КРЕДИТ – КИШЕН

2618
0

Кредит – кишен

Быйыл Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Лебединовка ГЭСин модернизациялоо үчүн 13,8 млн евро каражат бөлөт. Бул каражаттын 8,8 млн евросу кредит, калганы грант түрүндө болот. Маалымат каражаттарында ачыкталгандай, бул каражат аталган ГЭСтин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жумшалары айтылууда. Мына ушундайча энергетика секторуна кезектеги дагы бир кредит алынууда. Бул таң калычтуу эмес, себеби, энергетика сектору эң көп карыз алынган тармакка айланган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5,3 млрд долларга (451,8 млрд сом) жетти. Анын дээрлик 2 млрд доллары өлкөбүздүн энергетика секторуна сарпталган. Ага карабастан, энергетика секторунун абалы өтө аянычтуу абалда. Албетте, сектордун мындай абалга кептелишине коррупция, бул сектордон байып жаткан чиновниктердин коррупциялык схемалары себеп болууда. Ошондуктан да бул тармакка сарпталган каражаттар сууга сиңгендей жок болуп, эч бир натыйжасы болбой жатат.

Алдын ала божомолдор боюнча мамлекеттик карыз жылдын жылга өсөрү айтылууда. 2022-жылы мамлекеттик карызды тейлөө үчүн 39,5 млрд сом (450 млн доллар) жумшалган, 2023-жылы 48,6 млрд сом, ал эми, 2025-жылга барып бул сумма 75,6 млрд сомго жетери божомолдонууда. Эске салсак, 2010-жылы мамлекеттик карызды тейлөө үчүн 7,7 млрд сомдон азыраак каражат сарпталган. Демек, 10 жылда (2010-2025-ж) карызды тейлөөнүн көлөмү дээрлик 10 эсеге көбөйүп жатат.

Колонизаторлордун бул кредит саясаты өлкөбүздү туңгуюкка салып, андан таптакыр чыга албай турган шартты жаратууда. Бул – эл аралык колониялык система. Колонизаторлор өлкөлөрдү, мамлекеттерди багындыруу, чөгөлөтүү үчүн ушундай жол менен кредиттерден пайдаланышат. Ошондуктан, алар карызды төлөй албастыгыбызды билишсе да, карыз берүүнү токтотушпайт. Тескерисинче, карызга малынып, анын торунан чыга албай калуубузду максат кылышат. Муну менен колонизатор бир тараптан материалдык кызыкчылыкты көздөсө, экинчи тараптан саясий кызыкчылыгын да жүзөгө ашырып алат. Ошон үчүн, бийликтин коррупциялашкан болуусу колонизатор үчүн ыңгайлуу, манилүүсү, колонизатордун талаптарын аткарып жатса болгону.

Андыктан кредит тузагына түшкөн мамлекет мойнунан байланган иттей колонизаторду ээрчип, анын айткандарын кынтыксыз аткарат. Ошондуктан, өлкө башчыларыбыз жана чиновниктер колонизатордун талабына ылайык, эл аралык системанын ар кандай токтомдоруна, резолюцияларына, эрежелерине, мыйзамдарына кол коюп, аларды аткаруу милдетин алышат. Ал эми, ушул токтом жана мыйзамдардын баары колонизатордун таасирин бекемдөөгө гана кызмат кылат, алардын гана кызыкчылыктарын коргойт. Колонизатор бул аркылуу мамлекеттин тышкы саясатынан тартып, үй-бүлөлүк иштерибизге чейин аралашууга жол табат.

Андыктан, Исламда харам саналаган рибадан (сүткордуктан) алыс болуубуз кажет. Ошондой эле, бизди кишендеп, зулум кылып жаткан бул капиталисттик системадан кутулуубуз үчүн Исламга кайтуубуз керек. Себеби, Ислам – бул жашоонун бардык тармагына чечим берген толук бир система. Анын түзүмдөрү, мыйзамдары, өкүмдөрү бизди бул кулчулуктан куткарат, мусулмандар гана эмес, бүткүл адамзатты капитализмдин зулумунан Ислам адилетине, нуруна алып чыгат.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here