Акылбек Жапаров ишкерлерди ачык иштөөгө чакырды
Кабар: Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-мартта өкмөттүн кезектеги жыйынын өткөрдү. Анда салык саясаты, көзөмөл-кассалык аппараттарды колдонуу сыяктуу бир катар маселелер каралды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Жапаров ишкерлерди жаңы салык эрежелерине ылайык ачык-айкын иштөөгө чакырды.
“Акыркы жылдары мамлекет бир дагы жаңы салыкты киргизген жок. Болгону ишкерлер учурдагы мыйзамдарга ылайык, көзөмөл-кассалык аппараттарды орнотуп, ал аркылуу иштөөсүн суранабыз. Мындай машиналар колдонулгандан тартып салыктык түшүүлөрдүн өсүү динамикасы биздин туура жолдо экенибизди айгинелейт. Бизнес ар кандай “күңүрт”, же көмүскө схемаларды колдонбостон, ачык-айкын жана чынчыл иштеши керек”, – деди Жапаров.
Комментарий: Акылбек Жапаров мамлекет акыркы жылдары эч кандай салык киргизбегенин айтып жатат. А бирок, салыктарды оптималдаштыруу, жаңы ыкмаларды колдонуу менен Кыргызстанда ар бир кыймылдаган бизнес жана жандан салык алуу жолдорун киргизүүдө. Ушундай ыкмалардын бири базарларда жана дүкөндөрдө милдеттүү түрдө ККМ орнотуу. Быйыл күчүнө кирген жаңы салык кодексине ылайык, ишкерлер ККМ орнотууга милдеттүү. Албетте, бул нерсе көптөгөн нааразылыктарга себеп болууда. 2-март күнү Бишкектеги базарларда иштеген жүздөгөн адамдар жаңы салык эрежелерине каршы кезектеги нааразылык акциясына чыгышты. Алардын билдиришинче, товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) киргизилгенден бери чыгым көбөйүп, ыңгайсыздыктар пайда болгон жана соода начарлаган. Мындан тышкары, ишкерлер кошумча нарк салыгы (НДС), киреше салыгы, пайда салыгы, жерден пайдалануу салыгы жана соода салыгын да төлөшү керек болот. Ошондо ишкерлер пайданын 10 пайызын, айлык сооданын 1 пайыздан 5 пайызга чейинкисин, НДС 12 пайыз, жумушчу кызматкерлери болсо айлык акы фондунун 27,25 пайызын соцфондго төлөшү жана кызматкерден 20 пайызын кармап калышы шарт (10 пайыз киреше салыгы жана социалдык фондго 10 пайыз) болот. Демек, кыргызстандык ишкер “ачык”иштеймин десе кирешесинин жарымынан көбүн салык катары төлөшү керек болот. Өкмөттүн өзү карапайым калк көтөрө албай турган салык түрлөрүн киргизип алып, анан дагы ишкерлерди ачык иштөөгө чакырууда. Негизи, “көмүскө экономика” жана салыктардан качуу капиталисттик түзүмдө табигый көрүнүш болуп эсептелет. Себеби капитализм түзүмүн колдонуп жаткан ар бир мамлекетте салыктар өтө жогору белгиленген.
Белгилүү болгондой, капиталисттик түзүмдө бюджет элден чогултуучу салыктардан толтурулат. Капитализмди колдонуп жаткан Кыргызстан өкмөтү да бюджетти толтурууну жана тышкы карызды төлөөнү элдин мойнуна жүктөш үчүн салыктардын жаңы-жаңы түрлөрүн ойлоп табууда. Акылбек Жапаров мамлекет акыркы жылдары жаңы салык түрүн киргизбегенин айтып жатат. Бирок, былтыр жай мезгилинде Жогорку Кеңештин жыйынында Жапаров “Жол фонду” аркылуу ар бир унаадан салык алуу маселеси каралып жатканын, бул салык жолдорду оңдоого жана тышкы карызды төлөөгө багытталарын айткан эле. О.э. Жогорку Кеңештин июнь айындагы жыйынында Акылбек Жапаров тышкы карызды төлөө маселеси бюджеттин чыгашалар бөлүмүндө өзгөчө орун ээлешин билдирип, эгер Кыргызстан карызды өз убагында төлөбөсө бир нече объектилерди башкаруу бөлөк бирөөлөргө өтүп кетиши мүмкүндугун айткан. Белгилүү болгондой, алдыдагы беш жылда Кыргызстан тышкы карыздарды төлөөгө жыл сайын 400 миллион доллардан ашык каражат бөлүп турушу керек. А бирок, Кыргызстандын учурдагы экономикалык абалы жыл сайын мынча каражат бөлүүнү көтөрө албайт. Ошол себептен да өкмөт ар түрдүү салык, милдеттүү камсыздандыруу жана төлөмдөр аркылуу муну карапайым калктын – салык төлөөчүлөрдүн – мойнуна жүктөөгө аракет кылууда.
Исламда болсо зекеттен башка эч кандай милдеттүү салык жок. Мамлекет зекетти салык эмас, ибадат катары чогултат. Зекет важиб болушу үчүн мусулмандын колунда керектөөсүнөн тышкары 20 динар (85 грамм алтын) болуп, ал дагы бир жыл бою азайбашы керек. Ошондон кийин, ага зекет берүү важиб болот жана байлыгынын 40тан бирин зекет катары берет. (Зекет нисабына жашап турган үйү, минип жүргөн унаасы, саап ичип жаткан уйу кошулбайт). Зекет бюджеттин дефицитин жабууга, мамлекеттик иштерди башкарууга же өзгөчө кырдаалдар үчүн алынган карыздарды төлөөгө жумшалбайт. Алар үчүн мамлекеттик мүлктөн жумшалат. Зекет шарият белгилеп берген орундарга гана жумшалат, карапайым калктын салык төлөөчү болуп калышына жол берилбейт. Тескерисинче, Ислам байлардан зекет алып муктаждарга бөлүштүрүү аркылуу коомчулукта бакубат жашоону жана тең салмактуулукту камсыздайт.
Абдурахман Адилов