Козголоңдун чечимин кайтарып алуу жана кыйынчылыктарын жеңип өтүү – аң-сезимдүү топтун мойнундагы иш

1272
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Козголоңдун чечимин кайтарып алуу жана кыйынчылыктарын жеңип өтүү – аң-сезимдүү топтун мойнундагы иш

 Устаз Мунир Насир

Бүгүн Шам козголоңу башынан өткөрүп жаткан баскычта мурун тартып алынган чечимин кайтарып алуу жолдору изделип жатканда бул жолдо аракет кылып жаткандар алдында түрдүү тоскоолдуктарга туш келишүүдө. Ушул себептен улам, бул тоскоолдуктарды жеңип өтүү же алып таштоо үчүн аларга карата туура-чырайлуу мамиледе болушубуз керек болот… Мына ошондо гана аракетибизди өзгөргүс максаттарыбызга жетүү үчүн анык түшүнүк алкагында туура сызык менен жүргүзөбүз.

Кырсыктуу үмүтсүздүктү келтирип чыгарып, аракетти шал кылып жаткан ушул тоскоолдуктардын негизгиси – көпчүлүк адамдардын мээсинде биз эң таква адамга айланмайын эч качан өзгөрүү болбойт деген ойдун жайгашып калганы. Ал тургай, кээ бир адамдар «көпчүлүк адашты» деп ойлоп, жолун улантпай, аракетин токтотуп коюшту. Бирок, алар ушул жолду улантпоонун өзү тайылуу экенин унутушту.

Алгач, «الناس» (инсандар) сөзүн түшүнүп алышыбыз керек. Араб тилинде бул сөз бардык адамзатты назарга алат. О.э. бул сөздө белгилүү бир уммат о.э. коомдогу бир топ сыяктуу маанилер да бар. Аллах Таала айтат:

﴿الَّذِينَ قَالَ لَهُمُ النَّاسُ إِنَّ النَّاسَ قَدْ جَمَعُوا لَكُمْ فَاخْشَوْهُمْ فَزَادَهُمْ إِيمَاناً وَقَالُوا حَسْبُنَا اللَّهُ وَنِعْمَ الوَكِيلُ﴾

«Андайларга айрым кимселер – Курайш адамдары силерге каршы (санаксыз аскер) топтогон, корккула, дешкенде бул сөз алардын ыймандарын кайра күчөттү жана: «Бизге жалгыз Аллахтын Өзү жетиштүү, Ал эң жакшы ишеничтүү өкүл», – дешти»                       [3:173]

Бул аятта коомдогу белгилүү бир топ момундарды башка бир топ менен коркутуп жатат, силерге каршы топтолуп, согуш кылышмакчы деп коркутуп жатат.

Ушул жөнөкөй кириш сөздүн өзүнөн көрүнгөндөй, кээ бирөөлөрдүн мээсинде о.э. бардык адамдар аракетке келиши керек, бардыгы өз чечимин кайра колго алышы, иштерин тартиптештирип, саптарын бир кылышы керек деген нерсе орношуп калган. Бирок, аяттагы хытабдар бардык адамдар назарга алынбаган, балким, коомдогу активдүү топ назарга алынган. Т.а. коомдогу бузгунчулукка, бузуку адамдарга жана илдеттерге каршы турган салих топ назарга алынган.

Эми Аллах Тааланын ушул аятына көңүл буралы:

﴿وَمَا كَانَ رَبُّكَ لِيُهْلِكَ الْقُرَى بِظُلْمٍ وَأَهْلُهَا مُصْلِحُونَ﴾

«Роббиң ал шаарлардын өздөрүн оңдоп (акыйкат жолго жүргөн) тургундарын зулумдук менен жок кылган эмес»                                                                                                       [11:117]

Ко-ош, кантип шаардын бардык калкы оңдоочу болушу мүмкүн? Эгер, алар оңдоочу болсо, демек, алардын арасында бузулган жамаат да бар деген маани келип чыгат. Ооба, эмнеге андай болбосун. Акыры, биз билгендей, адамзат тааныган эң алдыңкы коом – Расулуллах ﷺ Мадинаи Мунавварада түптөгөн коом. Ошол коомдо да бузгунчулар жамааты эсептелген мунафыктар болгон. Бирок, оңдоочулар өкүмдар жамаат болуп, мунафыктар жамаатын дайыма көзөмөлдөп турду жана качан алар кандайдыр бир фитна же азарды көздөгөн болсо, аны алдын алды, мисалы, зирар мечитин бузуу окуясында болгондой. Ошондо бул мечитти мунафыктар жамааты Ислам кийимин кийип алып, фитна чыгаруу ниетинде курмакчы болушкан эле.

Бул салыштыруу бүгүнкү күндө мусулман өлкөлөрүндөгү коомдорубузга да туура келет. Бул бузгунчу топ адамдарга өкүмдар болуп, Умматтын чечимин тартып алды. Умматтын байлыктарын талап-тоноп, коомду оңдоого жана өзгөртүүгө аракет кылып жаткандарды репрессия кылууда. Биз ушул салыштыруунун белгилери Шам козголоңунда ачык көрүнүп жатканына күбө болуп жатабыз. Ал жердеги козголоңчулар өз чечимдерин кайра тикелөө менен алектенип, өзгөрүү жүгүн мойнуларына алышты. Демек, алар ушуларды аткаруу үчүн чет элге байланган жетекчилеринин ыраазылыгын күтпөшү, өз жолдорун алардан бүтүндөй алыста белгилеши керек. Нусратка жетүү үчүн алардан талап кылынган нерсе – Аллахтын арканын бекем кармоо. Анткени, бузгунчу менен оңдоочу ортосунда кызматташуу үчүн жолугушуу болбойт. Ушул кызматташуу Курайшка керек болгон эле. Ошондо алар Расулуллах ﷺга Курайштын кудайына бир жыл ибадат кылуу, Расулуллахтын Кудайына бир жыл ибадат кылуу сунушун коюшту, кызматташууга жана орточо чечимге келишүүнү көздөштү. Расулуллах ﷺдан каршы жооптон башка жооп болбоду жана Аллах Тааланын ушул аяты түштү:

﴿قُلْ يَا أَيُّهَا الْكَافِرُونَ * لَا أَعْبُدُ مَا تَعْبُدُونَ * وَلَا أَنْتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ * وَلَا أَنَا عَابِدٌ مَا عَبَدْتُمْ * وَلَا أَنْتُمْ عَابِدُونَ مَا أَعْبُدُ * لَكُمْ دِينُكُمْ وَلِيَ دِينِ﴾

«(Эй Мухаммад), айткын: «Эй кафирлер! Мен силер ибадат кылып жаткан нерселерге ибадат кылбаймын. Жана силер да мен ибадат кылган (Аллах)ка ибадат кылуучу эмессиңер. Мен силер ибадат кылган нерсеге ибадат кылуучу эмесмин. Жана силер да мен ибадат кылган (Аллах)ка ибадат кылуучу эмессиңер. Силердин диниңер өзүңөр үчүн, менин диним өзүм үчүн!»                                                                                                                                  [109:1-6]

Уммат арасындагы оңдоочу топтун бузгунчу топту кулатуудагы жолу Расулуллах ﷺ баскан жол болушу керек. Ал колдонгон тарыйкатты колдонушу жана амал кылган жолуна амал кылышы шарт. Муну менен күч-кубат чырагы батыл менен бетме-бет келип, бузгунчулар менен араны ачык кылуу керек. Себеби, күнөөнү сакит кыла турган жана аларга да, башка умматтарга да ийгилик алып келе турган амал – өзгөрүү фарзын аткаруу. Бузгунчулук кеңири жайылган деген шылтоо менен өзгөрүү жасоодон чегинүү жана токтотуу шайтандын азгыруусунан башка нерсе эмес. Аллахтын азабы бузгунчулукка сүкүт кылгандарга жана ыразы болгондорго келет. Имам Тирмизийдин сахихинде Абу Бакр Сыддык розияллаху анху айтты: Мен Расулуллах ﷺдын мындай дегенин уккам:

«إِنَّ النَّاسَ إِذَا رَأَوُا الظَّالِمَ فَلَمْ يَأْخُذُوا عَلَى يَدَيْهِ أَوْشَكَ أَنْ يَعُمَّهُمْ اللَّهُ بِعِقَابٍ مِنْهُ»

«Эгер, адамдар залимди көрүшсө, аны колунан кармап, токтотуп калышпаса, Аллах алардын баарына азап жибериши мүмкүн болот».

 

Роя гезити, №419, 2022-жыл, 30-ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here