Жапаров Түркия президенти менен жолугушту

1867
0

Жапаров Түркия президенти менен жолугушту

         Президент Садыр Жапаров бүгүн 15-мартта Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө өлкө башчыларынын кезексиз саммитине катышуу үчүн Анкарага барды. Саммитти утурлай, Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Жолугушуу жабык эшик артында өткөнү кабарланды.

         Маалыматка ылайык, Саммит “Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам” темасына арналууда. Кезектеги жолугушууга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан лидерлери уюмдун толук кандуу мүчөсү, Түркмөнстан, Венгрия, Түндүк Кипр байкоочу катары катышмакчы.

         Саммит Түркиядагы миңдеген адамдын өмүрүн алган зилзаладан кийин өтүп жатат. Ошондой эле, 14-майда өтө турган президенттик жана парламенттик шайлоонун алдына туура келди.

         Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы түзүлүп, башында түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданий тармакта кызматташтыгын камсыздап келген. Уюмдун негизги максаты түрк элдерин бириктирүү менен Орусиянын Борбор Азиядагы таасирин алсыратуу болуп эсептелет. Бул уюм аркылуу Эрдоган ички саясатта калктын колдоосуна ээ болууну көздөйт. Ошондуктан, кезексиз саммит шайлоо астынан өткөрүлүүдө.
Белгилүү болгондой, АКШ Борбор Азияга карата саясатын Түркия аркылуу ишке ашырууга аракет кылууда. Бул уюм ушул саясий кызыкчылыктын алкагында түзүлгөн. Демек, буга окшогон уюмдар Исламий биригүү сыяктуу чагылдырылса да, түпкүлүгүндө колонизаторлордун кызыкчылыгына кызмат кылат. Алар алсыз өлкөлөрдү колония кылуу менен байлыктарын талап-тоноону, калкын арзан жумушчу күчү катары пайдаланууну гана каалашат. Андыктан, биз мусулмандар, бүгүнкү эл аралык майдандагы эч бир уюмду тан албашыбыз керек. Анткени, алардын баары жогорудагы империалист мамлекеттердин, же алардын биринин кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн. Демек, алардын баары кандай гана иш алып барбасын, түпкүлүгүндө катага негизделген. Тескерисинче, биз бул уюмдардын ордуна, мусулмандарды эле эмес бүткүл адамзатты империализм зулматынан Ислам нуруна алып чыга турган мамлекетти тикелөөгө аракет алып барышыбыз шарт! Мына ушул мамлекетте бир тууган мусулман мамлекеттеринин арасында чек ара тосугу маселеси калбайт. Тескерисинче, бардык мусулман өлкөлөрү адилеттүү амирдин кол астында ар кандай коркунучка каршы бир денедей күрөш алып барышат!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here