Кеп Кемпир-Абадда эмес

254
0

Кеп Кемпир-Абадда эмес

Былтыр Кыргызстан жана Өзбекстан бийликтери чегараны тактоо боюнча келишимге келишкенден бери Кемпир-Абад маселеси көтөрүлүп келет. Айрыкча, азыркы учурда бул жааттагы ызы-чуулар чокусуна чыгып, башка маселерди да өз айланасына топтоодо.

Эл аралык саясаттан алганда, бул “оюн” Россия менен АКШнын Орто Азиядагы таасир талашына барып такалат. Россия моюн толгоп жаткан Кыргызстан бийлигин чөгөлөтүп, болбосо кулатып таштоо менен бардык регион акимдерин коркутмакчы. Америка болсо, аймактан Россия таасирин сүрүп чыгарып, Кытайдын алдын тосуу үчүн, Орто Азияда туруксуздук келтирип чыгарууга жана ал аркылуу тереңирээк кирип келүүгө кызыкдар. Ушунун алкагында, бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу аркылуу кызматташып жатканы менен, негизи, Кыргызстан бийлигинин жарым-жартылай кызматына ыраазы эмес. Ошондуктан, толук кызмат кыла турган өз кадрларын алып келүүгө аракет кылып жатат.

Мунун тушунда Кыргызстан бийлиги саясий жактан АКШга, ал эми экономикалык жактан Кытайга ыктап, Россия таасирлерин азайтуу аркылуу өз бийликтерине ыңгайлуу шарттарды жаратабыз деп ойлошту. Бирок, оппозиция жетекчилери – ар кимиси өз кожоюндарынын буйруктарына ылайык – буга каршы чыгышты. Алардын россиячылдары да, батышчылдары да, бийликке каршы өз ара биригүүлөрү (кызыкчылыктары кайчы келгенге чейин) жана элди көтөрө алуулары үчүн Кемпир-Абадды “тема” кылып алышты.

Кемпир-Рабат темасы – бул чегара маселеси. Чегара маселелери болсо колонизатор кафирлер тарабынан жасалма түрдө пайда кылынган. Мисалы, 20-кылымдын башында, Британия долбооруна ылайык түрдө Түркстан мусулмандары биригип, союзда сепаратисттик кылбашы үчүн, Советтер Союзу аларды улуттук негиздеги республикаларга бөлүп таштаган. Ага чейин, ал тургай падышалык Россия колонизаторлугу астында да, биздин арабызда чегаралар болгон эмес. Советтер Союзу кулаганда, Россиядан тартып алуу оңой болушу үчүн, Батыш колонизаторлору бул республикаларга жасалма эгемендүүлүктөрдү беришти. Ошондон тартып, колонизаторлордун региондогу таасир талашуусунда – улутчулдук жана мекенчилдик ураандары астында – чегара маселеси империалисттер ишке сала турган бир “бомба” болуп калды.

Мындай көрүнүш Орто Азияга эле таандык эмес. Батыш империалисттери мусулмандар арасына улутчулдук жана мекенчилдик идеяларын сиңдиришкенден кийин, Ислам мамлекетин кулатышып, анын бардык өлкөлөрүн басып алышкан. Ошондон тартып мусулмандар өз ара чегара жаңжалдарында жака буушуп, кайра арачы түшүүсүн суранып колонизатор кафирлерге бара турган болуп калышкан. Мына азыр чегара жаңжалдарында бийликтер Москва архивдерин тыткылап жүрүшөт. Доолоруна аргумент кылып союздун карталарын алып келишет да, “тарыхта андай болгон, мындай болгон” дешет. Эмне, андан башка тарых жокпу? Андан мурункулар неге эске алынбайт? Кээде болсо “тарыхый мекенди” кеп кылышат. Андай болгондо, Россия чыгышы түрк элдерине берилиши керек эле го? Америка индеецтердин мамлекети болушу керек эле го? Булар алдоо жана адаштыруудан башка нерсе эмес. Азыркы карталарда эч кандай тарых жок, балким, империалисттер чийген сызыктар гана бар. Мына эми ошол империалисттер кайрадан өз ара колония талашып, дүйнө картасын өзгөрткүлөрү келип калышты. Ал эми бийликтегилериңер менен алардын каршылаштары болсо, арзыбаган бир малайлык креслосу үчүн, “чегара”дан өтүп, эми силерди жарандык жаңжалга карай алып баратышат.

Эй мусулмандар! Силердин Исламыңарда тарыхый документке же тарыхый мекенге жамынган, империалисттер же алардын уюмдары чийип берген чегаралардын эч кандай кыйматы жок! Исламда Халифалык өкүм жүргүзгөн даруль-Ислам гана бар. Анын чегаралары – рибат, коргоочулары – мурабит. Рибат даруль-куфрдун коркунучтарынан корголот. Расулуллах A мындай деген:

«رِبَاطُ يَوْمٍ وَلَيْلَةٍ فِي سَبِيلِ اللَّهِ خَيْرٌ مِنْ صِيَامِ شَهْرٍ وَقِيَامِهِ، وَإِنْ مَاتَ جَرَى عَلَيْهِ عَمَلُهُ الَّذِي كَانَ يَعْمَلُهُ، وَأُجْرِيَ عَلَيْهِ رِزْقُهُ، وَأَمِنَ الْفَتَّانَ»

«Алла жолунда бир күн жана бир түндүк рибат бир ай күндүзү орозо кармап, түнү намаз окугандан жакшыраак. Эгер өлсө, кылып жүргөн амалы ага жазыла берет, ырызкысы да жазыла берет, фитналардан аман болот». Дагы бир хадисинде айтат:

«… وَمَنْ مَاتَ مُرَابِطاً فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَمِنَ مِنَ الْفَزَعِ الأَكْبَرِ»

«… Кимде-ким Алла жолунда мурабит болуп өлсө, эң чоң коркунучтан аман болот».

Ошондуктан, эй мусулмандар, колонизаторлордун колундагы оюнчук болбой, туура жолдогу Исламий Халифалык мамлекетин тикелөө аракетине кошулууңар зарыл. Болбосо, бош сандык ичинде тоголонгон томуктай, империалисттик система ичинде жүрө бересиңер!

Азыр болсо, Халифалык жок маалда, мындай маселелерди калыс илим ээлери жана таквадар таасир ээлеринен турган алдыңкы тайпа кишилерине (ахлул хал вал акд) чечтирип, алардын чечимин аткарышыңар керек эле. Бирок, азыр араңарда алардын өзү жок. Ага жарактуу адамдар куугунтукта, же жетишип чыга элек. Ошондуктан, андай адамдарды куугунтуктан куткарып, алар аркылуу жаңыларын жетиштирип чыгарышыңар керек. Ал үчүн эң оболу Исламыңарды – традиционный же умеренный эмес – чыныгы Исламыңарды үйрөнүүңөр керек. Бул үчүн болсо, Хизб ут-Тахрирдин калыс даъватчыларына эшигиңерди кең ачмагыңар даркер.

Аллах Таала айтты:

﴿إِنَّمَا كَانَ قَوْلَ الْمُؤْمِنِينَ إِذَا دُعُوا إِلَى اللَّهِ وَرَسُولِهِ لِيَحْكُمَ بَيْنَهُمْ أَنْ يَقُولُوا سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا وَأُولَئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ﴾

«Ортолорунда өкүм чыгаруу үчүн Аллах жана Расулуна чакырган убактыларында, момундардын сөзү «уктук жана моюн сундук» (деш), дал ошолор нажат табучулар»           [24:51]

Хизб ут-Тахрир – Кыргызстандын маалымат бөлүмү

  1. 10. 2022

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here