Улутчул кайрылууну Халифалык гана жок кылат

1234
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Улутчул кайрылууну Халифалык гана жок кылат

 Устаз адвокат Ахмад Абкар

Хизб-ут-Тахрирдин Судан

вилаяты межлисинин мүчөсү

Расулуллах ﷺ Мадинаи Мунавварада улуу Ислам акыйдасы негизинде биринчи мамлекетти тикеледи. Ал дүйнөдөн өткөндөн кийин рошид халифалар жана алардан кийинки халифалар келип, фатхтар артынан фатхтар болду. Ирак, Фарс өлкөлөрү жана Шам өлкөлөрү фатх кылынды. О.э. Мисир, Түндүк Африка, Синд, Харезм, Самарканд жана Испания фатх кылынды. Бул континенттер бири-биринен алыс, түрдүү улуттар, тилдер, диндер, адат жана үрп-адаттар, мыйзамдар жана маданияттарга ээ болуп, аклия жана нафсиялары ар-түрдүү эле. Ошондуктан, аларды бири-бирине сиңиштирип, алардан бир Умматты пайда кылуу, бир тил, бир дин жана бир маданият кылып бириктирүү оор болду. Негизи, бул жааттагы ийгилик өзгөчө болуп эсептелет. Бирок, Ислам мамлекети көп убакыт өтпөй, бул вужуддарды, тектерди жана урууларды Ислам казанында кайнатып, Ислам менен өз ара байланган пикирлери, туйгулары жана түзүмдөрү бир Умматка айлантты.

Кафир Батыш 1924-жылы Халифалыкты кулатып, мусулмандардын биримдигин бузду, бир вужудду бөлүп-жарып, Батыштын кызыкчылыктарын коргогон малай улуттук мамлекетчелерди жасады. Кийин бул мамлекетчелер мусулмандар арасында уруучулук жана тарапкечтик чыр-чатактарын келтирип чыгарды жана өз ара Исламий алаканы үзүп, улутчулдук жана уруучулук алакаларын орнотушту. О.э. мусулмандарды өз ара келишпестикти чечүүдө ааламдар Роббисинин өкүмдөрүнө кайрылбай турган, анын ордуна кафир Батыштын – Судандагы хавакир идеясы сыяктуу – мыйзамдарды абзел көргөн адамдарга айлантты. Хавакир حكر (хакр) сөзүнөн алынып, монополия-ээлик маанисин билдирет. Судандагы хавакир тарыхы илгертен Дарфурдагы султан Муса ибн Сулайман (1637-1682) заманынан бери бар. Бул султан жерлерди султандыктын ээлигине өткөрүп, кийин уруулар, уламалар жана башка адамдарга бөлүштүрүп берүү жөнүндө буйрук чыгарган. Кийинчерээк Британия колонизаторлугу келип, аны административдик системага айлантты жана ушул негизде аймактарга бөлүндү. Жаңы картада көрсөтүлгөн чегараларды тартып, аймак жетекчилигин, байлык жана ресурстарды белгилүү бир чоңураак уруу монополия катары пайдалана турган кылды жана калган майда урууларды четке чыгарды… бүгүнкү күндө Дарфур, Кордофан жана башка жерлерде болуп жаткандай. Ал тургай, бул колонизатор чоң урууну кичине урууларга саясий жана административдик өкүмдар урууга айлантты, ушул аркылуу уруу аксакалы (назир) менен мамиле кыла турган болду. Назир – хавакирлерди башкарган белгилүү бир адам. Ушул негизде Британия ага мыйзам, администрация жана мал-мүлк менен өкүмдарлык берди, бардык урууларды бул мыйзамды колдонуу укугу менен камсыздады. О.э. жерлерди өзүнүн каалоосуна ылайык бөлүштүрүү укугун да берди. Колонизаторлук заманы аяктагандан кийин да жаңы улуттук өкмөттөр ошол ыплас колонизаторлук саясаттын жолун улантышты. Муну менен жерге ээ болуу чыр-чатактары дагы да күчөй берди… Айрыкча, өкмөткө жерлерди мамлекеттик мүлк катары коргоо үчүн күч колдонуу укугун берген «Тизмеге алынбаган жерлер жөнүндөгү мыйзам» чыгарылгандан кийин жаңжалдар өтө көбөйүп кетти.

Көк Нил, Кордофан жана Дарфур вилаяттарында маал-маалы менен болуп жаткан уруучулук күрөштөрдө жүздөгөн күнөөсүз адамдар курман болушту. Миңдегенинин үй-жайлары өрттөлүп, мал-мүлктөрү талап-тонолуп, аялдары зордукталгандыктан өз айыл жана жерлеринен көчүп кетүүгө мажбур болушууда… Адамдар тирүүлөй өрттөө жана терилерин сыйрып алуу сыяктуу үрөй учурган кыргындарга жана өч алууларга өз көздөрү менен күбө болушууда. Бул зомбулук жана кылмыштардын бардыгы жерлерге жана хавакир аркылуу ээлик кылуу түшүнүгү о.э. колонизатор өлкөбүзгө зордоп тыгыштырган ыплас уруучулук чыр-чатактары себептүү болууда. Негизи, колонизаторлор дагы эле ушул чыр-чатакты коргоп, азыктандырып келишүүдө, Судандын калган жерлерин да бөлүүнү улантышууда.

Ислам алда качан уруучулук туурасында да, жерге кандай ээ болуу жөнүндө да анык чечим берген. Уруучулукка келсек, Ислам адамдардын бири-бири менен таанышуулары үчүн белгиледи, бири-биринен үстөм болуу жана текеберленүү үчүн эмес. Уруучулукту өз ара таанышуу вакиълигинен чыгарып, өз ара жек көрүү жана чатакташуу вакиълигине өзгөртүүнү харам кылган. Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَاكُمْ مِنْ ذَكَرٍ وَأُنثَى وَجَعَلْنَاكُمْ شُعُوبًا وَقَبَائِلَ لِتَعَارَفُوا إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِندَ اللَّهِ أَتْقَاكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ﴾

«Эй, инсандар, чындыгында Биз силерди бир эркек жана бир аялдан жараттык да бири-бириңер менен таанышып (дос-жолдош болушуңар) үчүн силерди (түрдүү-түмөн) элдер жана уруу-элеттер кылып койдук. Албетте, силердин Аллах алдындагы эң урматтууңар эң такваңар. Албетте Аллах Билүүчү жана Кабардар»                                                   [49:13]

Ислам муну менен эле чектелбеди, мына ушундай жахилиятка чакырып жаткан адамды тозок ээлеринен кылды. Расулуллах ﷺ айтты:

«وَمَنْ دَعَا بِدَعْوى الْجَاهِلِيَّةِ، فَهُوَ مِنْ جُثَى جَهَنَّمَ، قَالُوا: يَا رَسُولَ اللَّهِ، وَإِنْ صَامَ وَصَلَّى؟ قَالَ: وَإِنْ صَامَ وَصَلَّى وَزَعَمَ أَنَّهُ مُسْلِمٌ»

«Кимде-ким жахилиятка чакырса, ал тозок калкынан болот». «Я Расулуллах, орозо кармап, намаз окуган киши болсо дагыбы?», – деп суралганда: «Ал тургай, намаз окуп, орозо кармап, мусулманмын деп айтса да», – деп жооп берди».

Жер маселесине келсек, Ислам жер туурасында өзгөчө өкүмдөрдү түшүрдү: жерди сатып алуу, мурас кылып алуу, белек катары алуу, тирилтүү, таштар менен чегара тартуу жана жер мүлкчүлүгү аркылуу ээ болуна турган мүлккө айлантты. Сатып алуу, мурас кылып алуу, белек катары алуу, тирилтүү менен ээлик кылуу анык жана белгилүү. Тирилтүү менен ээлик кылууга келсек, ким ар кандай өлүк жерди тирилтсе, жер аныкы болот. Бул жөнүндө Расулуллах ﷺ:

«مَنْ أَحْيَا أَرْضاً مَيِّتَةً فَهِيَ لَهُ»

«Кимде-ким өлүк жерди тирилтсе, жер аныкы», – деп айткан. Таштар менен чегара тартуу болсо, киши жер ага таандык экенин билдирүү үчүн таштар менен бөлүп алса, ошол жер ага тиешелүү экенине далалат кылат, мисалы, таштар менен тосуу жана дубал тургузуу сыяктуу… Буга Расулуллах ﷺдын:

«مَنْ أَحَاطَ حَائِطاً عَلَى أَرْضٍ فَهِيَ لَهُ»

«Кимде-ким жерди дубал менен курчаса, жер аныкы», – деген сөзү далил болот. Тирилтүү жана таш тизүү жерди адамдын мүлкүнө айлантат жана мамлекеттен уруксат алуу шарт болбойт. Жер мүлкчүлүгүнө келсек, мамлекет жерлерди адамдарга бекер берет, мисалы, Расулуллах ﷺ Абу Бакр жана Умар разияллаху анхумдарга бергендей.

Качан киши жерге ушул жолдор менен ээлик кылса, ага ушул жерден пайдалануу жоопкерчилиги жүктөлөт. «Хавакир» деген нерсе болсо Исламда таптакыр жок. Ислам шариятындагы ушул өкүмдөр уруучулук жана тарапкечтик чыр-чатактарына, күрөштөрүнө чекит коюу үчүн жетиштүү. Мындан тышкары, мамлекеттин таасири да бар жана ал чыр-чатактар өнүгүп, өрчүп кетишинен мурун ишке аралашып чечиши керек. Бирок, Судандагы көптөгөн чыр-чатактарда мамлекеттин ролун да, таасирин да көрбөдүк. Тескерисинче, өкүмдарлар өлкөнү бөлүп талкалап жаткан душман менен тил бириктиришүүдө. Бул тил бириктирүүлөргө уруучулук күрөшү жөнөкөй себептен келип чыгып жатканы далил. Эки уруу ортосунда жаңжал чыгып, күч алып жатат. Кийин өз ара кайым айтышуу жана ыплас улутчулдук кайрылуулар башталып, экөөсү өз ара согушууда. Мамлекет болсо, унчукпай карап турат, каралаган билдирүүлөр менен эле чектелип жатат. Адамдар бири-бирин союп болгон соң, өкмөт ортомчу катары келип, өз ара чатакташкан эки уруунун жетекчилерин келишимге кол коюуга чакырууда, өч алуу жана кун жөнүндөгү Ислам өкүмдөрүн болсо колдонбой жатат. Келишимге кол коюлгандан бир нече күн өтүп согуш кайрадан башталууда… ж.б.у.с. Судан вилаяттарындагы абал мына ушундай!

Бул өлкөнүн жана калкынын абалы улуу Ислам өкүмдөрүнө кайрылуу менен гана оңдолот. Анткени, Ислам өкүмдөрү адамды адам деген этибарда бардык проблемаларын чечип, мусулмандар ортосундагы мамилени Ислам акыйдасына байлаган о.э. ыплас жахилият алакаларынын бардыгын четке каккан. Муну менен бирге, өкүмдарды камкор о.э. адамдардын өмүрүн, канын, намысын жана мал-мүлкүн жооптуу кылып белгилеген. Демек, Судан калкы жана бардык мусулмандар муктаж болуп турган нерсе – Пайгамбарлык минхажы негизиндеги жана Аллахтын жер жөнүндөгү өкүмдөрүн колдоно турган Ислам бийлигин тикелөө.

 

Роя гезити, №419, 2022-жыл, 30-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here