Хижрий 1443-жылдагы мубарак Рамазан айынын жаңырышын күзөтүү натыйжасы

2698
0

Басма сөз баянаты

Хижрий 1443-жылдагы мубарак Рамазан айынын жаңырышын күзөтүү натыйжасы

Имам ал-Бухарий өз «Сахихинде» Мухаммад ибн Зияддын мындай дегенин риваят кылат: «Мен Абу Хурайранын  мындай деп айтканын уктум: «Расулуллах  айтты:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозо туткула жана аны көрүп оозуңарды ачкыла. Эгер, асман булуттуу болуп (ай көрүнбөй) калса, шаъбан айын 30 күн кылып толуктагыла».

Бүгүн, 2023-жыл 21-март, шейшембиден шаршембиге караган кечте мубарек Рамазан айынын жаңырышы күзөтүлгөндөн кийин жаңырган ай шаръий түрдө көрүлгөнү өз тастыгын таппады. Ушуга ылайык, эртең, шаршемби күнү инша Аллах шаъбан толук акырына жеткирилип, отуз күн кылынат жана анын эртеси, бейшемби күнү мубарек Рамазан айынын биринчи күнү болот.

Учурдан пайдаланып, мен, Хизб ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн жетекчиси жана маалымат бөлүмүнүн кызматкерлери ушул мубарек айдын кирип келгени менен Хизб ут-Тахрир амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу ар-Роштага куттуктоо жолдойбуз. Аллах Тааладан амирибизге нусрат беришин, ошондой эле анын колу менен бүткүл Уммкатка нусрат жана жеңиш беришин сурайбыз.

Бул жылдагы Рамазан бүткүл дүйнө күндөн-күнгө өөрчүп бара жаткан финансылык кризисти башынан өткөрүп жатканда кирип келди… Анын кесепетинен дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери азап тартууда, адамдар да, менчик сектор да, мамлекеттер да зыян тартууда. Анткени, капиталисттик түзүм сүткордук, монополия, экономикалык согуш, байлыктарды талап-тоноо аркылуу адамдардын канын соорууда. Бул нерселер монополист капиталисттик компаниялардын жана аларды ээрчиген АКШ башчылыгындагы мамлекеттердин кызыкчылыгы үчүн болууда.

Акыркы он жылда глобалдашуу адамдарга каршы жогоруда айтылган кылмыштуу саясатты ишке ашыруу үчүн Америка тарабынан иштелип чыккан машина катары кызмат кылып келди. Бирок, Кытай таасиринин жогорулашы, Россия үнүнүн көтөрүлүшү жана Европа мамлекеттеринин каршылыктары күчөшү артынан Америка глобалдашууну кайрадан түзүп чыгууга т.а. бул мамлекеттердин экономикасын ондогон жылдарга артка кайтарып, өзүнүн экономикасынын таасирине киргизүүгө кызмат кыла турган көрүнүштө кайрадан түзүп чыгууга киришти. Ушул нерсе Американы Россияны күчсүздөнтүү о.э. Европа жана Кытайды согушка тартуу үчүн Украина согушунан пайдаланууга үндөдү. Америка согуш Украина элине кырсыктарды алып келишине да, дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурган экономикалык силкинүүлөргө кириптер кылышына да көңүл бурган жок. Себеби, Америка бул согуш башкаларга канчалык зыян жеткирбесин, анын кызыкчылыгын жүзөгө чыгарат деп ойлойт!

Мусулмандардын абалына келсек, алар да бул көрүнүштөн алыста эмес. Себеби, Батыштын экономикалык, саясий жана коопсуздук “сыйкырларынан” биринчилерден болуп мусулмандар таасирленди. Акыйкатта болсо, мусулман өлкөлөрү эң бай өлкөлөрдөн болуп, стратегиялык жерлерден орун алган. Бирок, мусулман өкүмдарларынын эч бири дурус эмес. Тескерисинче, алардын баары ири капиталисттик Батыш мамлекеттеринин малайлары жана алардын геосаясий пландарынын бутасы болуп эсептелет. Батыш мусулман өлкөлөрүндөгү өкүмдарлыгын бекемдөө үчүн үч факторго көңүл бурду: бийликти малайларга тапшыруу; динди турмуштан бөлүү саясатын колдонуу; сот системасын жана ага моюн сунган жетекчилерди бузуу. Муну менен Уммат Батыш кызыкчылыктарынын туткунуна айланды.

Бирок, бул шарттар, Батыштын Исламга жана мусулман өлкөлөрүнө жасаган чабуулдары мусулмандардагы исламий жашоо эң жакшы жашоо таризи экендиги, Халифалык кулатылып, өлкөлөрү талкалангандан бери дагы эле колонизаторлук жана кордуктан башы чыкпай жатканы туурасындагы ишенимди дагы да күчөттү. Арийне, бүгүнкү күндө Халифалык мусулмандар арасында коомдук пикирге айланган. Т.а. мусулмандар алардын бытыранды өлкөлөрүн бир мамлекетте бириктирүү эң маанилүү кызыкчылыктардын бири деп түшүнүшүүдө.

Бирок, Уммат шариятты колдонууга дагы да жакындашып бара жаткан болсо да, бирок, бул максатка алып барчу жолду табууда дале адашууда. Себеби, Уммат калктары Халифалыкты кайра тикелөө үчүн Пайгамбарлык минхажына бекем амал кылуу шарт экендиги тарапка дагы эле багытталган жок. Арийне, катардагы адамдар жамаий сакафат менен тарбияланмайынча, бул маселени жеке өзүлөрү түшүнө алышпайт.

Оо, минбар жана форум ээлери… Оо, коомчулукту кабардар кылуу жоопкерчилигин өз мойнуна алгандар!

Оо, коомдук пикирди калыптандыруучулар, айрыкча, Ислам Умматынын кызыкчылыктары үчүн жан күйдүргөн кишилер, азыр силердин ролуңарга муктаждык бар. Себеби, журналисттер, окумуштуулар, таасирдүү кишилер, сайт жана платформа ээлери болгон баарыңар «Умматты биринчи даражалуу маселелерден кабардар кылуу» жоопкерчилигин өз мойнуңарга алгансыңар. Чынында, Ислам Умматынын айрым катмары ыкчам эскертүүнү талап кылган маселелерде пикириңерди билүү үчүн күнү-түнү силерди күзөтөт. Бүгүн Ислам Умматы үчүн Халифалыкты кайра тикелөө маселесинен өткөн маанилүү маселе жок. Себеби, Халифалык – маселелердин энеси гана эмес, өмүр же өлүм маселеси катары кабыл алынышы зарыл тагдырий маселе.

Оо, өзгөрүү жасоого кудуреттүү мусулмандар, оо, күч-кубат ээлери!

Силерге эмне болду, Аллахтын динине нусрат-жардам берүүдөн чегинип жатасыңар же өкүмдарларыңардан коркуп жатасыңарбы?! Деги, колонизатор кафир Батыш мамлекеттериндеги жетекчилердин бири менен жолукканда бул өкүмдарларыңар кудум колго үйрөтүлгөн айбандай алардын айланасында тегеренип жатканын көрбөй жатасыңарбы?! Силер адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Уммат болгонуңардан соң, рувайбизалардын башкаруусун өзүңөргө кантип ыраа көрүп жатасыңар?! Же силер колонизатор кафир Батыштан коркуп жатасыңарбы?! Деги, бул мамлекеттер коронавирус пандемиясынан тартып, адамдар АКШ Конгрессине бастырып кириши, Украина согушу жана АКШ банктарынын банкротко учурашы сыяктуу кризистер учурунда канчалык силкинип жатканын көрбөй жатасыңарбы?! Батыш кандайдыр бир кризиске учураса, анын күчсүздүгү ачыкталып калууда, жүрөктөргө сиңип кеткен өтө өзүмчүлдүк себептүү Батыш коому анархия ташбишинен силкинүүдө. Аллах Таала айтат:

﴿بَأْسُهُمْ بَيْنَهُمْ شَدِيدٌ تَحْسَبُهُمْ جَمِيعاً وَقُلُوبُهُمْ شَتَّى ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لّا يَعْقِلُونَ﴾

«Алар өз араларында күчтүү-кубаттуулар, (т.а. согуш-уруш болбостон туруп, өз-ара күч-кубаттуу экендиктери тууралуу апырта беришет, бирок согуш убагында алар алсыз-коркоктор. Ооздорундагы сөздөрүнөн) аларды биримдиктүү деп эсептейсиң, (бирок) жүрөктөрү ар түрдүү. Буга себеп, алардын акылсыз коом экендиктери»                                                         [59:14]

Оо, өзгөрү жасоого кудуреттүү мусулмандар, оо, күч-кубат ээлери!

Силерге кайрылабыз: бул жылдагы Рамазан айын Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө долбооруна нусрат-жардам бербестен өткөрүп жибербегиле! Бул нусрат менен мусулмандардын Рамазан айындагы кубанычы убада кылынган нусрат кубанычы менен биригет. Ал эми, силердин мусулмандар арасындагы макамыңар Мадинаи Мунаввара эли арасындагы улуу ансарлардын макамындай болот. Аллах алардан ыраазы болсун. Бүгүн Уммат Ислам үчүн өмүрүн курман кылууга даяр. Хизб-ут-Тахрир Халифалык мамлекетин тикелөөнүн жол картасы үчүн Халифалыкты тикелөө долбоорун даярдаган. Силер бул даъватыбызды кабы алышыңар эле калды. Оо, күч-кубат ээлери, Аллах жакшылыгын берсин. Аллах Ислам жана мусулмандарды сактасын!

Аллах Таала айтат:

﴿فَالَّذِينَ آمَنُواْ بِهِ وَعَزَّرُوهُ وَنَصَرُوهُ وَاتَّبَعُواْ النُّورَ الَّذِيَ أُنزِلَ مَعَهُ أُوْلَئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ﴾

«Демек, ага ыйман келтиргендер, аны улуулап, ага нусрат-жардам кылгандар о.э. анын (келиши) менен түшүрүлгөн нурга (Куранга) ээрчигендер – дал ошолор гана кутулуучулар»                                                                                                                                     [7:157]

Рамазан айыңар мубарек болсун. Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Бейшембиге өткөн кече, хижрий 1444-жылдын Рамазан айынын биринчи күнү

 

Мухандис Салахиддин Азаза

Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here