Хижрий 1444-жылдагы мубарек Рамазан айынын жаңырышын күзөтүүнүн натыйжасы

3567
0

Басма сөз баянаты
Хижрий 1444-жылдагы мубарек Рамазан айынын жаңырышын күзөтүүнүн натыйжасы

Жарыя

………….
Бухарий өзүнүн «Сахихинде» Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти келтирди. Мухаммад ибн Зияд айтат: «Мен Абу Хурайра розияллоху анхунун мындай дегенин уктум: Набий ﷺ же Абу Касим ﷺ айтты:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»
«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, шаъбан айын толук отуз күн кылгыла».

Бүгүн, 2023-жыл 21-март, шейшембиден шаршембиге караган кечте мубарек Рамазан айынын жаңырышы күзөтүлгөндөн кийин жаңырган ай шаръий түрдө көрүлгөнү өз тастыгын таппады. Ушуга ылайык, эртең, шаршемби күнү инша Аллах шаъбан толук акырына жеткирилип, отуз күн кылынат жана анын эртеси, бейшемби күнү мубарек Рамазан айынын биринчи күнү болот.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here