Ражаб айы! Ал кандай окуяны эске салат? Кайсы кырсыкты жемелейт? Кандай амалды улуулайт?

680
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ражаб айы! Ал кандай окуяны эске салат? Кайсы кырсыкты жемелейт? Кандай амалды улуулайт?

 Устаз Асъад Мансур

Ражаб айы ага таандык жана улуу маанисине ылайык окуяларга ээ. Бул айда көп үлкөн окуялар болгон. Мусулмандар аларга келе турган душмандын кооп-коркунучун жана чабуулдарын унутпастыгы үчүн Аллах Өз пендесин Исра түнү Харам мечитинен Акса мечитине сейил кылдырды, ал жерден асманга көтөрдү… Ушул себептен улам, бул айды ойгоолук жана сергектик айы кылды.

Ражаб айы – куралдардын үнү чыкпаган т.а. согуш харам кылынган ай. Бул айдын урматын Ислам харам кылган нерселерди бузгандар гана тебелеп-тепсейт. Бул айда рахмат жаайт о.э. ал береке жана фатхтар айы болгон Рамазан шарифтин жакындашып келе жатканынан кушкабар берет.

Бул айда өтө жийиркеничтүү кылмыш жасалды. Муну өзүн түрктөрдүн атасы деп атаган адам – түрктөр андан аруу – жасады. Ал түрктөрдү адаштырып, намыстарынын коргону, күч-кубатынын сыры, кол астындагыларынын коргоочусу болгон Халифалыкты кулатып, шариятты бекер кылды, бузукулукка уруксат берип, фазилетти тыйды. Республика, илманийлик жана демократия сыяктуу бардык ыплас башкарууларды жарыялап, мусулмандарга таптакыр жат болгон кафирлердин сабынан орун алды. Мындан жүз жыл мурун түзүлгөн Лозанна келишиминде Усманий Халифалыктын вилаяттары колонизатор кафир мамлекеттерге кетти. Бул кимсе азиз-күчтүү адамдарды кордоп, аны улуулоого, мусулмандарга жана Исламга кыянат жана кылмыштарын мактоого адамдарды мажбурлады.

Ошол убакта адамдар фарздардын таажысы болгон Халифалыктын кулатылышына сүкүт сактоо чоң күнөө экенин аңдап түшүнүшкөн жок. Халифалыктын кулатылышын токтотуп калууну өмүр же өлүм маселеси катары мойнуна алышкан жок. Алар бул эң кымбат жана эң азиз нерселерди курман кылуу шарт болгон тагдырий маселе деп билишкен жок. Расулуллах ﷺ:

«حَتَّى يُظْهِرَهُ اللَّهُ أَوْ تَنْفَرِدَ هَذِهِ السَّالِفَةُ»

«Же Аллах бул ишти үстөм кылат же анын жолунда өлүп кетем».

«حَتَّى يُظْهِرَهُ اللَّهُ أَوْ أَهْلِكَ فِيهِ»

«Же Аллах бул динди үстөм кылат же анын жолунда өлөм», деп карманган позициясын үлгү кылышкан жок. Өтө көптөгөн адамдар ушундай капилеттик жана билбестик ичинде калып, ал тургай, баасыз нерселерин унутушту.

Көптөгөн мусулмандар бул кандай улуу фарз экенин, аны аткарбай коюу кандай чоң оор күнөө экендигин түшүнбөдөй калышты. Алардын акылы колонизатор жана анын куралдары аркылуу тикеленген режимдерге жан тарткан акылга айлантылды. Колонизатордун куралдары жалданган-саткындар, пайданы ойлогон аткаминерлер, окуу жайлар, мектептер, университеттер, басма сөз, басылмалар, массалык маалымат каражаттары жана телевидениелер болду. Ал тургай, бул режимдерге кызмат кылууга мечиттер да кошулду. Шейхтик жана уламалык дипломун алган жасалма «уламалар» бирөөнүн дүнүйөсү үчүн өз Ахыретин сатышты. Жада калса, залим режимдер жана алардын жуундукорлору Халифалык идеясы жөнүндө сөз болгондо атайылап аны жаман атты кылуу, бузуп көрсөтүү жана кемсинтүү үстүндө иштешти. Исламды ибадат жана ахлакка чектеп, муну таквалык жана ыймандын эң чокусу деп билишти. Колонизатор бул планды өтө жаман ниетте иштеп чыкты. Ал тургай, мусулманды Исламды өкүмдар кылууга жана колдонууга чакыргандарга каршы күрөшкөн, Ислам динине душмандык кылган адамга айлантты. Кафир Батыш мусулмандардын пикирлерине, күч-кубаты жана кайратынын сырына каршы күрөшүүдө мусулман перзенттеринен пайдаланды.

Бул ай мусулмандарга кайгылуу кырсыктарды эске салуу менен бирге, туйгуларын козготуп, пикирлерин да ойготууда, ушул аркылуу улуулугу жана гүлтаажысы болгон Халифалыкты кайра тикелөөгө олуттуу жана калыс аракет кылууга түрткү болууда. Ошондуктан, бардык оордук булардын бардыгын түшүнүп жеткен калыс адамдардын мойнуна түшүп жатат. Анткени, кайрат кандай даража бийик болсо, убада-шерттер да ошондой даражада болот.

Ушул себептен улам, алар катуу аракет кылууну таптакыр токтотпой, бардык баалуу нерселерин жумшоосу керек. Себеби, мусибат өтө чоң, жол узун, максатка аракет да улуу. Ошондуктан, олутуу, улуу болбогон аракеттер менен алектенбестик керек. Себеби, алар убакытты жана энергияны текке кетирет.

Бул максат жөнөкөй максат эмес. Ал Исламга тескери бардык пикир жана багыттарга каршы пикирий күрөштү жана Ислам идеологиясын гана ачык айтууну талап кылат. Анткени, Исламга тескери ар кандай пикир куру кыял болуп, ага каршы күрөшүү шарт. Туура пикир менен бузгунчу пикирди таптакыр ылайыкташтырып болбойт о.э. пикирлердин шайкештиги болбойт. Себеби, пикир таза булактан, Куръан Сүннөт нурунан алынат. Алынганда да туура, анык жана терең түшүнүк менен алынат. Батыштын философиялары, сакафаты жана жат пикирлери алынбайт. Себеби, Батыштын пикирлери, Чыгыш пикирлери, баары динсиздик пикирлер болуп эсептелет.

О.э. бул максат Халифалыктын ордунда турган режимдер менен саясий күрөш алып барууну талап кылат. Алар менен келишүү да, мунаса же жагынуу да болбойт, ал жердеги жетекчилерге жасакерлик да кылынбайт. Негизи, алар ашынган мунафык жана жалганчылар болуп, Аллахтан коркушпайт, кафирлерди болсо, дос тутушат. Демек, аларга жана саткын режимдерине сүкүт кылуу жок. Режимдердин бузгунчулугун, чириктигин, фитнасын, башкаруусу жаман жана чечими жараксыз экендигин ачуу, аны менен адамдар ортосундагы мамилеге сокку берип, адамдарды андан оолак кылуу жана режимге каршы козголуп, жетекчилерди кулатууга үндөө керек.

О.э. колонизаторлордун пландарын жана тил бириктирүүлөрүн ачыктоо, пландарын кыйратууга адамдарды үгүттөө, бул пландарды аткарып жаткан малай өкүмдарларды, саясатчыларды кулатууга аракет кылуу зарыл. Бул үчүн окуяларды күзөтүү, талдоо жана алар туурасында пикир берүү, саясий пикирди Ислам көз карашынан келип чыгып баяндоо керек болот.

Уммат ар кандай окуяга Ислам көз карашынан карашы үчүн Умматтын саясий аң-сезимин өстүрүү жана Умматка жетекчилик кылуу талап кылынат. Ошондуктан, маселе маанилүү, Умматтын ишенимине кандай кирүү керектигин түшүнүү керек. Мына ошондо Уммат даъватты калыс жайып жаткан жана даъватты мафкура жана тарыйкаты менен бири-биринен бөлбөй өздөштүргөн адамдарга өз жетекчилигин тапшырат.

Оор албастан, чарчоону билбестен аракетти күнү-түнү алып баруу зарыл. Себеби, натыйжаларды мына ушундай аракет гана жаратат. Куръани Карим чынчылдык жана калыстык менен аракет кылууга чакырууда. Демек, зикр, дуа жана орозо жетиштүү эмес, алар менен чектелүү Куръанга тескери жана бул алсыз, коркоктордун шылтоосу. Зикр-дуа олуттуу аракет менен бирге болушу талап кылынган. Аллахтын рахматы чыныгы-калыс аракет менен келет:

﴿وَمَا النَّصرُ إِلَّا مِنْ عِنْدِ اللهِ‌﴾

«Нусрат Аллахтын алдынан гана (келет)»                                                               [3:126]

деп гана менен чектелип калбастан:

﴿إِن تَـنْصُرُوا اللهَ يَنصُرْكُمْ﴾

«Эгер Аллахка жардам берсеңер, Ал да силерге нусрат-жардам берет»                    [47:7]

т.а. Аллахка жардам берүү үчүн аракет кылсаңар, Ал силерге нусрат берет деп айтылат. Аллах аракетти токтоткон момунга нусрат убада кылбаган, тескерисинче мындай деген:

﴿وَعَدَ اللهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَى لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْناً يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئاً﴾

«Аллах силерден ыйман келтиргендерге жана жакшы амалдарды кылгандарга, кудум мурунку өткөндөрдү халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды»                               [24:55]

Расулуллах ﷺ биз үчүн чырайлуу үлгү. Ага нусрат убада кылынган болсо да, аракетин бир ирмем болсо да токтоткон жок, ошентип Ислам мамлекетин тикеледи. Ал мамлекетти тикелегенден кийин да аракетин улантып, Меккени, кийин Араб жарым аралын фатх кылды. Андан соң да аракетин токтотподу, кошуун даярдап, эң улуу мамлекет болгон Румду кулатууга жөнөттү. Кийинки келген Халифалар да аны изме-из ээрчишти. Алар жүрүштөрдү улантып, күчтүү мамлекеттерди фатх кылышты, залимдерди жана ири жетекчилерди кулатышты.

Кандай гана аракет натыйжага жетүү үчүн кылынбасын, ал сабаб жана мусаббабаттарга таянышы зарыл. Бул шаръий түрдө важиб нерсе. Аллахка гана тобокел кылуу аракеттен мурун да, аракет маалында да, андан кийин да фарз. Ал эми, аракетсиз тобокелчилик – өзү бүтөткө салуучулук жана кайратсыздык.

Азыр эң ыңгайлуу учур. Себеби, кафир күчтөр бири-бири менен күрөшүп, режимдер кыйроо жакасында, сандырактарынын тамтыгы чыккан абалда турат. Демек, бул күчтөрдүн кулашы анык. Алардын тамырына курт түшүп, кемирүүдө… Жакында кулашат. Ошондуктан, жетекчиге кечирим жок, этибарсызга шылтоо жок. Бүгүн ачык-айкындуулукту каалаган жана Аллахка анык хужжат-ишеним негизинде даъват кылып жаткан адамдарга жол ачык-айкын болду. Аң-сезимдүү жамаат Набий ﷺ жана сахабалардын жолунда бара жатат… Демек, кербенге кошулгула. Ал жетимиш жылдан бери рошид Халифалыкка чакырган жолунда токтобой бара жатат. Себеби, аны коргой турган да, ага нусрат бере турган да – Жаратуучу. Халифалык кербенине кошулган адамдарга Аллах жар болсун, ажрын Өзү берсин.

 Роя гезити, №429, 2023-жыл, 8-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here