بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Даъватка жардам берүүдөгү жана Халифалык мамлекетин тикелөөдөгү аялдардын ролу
Устаза Муслима Шамий (Умму Сухайб)
Ислам аялдын деңгээлин улуу, мартабасын бийик кылды жана турмуш тармагында чоң роль тапшырды. Ошол ролдордун бири – Ислам даъватын жаюу. Бул эркекке фарз болгондой, аялга да фарз. Аял болгону үчүн ал бул фарздан чыгып калбайт. Анткени, Ислам мамлекетин тикелөө – эң улуу фарздардын бири. Бүгүнкү күндө мусулмандар башынан өткөрүп жаткан бөлүнүүсүнө, алсыздыкка, кордукка, көз карандылыкка, артта калуусуна мусулмандардын бир халифасы жоктугунунан башка себеп жок. Анткени, халифа Халифалык мамлекетинде аларды камкордук менен башкарат жана ла илаха иллаллах Мухаммадун Расулуллах мамлекетинде бириктирет. Муну мурунку мусулмандар жакшы түшүнүп, буга ишенген жана эркек-аял болуп даъватты көтөрүп чыгышкан.
Аялдар Мекке жана Мединада даъват жүгүн эркектер менен бирдей көтөрүштү. Даъваттын ийгилигинде жана жайылышында Расулуллах ﷺга алгачкы вахий түшкөндөн баштап аялдын ролу үлкөн болду, дагы эле үлкөн бойдон калууда. Расулуллах ﷺга алгачкы вахий түшкөндө жубайы Хадича бинт Хувайлид разияллаху анханын алдына барып, болгон окуяны титиреп айтып бергенде Хадича энебиз аны тынчтандырды, коркуусун арылтты жана жанына күч берди. Анын пайгамбарлыгын эң биринчи тастыктап, эң биринчи ыйман келтирди, ага жардамчы болуп, жанында жаны жана малы менен колдоп-кубаттады, коому тарабынан көргөн бардык зулум жана азаптарды жеңилдетти. Хадича энебиз жөнүндө Расулуллах ﷺ айтат:
«مَا أَبْدَلَنِي اللَّهُ عَزَّ وَجَلَّ خَيْراً مِنْهَا؛ قَدْ آمَنَتْ بِي إِذْ كَفَرَ بِي النَّاسُ، وَصَدَّقَتْنِي إِذْ كَذَّبَنِي النَّاسُ، وَوَاسَتْنِي بِمَالِهَا إِذْ حَرَمَنِي النَّاسُ، وَرَزَقَنِي اللَّهُ عَزَّ وَجَلَّ وَلَدَهَا إِذْ حَرَمَنِي أَوْلَادَ النِّسَاءِ»
«Аллах Азза ва Жалла бул аялымдын ордуна андан жакшырагын бербеди. Адамдар мага куфр келтирген убакта ал ыйман келтирди, адамдар мени жалганчыга чыгарышканда ал пайгамбарлыгымды тастыктады, адамдар мени куру калтырышканда малы менен колдоду, Аллах Азза ва Жалла башка аялдарымдан эмес, ушул аялымдан перзент менен ырыскылантты». Ошентип, Хадича энебиз рисаланын акыбеттерин жана кыйынчылыктарын мойнуна алган улуу аял катары үлгү көрсөттү.
Дагы бири – Савда бинт Замъа розияллаху анха. Ал динди үй-бүлөсүнөн жогору көрдү. Ал жолдошу менен Хабашстанга хижрат кылды. Жолдошу Махжарда каза болгон соң, Меккедеги кафир атасы менен агасынын үйүнө кайтты… Жолдошунан ажыроо мусибатына кошумча, Исламга киргени үчүн үй-бүлөсү тарабынан басымдарга учурады. Мына ошондо Расулуллах ﷺ Савда розияллаху анханын жараланган жүрөгүн дарылоо үчүн ага үйлөндү. Савда энебиз анын кызматын жана кыздарынын кызматын чырайлуу аткарды. Кийин Расулуллах Мадинаи Мунавварага хижрат кылды.
О.э. момундар энеси Жувайрия бинт Харис. Жувайрия энебиздин Исламга кириши жана Набий ﷺга турмушка чыгышы менен бүткүл коому мусулман болду.
Дагы бири, Ясирдин аялы жана Аммардын энеси – Сумайя. Ал акыйдасында бекем туруп, кыйноолорго сабыр кылып, мушрик Абу Жахлдын колунда каза болуу менен Аллах жолунда өлтүрүлгөн биринчи аял болду. Ошондо Расулуллах ﷺ мындай деп Сумайя жана анын үй-бүлөсүнө бейишти убада кылды:
«صَبْراً آلَ يَاسِرَ، إِنَّ مَوْعِدَكُمُ الْجَنَّةُ»
«Сабыр кылгыла, эй Ясир үй-бүлөсү, силерге убада кылынган нерсе – бейиш». Исламдагы жихад, күрөш жана курмандык Сумайяда өз тастыгын тапты. Себеби, ал жашы улуу болушуна карабастан, тоолор да көтөрө албай турган нерселерге сабыр кылды жана дини үчүн жанын курман кылды. Муну менен өз ыйманында бекем аялдарга үлгү болду, рисаланын акыбеттерине жана мусибаттарына туруштук берген муслиманын чырайлуу сүрөтүн көрсөттү. Бул диндин оор жүктөрүн көтөрүүдө – ар бир адам Аллах Таала берген күч жана мүмкүнчүлүгүнө карап – эркек менен аял барабар.
Асма бинт Абу Бакр розияллаху анха. Даъватта өз ролун аткарган муслима аялдын жаркын үлгүсү болду. Ал талап кылынган убакта кечикпей, чакырылган убакта чегинбей, тамак даярдап, Расулуллах ﷺ менен жолдошуна өзү жеткирип берет эле, мунун кооп-коркунучунан коркподу. Чындыгында, Асма розияллаху анхада Абу Жахлдан азар көрүп даъватты коргоодо кайрат көрсөткөнүнө күбө болосуң. Ошондо Расулуллах ﷺдын турган жерин көрсөтүп бербегени үчүн Абу Жахл Асманы жаакка тартты, бирок, ал бекем туруп, сабыр кылды.
Фатима бинт Хаттаб. Агасы Умар ибн Хаттаб менен талкуулашты. Ал тургай, Исламга киргени үчүн Умар тарабынан сабалды. Ошондо Умар карындашында дин үстүндөгү кайрат жана бекемдикти көрүп таң калды, кийин Расулуллах ﷺдын алдына шашып барып, Исламды кабыл кылды. Ооба, Умардын зулуму учурунда Фатима болоттой деңгээлди кармап, бекем турду жана агасынын элге белгилүү ырайымсыздык жана катаалдыгына карабастан, ага жылуу мамиле жасады. Анын мына ушундай позициясы Исламдын жайылышына жана фатхтарга чоң таасир кылган Фаруктун Аллах тарапка хидаят табышына жол ачты.
Расулуллах ﷺга эр кишилер катары аял кишилер да ансарлык кылышкан. Пайгамбарлыктын он үчүнчү жылы Расулуллах ﷺдын алдына жетимиш үч эркек менен эки аял келди. Алар: Насиба бинт Каъб Мазиний Умму Аммар жана Асма бинт Амр ибн Адий Умму Маниъ. Расулуллах ﷺ келгендер менен Акабада жолугушууга убадалашты. Алар түн ичинде анын алдына барышты. Ошондо эки аял да эркектер менен биргеликте Расулуллах ﷺга байъат беришти.
Бардыгыбыз Умму Аммара согуш майданында каармандык көрсөткөнүн жана Ухуд согушунда Расулуллах ﷺды коргоо шарапатына жеткенин жакшы билебиз. Умму Аммара аны коргоодо соккуларга учурады, бирок алган жарааттарына көңүл булбай, аны коргоду… Умму Аммара он эки жеринен жаралангандыгы жөнүндө риваят кылынган. Андан тышкары, ал инсаний милдетин да аткарып, мужахиддерди дарылоо жана жараларын байлоо менен Аллах жолунда кайра жихад кылууга жолдоп турган.
О.э. Умму Маниъ да Расулуллах ﷺга байъат берүү менен чектелбеди, пайгамбар менен душманга каршы жихадда катышты. Хижраттын алтынчы жылы Хайбарда Умму Маниъ жыйырма аялга жетекчилип кылып, пайгамбардын алдында болду. Аялдар мужахиддердин жараларын дарылоо, суу берүү жана согушка кайраттандыруу менен алектеништи.
Насиба бинт Харисаны да эч качан унутпайбыз. Ал Набий ﷺ менен бирге согуш жана казаттарга чыкты жана бул казаттардын саны жетиге жетти. Муну менен бирге Насиба мужахиддердин жаралангандарын дарылоодо өзгөчө кызмат көрсөткөн.
Шексиз, бул биринчи муслима аялдар Расулуллах ﷺ менен даъват жүгүн көтөрүштү жана бул жолдо кыйынчылыктарга туш болушуп, Хабашстанга, кийин Мадинаи Мунавварага хижрат кылышты. Үй-бүлөсүнөн, мекенинен жана жылуу орундарынан ажыроо кыйынчылыктарына сабыр кылышты. Себеби, алар даъват кыйынчылыктарын көтөрүүдө эркектер менен бирдейбиз деп билишти.
Ошондктан, бүгүнкү күндөгү муслималар да Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн даъватты көтөрүп чыгуу – эркектер менен барабар – аялдарга да фарз экенин түшүнүшү керек. Аллах Таала муслималарга намаз, орозо, хаж жана зекетти өтөөнү жана Ислам өкүмдөрүнө амал кылууну фарз кылгандай, Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн даъват кылууну да фарз кыганын түшүнүшү зарыл. Себеби, ушул хитабдарга эркектер кандай таандык болушса, аялдар да ошондой таандык.
Аллах Таала айтат:
﴿وَلْتَكُنْ مِنْكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ﴾
«Араңарда жакшылыкка даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир жамаат болсун, дал ошолор ийгилик табуучулар» [3:104]
«مَنْ رَأَى مِنْكُمْ مُنْكَراً فَلْيُغَيِّرْهُ بِيَدِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِلِسَانِهِ، فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِقَلْبِهِ، وَذَلِكَ أَضْعَفُ الْإِيمَانِ»
«Силерден кимде-ким мункарды көрсө аны колу менен кайтарсын, эгер кудуреттүү болбосо тили менен, буга да кудуреттүү болбосо жүрөгү менен кайтарсын. Жүрөгү менен кайтаруу – ыйманы алсыз».
«وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِيْ عُنُقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»
«Кимде-ким мойнунда байъаты болбогон абалда өлсө, жахилият өлүмү менен өлүптүр».
Аллахтын урухсаты менен жакында тикелене турган Ислам мамлекети күчүбүздүн жетишинче Аллах Субханахуга калыс аракет кылышыбызга муктаж. Ушул аркылуу Исламды жардамсыз калтырбай, ага нусрат-жардам бергендерден бололу.
Роя гезити, №430, 2023-жыл, 15-февраль.