Араб мамлекеттери лигасынын делегациясы Дамаскка барды
Араб мамлекеттери лигасы Башар Асад режимин мыйзамдаштыруу үчүн Дамаскка делегациясын жөнөттү. Бул тууралуу “Сирия президентинин” расмий Телеграм каналында таратылган билдирүүдө айтылат. Билдирүүдө айтылышынча, аталган делегациянын курамындагы тогуз араб мамлекетинен келген депутаттар Асад режими башчылыгындагы Сирияны Араб мамлекеттери лигасына кайрадан кошуу маселесин талкуулоо үчүн Дамаскка сапар кылышкан.
Белгилүү болгондой, БУУнун АКШ колдоп-кубаттаган №2254 резолюциясы негизинде Асадга мыйзамдуу түс берилгендиктен, ушул резолюцияга ылайык, ал расмий жетекчи катары таанылат. БУУнун ушул резолюциясына ылайык аракет кылып жатканын билдирген Түркия өкмөтү да, Асад менен мамилеси мыйзамдуу экендигин баса белгилей баштады.
Комментарий: 22 мамлекетти камтыган Араб мамлекеттери лигасын Англия түзгөнү баарыбызга белгилүү. Бул лига – Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин мусулмандар кайрадан биригип кетишинин алдын алуу о.э. Ыйык жерге орнотуп коюлган яхудий вужудун бекемдөө жана аны араб мамлекеттери ортосунда күчтүү кылып көрсөтүү үчүн түзүлгөн мекеме. Ал бүгүнкү күндө өзүнүн ар-бир аракет жана ишмердүүлүгүн АКШ кандай сызып берсе, кудум ошондой бойдон кемчиликсиз аткарууда. Ага мүчө мамлекеттерди лига эмес, малайлык бириктирип турат.
Эске сала кетсек, 2011-жылы өзүнүн акы-укугун талап кылып чыккан жай тургундарды кыргын кылган Асад режими Араб мамлекеттери лигасынан четтетилген болчу. Ал тургай бул лига Каирде өткөн жыйынында Сириядагы химиялык чабуулдун жоопкерчилигин толугу менен Асад режимине жүктөп, аны эл аралык сотко тапшырууну талап кылган эле.
Бирок, бүгүнкү күнгө келип эч нерсе өзгөрбөсө да Араб мамлекеттери аны кайрадан лигага кошуу үчүн аракет кылып калышты. Негизи, Асад режими дагы деле өз калкын кыргын кылууну улантып жатат. Ал тургай, Сирия калкы жер титирөөдөн жабыр тартып турган кезде да Асад режими дал ошол жерлерге чабуул кылды. Бул тууралуу Сирия адам укуктары обсерваториясы билдирди.
Мына ушундан белгилүү болгондой, Араб мамлекеттери лигасынын бирден-бир милдети – колонизатор мамлекет пландаштырган долбоорду өтө жогорку деңгээлде аткаруу. Бул лиганын уставына ылайык, ар кандай Исламий өлкөлөрдүн эгемендүүлүгү таанылышы керек. Алардын арасында биригүү болушуна амалий жактан тыюу салынат. Уставга ылайык, ар бир мамлекет ар кандай алыстыкта жайгашкан мамлекет менен – ал тургай, ал мамлекет лиганын бирер мүчөсүнө душман болсо да – тыгыз мамиле орнотуу укугуна ээ. Бул болсо, Исламий өлкөлөрдү дагы да бөлүп жаруу, мусулмандардын биримдигине сокку берүү жана мусулмандардын колонизатор кафирлерге көз карандылыгын күчөтүүдөн башка нерсе эмес.
Ушуга ылайык, Араб мамлекеттери лигасы жана ушул сыяктуу мусулмандарды бөлүп-жарууга жана Исламий өлкөлөрдө кафирлердин таасирин күчөтүүгө кызмат кыла турган мекемелер болушу шарият назарынан батыл. Ошондуктан, ар бир мусулманга – буларды турмуштан шыпырып салып, элүүдөн ашык мамлекетчелерге бөлүнүп ташталган Ислам өлкөлөрүн бир байрак алдында бириктире турган – Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылуу важиб.
Зохид Заргар