Си Цзинпин Орусияга расмий сапар менен барат

598
0

Си Цзинпин Орусияга расмий сапар менен барат

         Кытайдын лидери Си Цзинпин Орусияга болгон расмий сапарынын алкагында президент Владимир Путин менен жолугат. Бул тууралуу Кремль маалымат таркатты. Маалыматты Кытайдын Тышкы иштер министрлиги да тастыктады.

         Кабарга ылайык, Путиндин чакыруусу менен келе жаткан Кытай лидери Орусияда 20-22-март күндөрү болот. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктан тышкары, Украина маселесин талкуулай турганы маалым болду. Бул Кытай лидеринин үчүнчү беш жылдыкка шайлангандан кийинки Орусияга алгачкы сапары болмокчу.

         16-мартта Кытай менен Украинанын Тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөшүп, кризисти саясий жол менен чечүүнү талкуулашканы кабарланган.

         Буга чейин Кытай Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту жөнгө салуу үчүн 12 пункттан турган планын сунуштаган. Анда камтылган чакырыктар Кытайдын Украина согушу башталган учурда Россиянын жанындагы ордунан алыстаганын көрсөтөт. Тагыраагы, Россиянын согушта алсырап баруусу, Кытайды артка кадам таштоого жана Батыштын талаптарына ылайык позицияны карманууга мажбур кылууда.

         Кытайдын бул кадамына АКШнын мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Нед Прайс дароо билдирүү жасап, Кытай бейтарап мамлекет катары эсептелбей турганын айткан. Муну менен АКШ Кытайга карата моюн сундуруу саясатын колдоно турганына ишара кылууда.

         АКШ Украина маселесинде Европа мамлекеттерин да бир уюлга бириктире алды. Натыйжада, Украинага аскердик жана каржылык жардамдар агылып, Орусияга каршы бекем туруусун камсыздады. О.э Орусияга каршы санкциялар аркылуу Батышты өз артынан ээрчите алды. Мындан улам, баштагы Англия, Германия, Франциянын ар башка позициялары учурда АКШ кызыкчылыгы айланасында жүрө турган болду. Украинаны Россияны эл аралык майданда сындыруу үчүн курал катары пайдаланып жаткан Америка, Кытайга каршы Тайвань маселесин козутуп баштады. АКШ муну менен эле чектелбей, Кытайдын айланасындагы мамлекеттерди колдоо менен ага басым өткөрүүдө. Маселен, дүйнөнүн үчүнчү экономикасы болгон Японияны кайрадан куралдануусуна шык берип жатат. Жакынкы жылдары эң көп калктуу мамлекетке айланышы күтүлүп жаткан Индияны колдоо менен Кытай чек араларында жаңжалдарды тутантууда. О.э Австралия жана Канада менен союз түзүү аркылуу аларды да Кытайга каршы багыттоого аракет кылып жатат.

         Ал эми, эл аралык майданда кубаттуулугу айтылып келген Орусия армиясынын алсыз тараптары Украина согушунда ачылып калды. А түгүл, акыркы учурда айрым аймактардагы жеңилүүлөрү анын аброюн жер төмөн түшүрдү. Анын кубаты атомдук куралы менен чектеле турган болуп калды. Экономикалык жактан ансыз да алсыз абалы Европанын мунай-газ импортун токтотуусу себептүү дагы да алсырады. Мындан улам, Кытай Орусия үчүн бирден-бир амандык эшиги болуп калды.

         Кытайдын позициясына келсек, ал АКШ үчүн Орусиядан да башкы сапта турган душманы экенин жакшы билет. Ошондой эле, АКШ жана Европа базарлары тышкы соодасынын негизги кубаты экенин да түшүнөт. Бул Кытайдын ортомчулук ролду аткаруу үчүн демилге көтөрүүсүнө түрткү берген негизги себеп. Анткени, Орусия үстүндөгү кара булуттун кезеги ага тез эле жетерин жакшы билет. Кытай алгачкы күндөрдө Орусиянын согушта тез арада жеңип чыгышын күткөн болсо, учурда Орусиянын үмүтсүз аракети анын демилге көтөрүп чыгуусуна түрткү берүүдө.

         Жыйынтыктап айтканда, Кытайдын ортомчулук аракети негизинен өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарынан келип чыккан. Ал Украина маселесинин артынан Батыштын санкцияларына туш болуп, экономикалык жактан зыян тартпоо үчүн, дээрлик Батыш чакырып жаткан нерселерге чакырууда. Муну менен АКШ баштаган эл аралык түзүмгө каршы чыкпаганын көрсөтмөкчү болууда.

        Албетте, пайдага жана өкүмзордукка негизделген бүгүнкү капиталисттик мамлекеттерден мындан башка абалды күтүү да мүмкүн эмес! Алар дүйнөнүн жакшылыгы үчүн эмес, өз кызыкчылыктары негизинде бири-бири менен күрөшүп жатат. Орусия ар бир украиналыкты өлтүрүү менен болсо да аймакты көзөмөлдөп калууга аракет кылууда. Америка баштаган Батыш Орусияны эл аралык майдандан сүрүп чыгаруу үчүн украин аскерлерин курал катары пайдаланууда. Эки тарап тең, бири-бирин жеңип чыгуу үчүн Укрианада согушуп жатат… Алар үчүн агып жаткан кандар, күйүп жаткан жандардын эч бир кыйматы жок. Бул абал тарыхтын кайрадан кайталанып жатканын элестетет. Кудум Персия менен Византия бири-бирин жок кылуу үчүн күрөшүп жаткандай… Бул абал Алла Таала акыйкат жана адилеттик калкы болгон Ислам үммөтүнө нусрат жана ачык фатхтарды насип кылганга чейин уланган эле. Натыйжада каапырлар жеңилүү жана шерменделик даамын татышкан. Алланын уруксаты менен бул абал кайрадан кайталануу алдында турат. Андыктан, мусулмандар эл аралык саясатта адилеттикти кепилдеп бере турган Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылышы керек. Ансыз, дүйнө калкы колонизаторлордун курмандыгына айланып, согуш жана зулумдук астында эзилип кала бермекчи…!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here