Фалестиндин айланасындагы саясий иш-аракеттер: алардын себеп жана максаттары

1299
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестиндин айланасындагы саясий иш-аракеттер: алардын себеп жана максаттары

 Доктор Ибрахим Тамамий

Хизб-ут-Тахрирдин мубарек Фалестин

жериндеги маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

«Мен эч бир администрацияда мындай болуп көрбөгөндөй ырааттуу иш-аракеттерди көрбөгөм». Бул АКШнын Вашингтондогу Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги корунун серепчиси  жана мурунку сүйлөшүүчү Аарон Дэвид Миллердин сөдөрү. Миллер Американын Фалестин маселеси боюнча Жакынкы Чыгыштагы иш-аракеттери жөнүндө айтууда. Туура, Американын Фалестин маселеси боюнча бүгүнкү күндө ишке ашырып жаткан  аракеттери бул түрдө жана бул даражада жасалып жаткан биринчи аракет эмес. Себеби, региондо бул маселе боюнча өтө көп иш-аракеттер жасалган. Мисалы, мурун да, жакында да бир нече саясий пландар түзүлгөн. Алардын эң көзгө көрүнгөнү «эки мамлекет» долбоору болуп, бул долбоор Фалестин маселесин жок кылуу жана жаңжалды токтотуу үчүн АКШнын улам алмашып жаткан администрациялары тарабынан күн тартибине киргизилген. Бирок, Аарон Дэвид баса белгилегендей, бул жолку аракеттер болуп көрбөгөндөй даражада кеңири көлөмдүү болду. Биз бул макалабызда ушуларга токтолуп, алардын себептерин жана алардан көздөлгөн саясий максаттарды ачыктайбыз.

Бул иш-аракеттер адаттан тыш көрүнүштө болду. Себеби, алар Ак үйгө жаңы АКШ администрациясы келиши менен эмес, яхудий вужудунун жаңы өкмөтү түзүлөрү менен ишке ашты. Мындан, демек бул иш-аракеттер эки версиянын бирин ишке ашырууга багытталганын түшүнсөк болот. Биринчи: яхудий вужудунда жаңы өкмөт т.а. Американын тынчтыкка жетүү жана күрөшкө чекит коюу долбоорун жактаган өкмөт түзүлүшү артынан бул иш-аракеттер «эки мамлекет» чечимин жүзөгө чыгарууга каратылып, учурда АКШ администрациясы бул долбоорду ишке ашыруу үчүн убакыттан пайдаланып калмакчы болууда. Бирок, бул версия яхудий вужудунда жүзөгө келген саясий кырдаалга бүтүндөй тескери. Себеби, өкмөткө келгендер тавратий акыйданы карманган оңчул улутчул яхудийлер болуп, алар «эки мамлекет» долбоорун четке кагып, Фалестинди яхудийлер үчүн улуттук мекен кылууну талап кылышат. Экинчи версия болсо, бул иш-аракеттер кийинки өкмөттүн «эки мамлекет» долбоорун четтеп өтө турган белгилүү бир саясатын токтотуу үчүн  жасалууда. Биз муну кеңири ачыктап өтөбүз.

Президент Эйзенхауэр заманынан бери Америка Фалестин маселесин чечүү үчүн иштеп чыккан идея жана долбоору «27 миң квадрат километрден турган Фалестин картасынын» алкагында «эки мамлекет» курууга негизделген. Бул болсо, 1967-жылдагы аймактар деп аталган чегараларга негизделиши керек эле. Бирок, англистердин 1967-жылдагы жаман ниеттеги айла-амалы жана алардын малайы король Хусайн Американын басымынан качуу үчүн Батыш Жээкти яхудий вужудуна бериши ыплас «эки мамлекет» долбоорун токтотту жана яхудийлер аны ишке ашыруудан четтешти. Бирок, ушунча ийгиликсиздиктерге карабастан, Америка өз долбоорун тыгыштырып келүүдө. Муну АКШ тышкы иштер министри Блинкендин регионго жасаган акыркы сапарында «Кошмо Штаттар «эки мамлекет» чечимин ишке ашыруунун тарапкери» деген сөздөрү тастыктап турат. («Ал-Жазира нет», 2023-жыл, 1-февраль). Америка бул долбоорду яхудий вужуду орноткон кырдаалга туура келиши үчүн өтө ылайыкташуу менен ишке ашырууга урунууда. Маанилүүсү, фалестиндиктер үчүн бир мамлекет курулушу керек, анын чегарасынын мааниси жок. Трамп аракет кылган нерсе да мына ушул. Бирок, учурда Байден администрациясы Россия, Европа жана Кытайга байланыштуу чоң маселелер менен алек болгону үчүн абал бир аз башкача. Бул маселелер АКШ тышкы саясатындагы үстөм багыт болуп, Америка учурда яхудий вужудунда жана бүткүл региондо шамалы тескери согуп жаткан «эки мамлекет» чечимин ишке ашыруу менен шугулданбастан, жогоруда айтылган маселелер менен алектенип, көңүлүн ошолорго буруп келүүдө.

Ооба, региондогу бул аракеттер Нетаньяху улутчул оңчул партиялар менен союз түзүп, жаңы өкмөт түзүшү артынан ишке ашууда. Фалестин калкын көчүрүп, Батыш Жээкти аннексия кылууну талап кылып жаткан бул партиялар менен Нетаньяху парда артында саясий кызматтар жана мажбурияттар боюнча келишип алды. Бул болсо, яхудий вужудундагы ушул саясий өзгөрүүнү көрүп жаткан Американы катуу кабатырга салды. Бул вужуд тынч эле, ашыкча ызы-чуусу жок Батыш Жээкке кеңейип, аны кошуп алуу үчүн ушул убакытка чейин ыңгайлуу учурду күтүп жаткан. Эми болсо, тоорот истериясына, каалоо-нафсиге ээрчип, «эки мамлекет» куруу саясий долбоорун четтеп өтүүдө о.э. Батыш Жээкти аннексиялоого аракет кылууда. Өз кезегинде, бул абал яхудийлер ал жерде көптөгөн кылмыштарды жасашында, үй-жайлар буздурулуп, яхудийлерге турак-жай курууда өз тастыгын табууда… Ал тургай, мындай абал жарылуу чекитине келди… Региондо саясий аракеттердин кеңири көлөмдө жана токтоосуз болушуна себеп да мына ушул. Максат – абалды тартипке салуу, Батыш Жээк жана Куддуста яхудий вужудун тизгиндөө, маселени башкаруу үчүн негиздерди иштеп чыгуу о.э. кескиндикти алдын алуу. Себеби, кескиндик регионду алоолонтушу жана башка маанилүү маселелер менен алек болуп жаткан Американын иштерин чаташтырып жибериши мүмкүн.

Табигый суроо пайда туулат: бул иш-аракеттер кырдаалды басаңдатабы? Ал болбосо, анда эмне болушу мүмкүн?

Кеп багынууну билбеген караттуу мусулмандар жана эр жүрөктөрдүн очогу болгон мубарек жер жөнүндө болууда! Ушул себептен улам, кырдаал курч бойдон калышы табигый! Эгер, бул кырдаалга баскынчынын Батыш Жээкти аннексия кылышын, адамдарды көчүрүүгө жана «эки мамлекет» долбоорун жок кылууга каратылган карамүртөздүктөрүн кошо турган болсок, абал басаңдагандан кийин мурункудан да үрөй учура турган түрдө катуу жарылат. Салыштырмалуу солгун абал өтмүштө калды. Бирок, ошондой болсо да, региондогу бул иш-аракеттер яхудий вужудуна басым кылып, аны жаңы келишимдерге кызыктыруу аркылуу кескиндикти басаңдатышы мүмкүн. Т.а. кезектеги мамилелерди нормалдаштыруу иштери, мужажиддерди жок кылуу үчүн Рамаллахтагы администрация кызмат кылып бериши о.э. регион жана Иран маселесинде Америка менен аскерий кызматташуу сыяктуу убадаларга яхудийлерди кызыктыруу сыяктуу иштер болушу мүмкүн. Бирок, баары бир кырдаал кайра жарылуу абалына келиши турган кеп.

Бул аракеттер кескиндикти басаңдата албастыгынын ыктымалы көбүрөөк. Себеби, Фалестин маселеси Нетаньяхуга, же Бен-Гвирге, же болбосо Смотричке чектелбеген. Балким, улутчул оңчул саясий чөйрө аларга добуш берген калктын үчтөн эки бөлүгү менен корголгон, калган үчтөн бир бөлүгү да оңчул партиялардын тарапкери. Негизи, бул улутчул партиялар Нетаньяху өкмөтүнө кошулбагандыгына карабастан, кылмыштуулукта анын коалициясынан калышпайт. Мындан тышкары, яхудий институттар, уюмдар жана лоббилер баскынчы вужуддун бүткүл Фалестинди ээлөө долбооруна кошулушкан. Алар долбоорду ишке ашыруу тездиги, механизми жана аткаруу жолу туурасында гана кайчы пикирде.

Түпкүлүгүндө, «эки мамлекет» долбоору яхудийлердин пайдасына жана аларды региондо сакталып калуу үчүн түзүлгөн. Ушул себептен улам, яхудийлердин бул долбоорго каршы чыгып жатышканы алардын акылсыз коом экенин көрсөтүп, өз колдору менен өз кыйроосун тездетип жатканын көрсөтөт. Чынында, алардын кыйрашына аз калды, муну Батыш мамлекеттери, саясатчылар, ал тургай, яхудийлердин тарыхчы жана саясатчылары да көрүп турушат. Көрүшкөнү үчүн күрөш кайра өз ордун таап жатканын т.а. Ислам менен куфр жана мусулмандар менен яхудийлер ортосундагы күрөш кайра башталып жатканын эскертишүүдө. Мисалы, британиялык жазуучу-журналист Дэвид Хёрст өзүнүн «Үлкөн сионисттик долбоорго жарака кетип «израиль» кыйроого карап бара жатабы?!» деген макаласында мындай дейт: «Европага кирүүгө визасы болбогон жана кеңири көлөмдүү ыктымалдагы согуштун акыбеттерин өз мойнуна ала албаган ар бир «израилдик» яхудий үчүн бүгүнкү абал эскертүү сигналы болушу керек… Себеби, бул улутчул диний кыймыл дүйнөдөгү 1.6 миллиард мусулманга каршы согуш ачууну максат кылган көрүнөт».

Шексиз, Фалестин калкы үчүн кооп-коркунуч өтө чоң жана күндөн-күнгө чоңоюп барууда. Ошол эле убакта, бул Ислам Умматы үчүн саткын өкүмдарларды кулатуу жана бул мубарек жерди азат кылууга аракеттенүү үчүн алтын учур болуп эсептелет. Себеби, учурда ири мамлекеттер өздөрү менен өздөрү алек болуп калышкан… Уммат яхудий вужудуна жана анын кылмыштарына катуу кыжырданууда жана бул вужуд андан болгону бир кадам гана алыс турат. Аллахтын уруксаты менен, Уммат аны бир саатта жок кылууга кудуреттүү.

 

Роя гезити, №430, 2023-жыл, 15-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here