Кытайдын Кыргызстандагы сакофий таасири күчөмөкчү

1157
0

Кытайдын Кыргызстандагы сакофий таасири күчөмөкчү

         Кытайдан табылган архивдик документтерди которууга президенттик фонддон 13 млн. сом бөлүнөт. Каражат президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен “Мурас” фондунун эсебине жакын арада которулат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасына жазды.

         Буга чейин “Мурас” фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов Кытайдан табылган 10 миң бетке жакын архивдик документтерди байыркы кытай тилинен азыркы кытай тилине, андан кыргыз тилине котортууну баштоо үчүн каражат бөлүү өтүнүчү менен президент Жапаровго кат жазган.

         Эске салсак, 2019-жылы Кытай Тарых изилдөө институтунун кызматкерлери кытай архивдеринен кыргыздын байыркы тарыхына таандык материалдар табылгандыгын Ю. Тайшань өзүнүн эмгектеринде жарыялаганын билдирген.

         Тарых – бул ар бир дүйнө карашка тиешелүү сакофат негиздеринин бири болуп, ошол дүйнө караш негизиндеги түзүм тикелениши менен ага ылайыкташтырылат. Жакынкы тарыхты эле мисал алсак, Украина Россиянын таасири астынан чыгып кетишинен бир нече жыл мурда экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Россия куткаруучу эмес тескерисинче баскынчы болгондугу сүрөттөлүп, тарых алгач аң-сезимдерде андан соң расмий түрдө өзгөртүлдү. Фашизмден азат кылынган күндөр майрам болуп эсептелбей турган болду. Андан кийин Батыш Украинаны Россиядан тартып алды. Учурда бир тектүү эки эл тарыхый душманга айланып калды. Тарыхтан дагы мисал келтире турган болсок, исламий Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин куфр дүйнөсү аны Усман империясы деп тарыхка киргизди. Түпкүлүгүндө, бул мамлекет Усман уулдарына эле эмес, бүткүл мусулмандарга тиешелүү болуп, алардын калканы эле. Негизи империя менен Халифалык башкаруунун ортосунда асман менен жердей айырма бар. Ал тургай, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан ортосундагы чек араларды аныктоодо (демаркация) да, ар бир тарап өзүнчө бир тарыхый документтерге негизделип, ушунча жылдардан бери келише албай жатышат. Демек, бирер дүйнө караш негизиндеги башкаруу системасын өзгөртүүдө, же бир мамлекет башка мамлекетти басып алышында, же бирер дин экинчи дин үстүнөн өкүмдар болушунда тарыхтын орду өтө чоң! СССР тарыхын окуп ага кызмат кылып келген адамдар, ага бүтүндөй тескери болгон капитализм тарыхын окуп үйрөнүшүп, бүгүнкү күндө Кыргызстанды башкарып жатышат. Алар СССРге тескери саясат жүргүзүшүүдө. Мындан көрүнүп тургандай, тарых ар бир идеология сакафаты негиздеринин бири болуп, ал ошол дүйнө караштын акыйдасына, мыйзамчылыгына ылайык калыптандырылат.

         Темага кайта турган болсок, акыркы жылдарда кыргыз бийлиги Кытайдан карыз алуу менен ага көз карандылыгы күчөп барууда. Алдыдагы темир жол жана Жетим тоо темир кенин иштетүү сыяктуу долбоорлор бул көз карандылыкты дагы да күчөтмөкчү. Мындан улам, Кытай экономикалык жана саясий таасири менен катар сакофий таасирин да күчөтүп барууда. Ал тургай Кытайдын кандайдыр тарыхчы-окумуштуулары келип президент менен жолугушуп, өздөрүнүн арамза иштерин жүзөгө ашырууда. Негизи Кытай тарыхчылары биздеги бардык маалыматтарды алып, тарыхты өздөрүнө пайдалуу тарапка бурмалоого аракет кылышууда. Алар баалуулуктар такыр башка болсо да окшотууга, салт-санаабыз бирибиздики Исламга, экинчисиники атеизмге негизделсе да жакындатууга аракеттенишүүдө. Андан соң өздөрүнүн тарыхый далилдерин билим берүү программаларыбызга киргизүүгө аракет кылышат. Бул болсо, ушул жетекчи топтун жардамы аркылуу ишке ашат. Бул болсо, колония кылуунун көп жылдык планы болуп эсептелет. Айрыкча, Россия эл аралык майданда алсырап бараткандыктан, анын аймактагы боштугун Кытай толтурууга аракет кылып жатат. Кыргыз-кытай маалымат каражаттарынын кызматташтыгынын күчөтүлүшү, Кытайдан каржыланган медиалардын көбөйүп жатышы да муну тастыктап турат. Эгер Кыргызстан Кытайдын атеисттик сакофий колониясына айланса, мусулман уйгурларды арак ичүүгө мажбурлап, аларга рамазанда чочко этин жедирип, Куран окушуна тыюу салган, миллиондогон бейкүнөө мусулманды атайын лагерлерге мыйзамсыз камап, көпчүлүгүн жок кылган жылма саясаты бул аймакта да колдонулбашына эч ким кепилдик бере албайт. Анткени, Кытай Чыгыш Түркстандагы репрессиясын баштоонун алдында ондогон жылдар жарандарын сакофий колония кылуу менен убара болду. Себеби, калктын пикири өтө күчтүү курал болуп эсептелет. Эгерде ал бийликтин пикири менен бириксе, улуу жана кудуреттүү курал жана калканга айланат.

         Жыйынтыктап айтканда, Орусиянын чабал абалынан улам кыргыз бийлиги Кытай менен кызматташтыкты күчөтүп барууда. Ошондуктан, Кытайга биротоло кул болуп калбоо үчүн анын экономикалык, сакофий, аскерий баскынчылыгына каршы туруубуз керек. Бийлик башында тургандарды элдин бул каалоосуна баш ийдирүү зарыл. Айрыкча, бул коркунуч Борбор Азиядагы мусулмандардын баарына тиешелүү. Андыктан,  Кытайдын баскынчылыгынан, Орусиянын өкүмзордугунан чыгуу үчүн алгач биз мусулмандар биригүүбүз зарыл. Бул биригүү улутчулдук, мекенчилдик сыяктуу убактылуу төмөн пикирлердин негизинде эмес, бардык тармакта негиз боло турган Ислам акыйдасы негизиндеги биригүү болушу зарыл. Мына ушул Ислам негизиндеги башкаруу гана колонизаторлордун баскынчылыгынан коргоп, коомубузга бейпил жашоону кепилдеп берет. Үммөт кызыкчылыгындагы долбоорлорду чет элдиктердин колуна карматпастан, өзү ишке салып, калк кадыржамдыгы үчүн кызмат кылат. Мындан башка колонизаторлуктун зулматынан кутулуунун жолу жок.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here