Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын делегациясы Башкы сот жана анын жардамчылары менен жолукту

3707
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын делегациясы Башкы сот жана анын жардамчылары менен жолукту

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын делегациясы хижрий 1444-жылы 8-шаъбан, миладий 2023-жылы 28-февраль күнү Судан башкы соту, юстиция иштери боюнча башкы катчы о.э. юстиция башкармалыгынын аткаруучу комитет директору менен жолугушту. Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын борбордук алакалар комитетнин төргасы устаз Насир Риза жетектеген бул делегацияны Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий сүйлөөчүсү устаз Ибрахим Усман (Абу Халил), Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаяты межлисинин мүчөсү устаз адвокат Ахмад Абкар о.э. Хизб-ут-Тахрир мүчөсү устаз адвокат Факирхаж Мухаммад Ахмад коштоп барышты. Бул жолугушуу Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын «Суна» маалымат агенттиги аркылуу 2023-жылы 22-январда жарыяланган баңгизатка каршы күрөшүү кампаниясынын алкагында өткөрүлдү.

Устаз Насир Риза бул жолугушуу Хизбдин баңгизатка каршы күрөшүү кампаниясы алкагында болуп жатканын, делегациянын мамлекеттеги жогору бийликтин бири деген этибарда соттор менен жолугушуусунан максат – баңгизат проблемасы туурасындагы Хизбдин көз караштарын түшүндүрүү, Хизб баңгизат соодасын жөнөкөй бир соода-сатык эмес, а балким, бешинчи муундун согуштарына кирген заманбап күрөштөрдүн бири деп түшүнүшүн баян кылды. О.э. баңгизатка каршы күрөшүү зарылдыгын, соттор кабыл ала турган токтомдор болсо катъий жана тыйып коюучу токтомдор болушу керектигин, кантип кафир Батыш Судан мыйзамдарын, айрыкча, өлүм жазасы жөнүндөгү мыйзамдарды өзгөртүүнү баштаганын, баңгизатка каршы күрөштө юстициянын ролу өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

Устаз дагы мамлекет өз милдетин аткарбай жатканын, себеби, ал колонизатор Батыштын планына кызмат кылып, бизге каршы мындай согушка каршы туруу үчүн улуу Ислам акыйдасына негизделген мабдаий мамлекет т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекети керектигин баса белгиледи.

Ал эми, юстиция башчысы Хизбдин ролун жогору баалап, өз сөзүндө мамлекеттин күчсүздүгүн ачыктап: «Биз вилаяттардагы бардык кол астыбыздагы сот органдарына баңгизатка каршы күрөшкө өзгөчө көңүл бурган жана ушул проблемага жоопкерчилик менен караган сотторду дайындоо үчүн көрсөтмөлөрдү бердик», – деди.

Жолугушуунун аягында делегация башкы сотко Хизб тарабынан жарыяланган айрым китептерди берди.

 Роя гезити, №431, 2023-жыл, 22-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here