Россия менен Кытай Борбор Азиянын иштерине сырттан кийлигишүүгө жол бербейт

2597
0

Россия менен Кытай Борбор Азиянын иштерине сырттан кийлигишүүгө жол бербейт

 Кабар: Россия менен Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнө сырттан кийлигишүүгө жана “түстүү революцияны” импорттоо аракеттерине жол бербейт.

 Бул тууралуу эки мамлекет ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу биргелешкен билдирүүдө айтылган.

Билдирүү Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Россияга барып, президент Владимир Путин менен жолугушкандан кийин жарыяланды.

 Комментарий: АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 28-февралдагы Казакстан жана Өзбекстанга сапарынын алкагында АКШ аймактагы мамлекеттердин суверенитетин колдой турганын билдирген.

 Блинкендин Казакстан жана Өзбекстанга сапарынын алдында РФ тышкы иштер министринин орунбасары Михаил Галузин Борбор Азия мамлекеттерин Батыш менен кызматташууда этият болууга чакырган. Афганистандын учурдагы абалына АКШны айыптаган Галузин “Вашингтондун демократиялаштыруу тажрыйбасы түстүү революциялар менен аяктайт” деген эле.

 Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин мамлекеттик сапар менен Россияга барып, Путин менен жолугушкандан кийин берилген биргелешкен билдирүүдө да Россия менен Кытай Борбор Азия мамлекеттерине сырттан аралашууга жана “түстүү революцияларды” импорттоо аракеттерине жол берилбестиги айтылды…

 Бул колонизатор үч мамлекеттин президенттери жана расмийлери берген билдирүүлөргө карасаңыз, булар тим эле Борбор Азия мамлекеттеринин сувернитети, эгемендүүлүгү, аймактык бүтүндүгү үчүн кайгырып, калктын жыргалчылыгын ойлоп жатышкандай элес калтырат. Негизи, биздин аймак эле эмес, дүйнө калкы, айрыкча, мусулмандар дуушар болуп жаткан кыргын, жакырчылык, ачарчылык жана азаптарга мына ушул мамлекеттер тарабынан иштелип чыккан эл аралык мыйзамдар себеп болууда. АКШ Борбор Азиядан Россиянын таасирин сүрүп чыгаруу, Кытайдын экономикалык экспанциясынын алдын алуу үчүн аймактагы мамлекеттер менен кызматташтыкты күчөтүп жаткан болсо, Россия менен Кытай кен байлыктары мол болгон аймактын үстүндөгү таасирин сактап калуу үчүн аракет кылып жатышат. Алардын бардыгы өз кызыкчылыктарын жүзөгө чыгаруу үчүн ар кандай жийиркеничтүү иштерге даяр турушат.  Бул колонизатор кафир мамлекеттер дүйнөгө жакшылык алып келүү үчүн эмес, тескерисинче жамандык жана зыян алып келүү үчүн күрөшүп жатышат. Аянычтуу жана өкүнүчтүү жери, биздин жетекчилер өз бийлигин сактап калуу үчүн өлкөнүн байлыгын жана келечегин курмандыкка чалып болсо да алар менен кызматташууга даяр турушат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here