Садыр Жапаров Борбор Азия жана Европа Биримдиги лидерлеринин жыйынына катышат
Кабар: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-октябрда иш сапары менен Астана шаарына кетти. Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, Садыр Жапаров ал жерде Борбор Азия жана Европа Биримдиги лидерлеринин биринчи жыйынына катышат.
Президенттик админстрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, мамлекет башчылар саясат, соода, транспорт, экология жана коопсуздук тармактарындагы о.э. дагы башка күн тартибиндеги эл аралык жана аймактык маанилүү маселелер боюнча кызматташууну талкуулашат. Мындан тышкары, Садыр Жапаров жогорку деңгээлдеги бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Комментарий: Украинадагы баскынчылык согушу создугуп, Россия аскерий жана экономикалык жактан алдан тайып барган сайын Борбор Азияда АКШ менен Кытайдын активдүүлүгү күчөп барууда.
АКШ аймактагы мамлекеттерди экономикалык жактан “ТАПИ” жана “CASA-1000”, “Термез-Мазари-Шариф-Кабул-Пешавар” темир жол долбоорлору аркылуу өзүнө байлап алууга аракет кылып жаткан болсо, саясий жактан “С5+1”, Түркия башчылыгындагы “Түрк тилдүү мамлекеттер уюму” аркылуу таасирин бекемдөөгө аракет кылып келет. Америка аймакты экономикалык жана саясий жактан өзүнө тартуу менен эле чектелбестен, аскерий жактан жардам берүү аркылуу да алардын аскерий көзкарандылыгын да күчөтүп барууда.
Ал эми Кытай болсо азырынча аймактагы мамлекеттерде саясий жактан активдүүлүк көрсөтпөй жатканы менен, ар түрдүү экономикалык долбоорлор аркылуу аймакта экономикалык экспанциясын кеңейтүүдө. “Бир алкак – бир жол” стратегиясынын алкагында “Жаңы Жибек жолу” долбоорун ишке ашырууга олуттуу киришти. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун дагы кеңейтип, “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Афганистан” жаңы коридорун ачууга аракет баштады жана сентябрь айында аталган жол менен “Кашкар-Ош-Андижан-Галаба-Хайратон” жаңы транзиттик багыты менен жүк ташуучу поезди сыноодон өткөрүлдү.
Ар бир колонизатор жаңы бошоп жаткан майданды өзүнүн таасири менен толтуруп барганы сыяктуу эле, Европа Биримдиги да Борбор Азияда таасирин кеңейтүүгө умтулууда. Евробиримдиктин бул жолдогу аракеттери негизинен “адам укуктары”, демократиялык институттар, бейөкмөт уюмдарды өнүктүрүү жана билим берүү тармагына каражат бөлүү аркылуу болууда. Мисалы, 2019-жылы Евробиримдик менен Кыргызстан өкмөтүнүн ортосунда билим берүү тармагын колдоо үчүн 35,7 миллион евролук келишимге кол коюлган болсо, быйыл 6-апрелде Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосунда дагы бир каржылык келишимге кол коюлду. Ал келишимге ылайык, Евробиримдик Билим берүү жана илим министрлигине 32 миллион евро өлчөмүндө кайтарымсыз жардам бере турган болду. Анын 27 миллиону мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн дагы 5 миллиону кошумча жардам катары бөлүндү.
Демек, Борбор Азия аймагынын үстүндө колонизатордук күрөшү күчөп барууда. Өкүнүчтүүсү, үстүбүздөгү малай акимдер арзыбаган материалдык пайдага ээ болуу, же бийлигин сактап калуу үмүтүндө күч ким тарапта ошонун артынан ээрчип кетишүүдө. Аларга элдин кызыкчылыгы жана келечегинин эч кандай мааниси жок.
Абдурахман Адилов