саясий, экономикалык таасирин жоготуп бара жатканы жашыруун сыр эмес. Мына ушул шартта Россия Кыргызстанда эле эмес, аймактагы бардык мамлекеттерде орус тили жана орус сакафатын сактап калуу үчүн орус мектептерин курууга олуттуу көнүл бурууда. Россиянын ташкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, “Россия Федерациясы учурда президент Владимир Путиндин көрсөтмөсүнө ылайык “орус тили, орус маданияты жана орус дүйнөсүнүн позициясын бекемдөө үчүн активдүү чараларды көрүүдө”.

 Ушул чаралардын алкагында 2022-жылы Тажикстандын беш шаарында т.а. Душанбе, Хужанд, Бохтар, Куляб жана Турсунзода шаарларында Россия куруп берген жана орус тилинде окутула турган мектептер ачылганы расмий кабарланды. Ал мектептерде негизги курам россиялык мугалимдерден болору жана анда орус программасын окутуу шарт кылынды. Өзбекстан үчүн да ушундай программа даярдалууда. Мындан тышкары, былтыр Россиянын А.И.Герцен атындагы мамлекеттик педагогика университети Өзбекстандагы мектептердеги класстар үчүн орус тили программасын даярдады. Бул тууралуу Өзбекстан билим берүү борборунун маалымат катчысы Мохира Нуруллаева кабарлаган. Анын айтымында, Өзбекстан билим берүү министрлиги менен Россиянын жогорку окуу жайы ортосундагы кызматташтыктын алкагында адистер тарабынан Өзбекстан мектептеринин улуттук класстарындагы орус тили мугалимдери үчүн 20 томго жакын адабият жана колдонмолор иштелип чыгып, даярдалган. О.э. 6-10-класстар үчүн адабият сабагына өзбек адабияты (40 пайыз), орус адабияты (40 пайыз) жана дүйнөлүк адабият (20 пайыз) киргизилген. Мындан тышкары, 2020-жылдын октябрь айында Россиянын билим берүү министрлиги, Өзбекстан билим берүү министрлиги жана теги өзбекстандык болгон россиялык олигарх Алишер Усмановдун кайрымдуулук фонду биргеликте даярдалган “Класс!” аталышындагы гуманитардык долбоордун алкагында 2021-жылы 100, 2030-жылга чейин жыл сайын дагы 100дөн россиялык орус тили мугалимдерин Өзбекстанга алып келүү пландаштырылган. Россиядан келген мугалимдер орус сакафаты, орус маданияты жана дүйнө карашын да алып келери о.э. өсүп келе жаткан жаш муунду ушул негизде тарбиялашы табигый көрүнүш.

 Сакафат ушундай бир кубатка ээ болуп, аскерий, экономикалык жана саясий кубат анын ордун ээлей албайт. Бүгүнкү күндө күбө болуп жатканыбыздай, Россиянын Украинага баскынчылык согушунда же Грузияда Россияны ээрчип кабыл алган чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршы күчөп кеткен нааразылык акцияларында да сакафат негизги орунду ээлеп турат. Анткени, кулдук жана көзкарандылыктан эң алгач пикирий жактан кутулат.

 Чыныгы көзкарандысыздыкка эл кабыл алган акыйда жана ушул акыйдадан келип чыккан мыйзамдарды жашоодо колдонуучу Халифалык мамлекети аркылуу гана жетүүгө болот. Бул мамлекетте мусулмандар исламий сакафат менен сугарылып, чыныгы көсөм ким экендигин, кимден өрнөк алып, кимди ээрчүү керектигин түшүнүп жетишет жана жашоодон көздөлгөн максатын белгилеп алышат. Мына ошондо пайгамбарыбыз Мухаммад соллаллоху алайхи ва саллам сийратында болгону сыяктуу, дарактардын жалбырактарын жешке туура келсе да, өз максат жана жолунан кайтышпайт, кулдук кишендерин моюнга алууга ыраазы болушпайт.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here