Ачарчылыктын күчөшүнүн жана Батышка жалбаруунун себепчиси – финансылык жардамдар

654
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ачарчылыктын күчөшүнүн жана Батышка жалбаруунун себепчиси – финансылык жардамдар

2023-жылы 26-февраль күнү Женевада Швеция жана Швейцария мамлекеттери БУУ менен шериктештикте уюштурган «Донор мамлекеттердин Яманга жардам берүү конференциясы» аяктады. Конференцияда 31 мамлекет жана эл аралык уюмдар тарабынан Яманга 1.2 миллиард доллар каражат берүүгө жана бул каражатты ямандыктардын ачарчылыгын жоюуга сарптоого убада берилди. Белгилүү болгондой, согуш акыбетинде үй-жайсыз калган, ачкачылык жана оорудан чыдамдары кеткен миллиондогон ямандыктар 2014-жылдан бери өлкөсүн ойрон кылып келе жаткан согуштун токтошуна үмүттөрү калбады.

Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Яман вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Ооба, АКШ менен Британия тарабынан башкарылып жаткан Яман согушу түрдүү оору жана эпидемияларды алып келди. Азык-оокат, ичимдик суу жана медициналык жардамдардын таңкыстыгынан азап тартып жаткан 21 миллион адамдын ичинен 400 миң бала ачарчылык жана аз тамактануудан кыйналууда. Мына ушулардан кийин илдет-ооруну да өзү чыгарган жана анын жасалма дабаасын да өзү чыгарган БУУ пайда болуп, «гуманитардык жардам» коңгуроосун кагууда, ушул аркылуу бул уюмду түзгөн жана ага жетекчилик кылып жаткан мамлекеттердин каалоолорун ишке ашырууда. Түпкүлүгүндө, БУУ аны түзгөн кафир Батыштын кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн аракет кылат. Ал эми, анын бул сыяктуу конференцияларынын гуманитардык жакка бүтүндөй байланышы жок. Себеби, мындай аракеттерден максат колонизаторлук болуп, Яман үчүн күрөшүп жаткан мамлекеттердин таасирин сактап калууга о.э. өлкө байлыктарын талап-тоноого кызмат кылат. Негизи, эгер АКШ менен Британияга өлкөнүн түндүгү жана түштүгүндөгү байлыктарды талап-тоношуна мүмкүнчүлүк жаратып жаткан малай өкүмдарлар болбогондо Яман байлыктары анын калкына жетмек, ал тургай, ашып калмак».

Билдирүүнүн акырында мындай делет: «Жардамдардын да экономикалык колонизаторлук болуп, саясий жана аскерий колонизторлуктан калышпайт. Себеби, алардын натыйжасы бир, ал да болсо, Батышка дагы да көбүрөөк жалбаруу жана Ислам негизинде туура өзгөрүүнү кечиктирүү үчүн калктарды кишендөө. Негизи, калктар бул кишендерден Хизб-ут-Тахрир жана ал тикелөөгө аракет кылып жаткан Пайгамбарлык минхажы негизине курула турган экинчи рошид Халифалыктын тикелениши менен гана азат болот. Чындыгында бүгүнкү күндөгү залим өкүмдарлык жана анын түзүмү жараксыздыкка карай бет алып жаткандыгы рошид Халифалык жакын экендигинен кабар берүүдө».

 

Роя гезити, №434, 2023-жыл, 15март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here