Мисир муфтияты беймаани фатвалары менен Халифалыктын фарз экендигин четке кагып, Халифалыкты кайра тикелөөгө аракет кылып жаткандарга каршы күрөшүп жатат

2121
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мисир муфтияты беймаани фатвалары менен Халифалыктын фарз экендигин четке кагып, Халифалыкты кайра тикелөөгө аракет кылып жаткандарга каршы күрөшүп жатат

 Доктор Махмуд Абдулхадий

Айрым веб-сайттарда Мисир муфтиятынын «Халифалыкты кайтарууга аракет кылуу маанисиз. Себеби, халифа – андан мурункунун орун басары. Бүгүнкү өкүмдө мусулман өлкөлөрүндөгү башчылардын баары халифалар т.а. бири-биринин орун басарлары болуп эсептелишет. Ошондуктан, Халифалык тикелөө үчүн алып барылган ар кандай аракет маанисиз. Себеби, халифалык бүгүнкү күндө бар» деген фатвасы таралууда. Бул фатвада «халифалар көп болушу жаиз, себеби, шарият Халифалыктын жалгыз болушун шарт кылбаган» деген сөздөр да келген. Бул жалганды айткандар «тарыхта мусулмандардын бир учурда бир нече халифалары болгон» деген нерсе менен өз сөздөрүн актоого урунушуп, Аллах Тааланын:

﴿إِنِّي جَاعِلٌ فِي الأَرْضِ خَلِيفَةً﴾

«Мен жерде халифа кылмакчымын»                                                                                     [2:30]

деген аятын келтирип, ар бир адам халифа дешти жана маселени өз вакиълигинен буруп салышты.

Бул «фатвага» ылайык, бүгүн исламий өлкөлөрдөгү өкүмдарлар шаръий халифалар болуп эсептелет, ал тургай, дүйнөдөгү бардык жетекчилер халифалар саналышат, себеби, алар алардан мурунку өкүмдардын халифалары-орун басарлары!

Бул келжирөөдөн башка нерсе эмес. Мындан тышкары, алар “خليفة” сөзүнүн бир катар маанилерин аралаштырып, бул жөнүндөгү өкүмдү атайылап бурмалашты жана анын аброюн түшүрүштү.

Адам фатвадагы мындай адашууну жана келесоолукту көрүп жака кармайт. Себеби, анда сахабалардын жана бүткүл Уммат уламаларынын ижмасына тескери келген абдан көп чаташтыктар бар… Фатвада өтө сабатсыз сөздөр бар, муфтийлер биякта турсун, бир аз илими бар адамдар да ал сөздү айтпайт! Анда катъий өкүмдөрдү бурмалоо жана жалган орун алган. Мисалы бул сандырактар «Халифалык бардык мусулмандардын башкы жетекчиси болуп, ал көп болбойт», «Халифа бирөө болот», «Ислам Умматы да бир Уммат», «Умматтын бир жетекчисинен башка жетекчиси болбойт» деген мазмундагы катъий өкүмгө тескери.

Бул жөнүндө бардык имамдар, этибарлуу фукахалар келишишкен. Себеби, Халифалык жөнүндө шаръий далилдер өтө көп болуп, бардыгы катъийликти түшүндүрөт. Мисалы, Ислам Умматынын калктары канчалык көп, канча деген элдер жана тектерден турушуна карабастан, бир бүтүн болушуна Куръани Карим буюрган. Аллах Таала айтты:

﴿إِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاعْبُدُونِ﴾

«(Эй инсандар), силердин умматыңар чындыгында бир Уммат. Мен болсо (баарыңардын) Роббиңермин. Демек, Мага гана сыйынгыла!»                                                               [21:92]

Бул аят Умматтын жетекчиси бирөө болушун буйруп жатат. Демек, мусулмандар бир Уммат жана бир жамаат болушу керек. Алардын бирден ашык, эки же андан көп мамлекеттери болушу жаиз эмес. Себеби, Набий ﷺ мусулмандардын жамааты жана имамы бирөө болушу зарыл экенин буюрду, жамаатты бөлүүнү, бир нечеге ыдыратууну көздөгөндөрдү өлтүрүүнү, эки халифага байъат кылынса экинчисин өлтүрүүнү буйруду. Имам Муслим Расулуллах ﷺдын мындай дегенин риваят кылган:

«إِذَا بُويِعَ لِخَلِيفَتَيْنِ فَاقْتُلُوا الْآخَرَ مِنْهُمَا»

«Качан эки халифага байъат кылынса, алардын экинчисин өлтүргүлө».

«وَمَنْ بَايَعَ إِمَاماً فَأَعْطَاهُ صَفْقَةَ يَدِهِ وَثَمَرَةَ قَلْبِهِ فَلْيُطِعْهُ إِنْ اسْتَطَاعَ، فَإِنْ جَاءَ آخَرُ يُنَازِعُهُ فَاضْرِبُوا عُنُقَ الْآخَرِ»

«Кимде-ким бир имам менен байъатташып, ага колун жана жүрөгүнүн төрүн берсе, колунан келгенче ага итаат кылсын. Эми, эгер башкасы келип, андан Халифалыкты талашса, аны өлтүргүлө».

«مَنْ أَتَاكُمْ وَأَمْرُكُمْ جَمِيعٌ عَلَى رَجُلٍ وَاحِدٍ يُرِيدُ أَنْ يَشُقَّ عَصَاكُمْ أَوْ يُفَرِّقَ جَمَاعَتَكُمْ فَاقْتُلُوهُ»

«Кимде-ким баарыңар бир кишиге итаат кылып турганыңарда келип биримдигиңерди бузмакчы же жамаатыңарды бөлмөкчү болсо, аны өлтүргүлө».

Фатвада «خليفة» (халифа) сөзүнө «андан мурункунун орун басары» деген маани берилгенине келсек, бул ачыктан-ачык адаштыруу болуп эсептелет. Себеби, Аллах Тааланын:

﴿إِنِّي جَاعِلٌ فِي الأَرْضِ خَلِيفَةً﴾

«Мен жерде халифа кылмакчымын»                                                                           [2:30]

деген аятында «خليفة» (халифа) сөзү Адам алайхиссаламды түшүндүрүүдө. Адам андан мурунку эч кимдин орун басары эмес. Бул аяттагы «халифа» сөзү тигилер айткан жалган мааниден бүтүндөй башка экени көрүнүп турат. Негизи, алардын айтканын фатва деп да, шаръий раъй деп да болбойт. Жогорудагы аяттын тафсиринде шейх Мухаммад Тахир ибн Ашур мындай дейт: «Бул аяттагы халифа – Адам. Адамдын халифалык кылышы – Аллах Таала жер жүзүн абад кылуу туурасында илхам же вахий аркылуу билдирген каалоосун аткаруу».

Туура, «خليفة» (халифа) сөзүндө андан мурункунун орун басары деген маани да бар. Бирок, ал өкүмдар маанисиндеги халифанын мааниси эмес. Халифанын шаръий мааниси анын укук жана жоопкерчилигинде жатат. Шаръий терминде «خليفة» (халифа) сөзү мусулмандардын башкаруусу тапшырылган жана Исламды колдонуу шаръий түрдө жүктөлгөн башчы дегенди түшүндүрөт. Ал халифа т.а. мусулмандарга башчы болуу ишин кабыл алган киши. Башкача айтканда, халифа Исламды колдонуу жана бардык иштерди Ислам өкүмдөрү менен жүргүзүүнү өз мойнуна алган киши. Эртең Ислам мамлекети тикеленгенде анын өкүмдары халифа болот. Бирок, ал өкүмдарлыкта андан мурункунун орун басары болбойт.

Фатвадагы «тарыхта мусулмандардын бир убакта бир нече халифалары болгон» деген шылтоого келсек, бул ушул фатвачылардын өтө бетпактыгын көрсөтүүдө. Себеби, алар Исламга каршы күрөшүү жана Ислам өкүмдөрүн бузууну камтыган өз кылмыштарын актоо үчүн шариятка тескери тарыхий окуяларды далил кылып жатышат. Эгер, бул адашуу туура болгондо, азыркы өкүмдарлардын кылмыштары кыянат, чоң күнөө жана мусулмандарды кыргын кылуу сыяктуу иштердин жаиздигине далил болот эле!

Ошондуктан, Мисир фатвалар мекемеси Халифалыктын фарз экендигин четке кагышы жана Халифалыкты тикелөөнү маанисиз деши шариятка негизделбеген, тескерисинче, куфрга таянган сөздөр болуп, сөз ээлери илимий жана ахлакий жактан төмөндүгүн көрсөтүп жатат. Эгер, бул нерсе Батыштын Халифалыкка жана саясий Исламга каршы кеңири көлөмдүү күрөшүнө байланыштуу болбогондо, бул жөнүндө сүйлөп, убактыбызды бекер кетирбеген болот элек. Мындан улам, бул фатвага раддия шаръий түрдө каралоо үчүн гана эмес, бүтүндөй мууздап жок кылууга багытталышы керек.

Эгер, кафир өкүмдарлар, ахлаксыздык жана уятсыздыкта бири-бирине орун басар болуп келе жаткан малай өкүмдарлар болбогондо, бул сыяктуу адашуулар тарабайт эле.

Мисир муфтиятынын бул сөздөрү адашуу жана ар кандай нерседен атайылап айып табуу аракети болуп, Мустафа Кемалдын фитналарынын бири гана болбостон, анын фитнасын өнүктүрүү болуп саналат.

 

Роя гезити, №429, 2023-жыл, 8-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here