Күн-түн тарифи элдин чөнтөгүн кагуунун айласы

212
0

Күн-түн тарифи элдин чөнтөгүн кагуунун айласы

         Энергетика министрлиги электр энергиясын керектөөдө “күн-түн” деген тарифти киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин 26-октябрдагы жыйынында билдирди.

         Анын айтымында, эсептегичтерди өндүргөн кыргыз-орус биргелешкен ишкана ачылат. Ошол эсептегичтерге “күн-түн” деген тариф кирет.

“Эки жыл болобу, беш жыл болобу, бул тарифке өтөбүз. Азыр кээ бир санаторияларда бул колдонулуп жатат. Түнкүсүн арзан, күндүз кымбат төлөшөт. Ошондуктан тамак жасоону жана кийим жууп, үтүктөгөн жумуштарды түнкүсүн кылышат. Тигүү цехтери дагы ошого өтүп кетишмек”, – деди министр.

         Буга чейин Министрлер кабинети электр энергиясын керектөөчүлөрдүн жаңы категориясын киргизип, светти чектөөсүз пайдаланууну каалагандар 5 сом 4 тыйындан төлөй баштаган. Ал эми, былтыр октябрдан баштап электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирип, өндүрүш үчүн баа кымбаттаган.

         Кыргызстанда дээрлик бардык аткаминерлер оппозицияда жүргөн кезинде электр энергиясынын тарифин арзандатууну талап кылып, бул тармакты реформалоону ураан катары көтөрүп келишет. Бирок, бийликке келген соң, бирөөсү да электр энергиясынын өздүк наркын так айтпайт жана тарифтерди кымбаттатууга шашылат. Садыр Жапаров да президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп турган кезиндеги эл менен болгон жолугушууларда элдин негизги суранычы электр энергиясындагы чектөөлөрдү алып салуу жана бааларды түшүрүү болгон эле.

         2010-жылдары Алмазбек Атамбаев да электр энергиясынын өздүк баасы 8 тыйын экендигин айтып, 18 эсе кымбат сатылып жатканын билдирген эле. Бийликке келген соң, ал дагы өз ураандарына каршы иш тутту. Түпкүлүгүндө, электр энергиясынын баасы көтөрүлүшүндө негизинен бөлүштүргүч компаниялардын салымы чоң. Ал эми бөлүштүргүч компаниялар электр энергиясын 35 тыйындан 42 тыйынга чейин сатып алат. Булардын ичинен мамлекеттик ишканалар “табийгый жоготуу” шылтоосу менен уруп калышат. Мындай жоготуу бир учурда 50%га чейин чыккан. Азыр болсо 22%дын айланасында. Бул 3 миллиард кВт саат, тактап айтканда, бүтүндөй бир Күрпсай ГЭСинин иштеп чыккан энергиясы дайынсыз жоголот дегенди түшүндүрөт. Өлкөдө, бөлүштүрүүчү компаниялардан сырткары, аларга кардар болгон ортомчу компаниялар иш алып барат. Бул ортомчу жеке ишканалар деле элдин эсебинен марыган ишканалар болуп саналат. Алардын көпчүлүгү учурунда трансформаторлорду, ток өткөргүч линияларды текейден арзан менчиктеп алышкан. Алардын ар бири мурунку же кийинки энерго-чиновниктердин бирине караштуу.

         Мындан тышкары, расмий өкмөт эл аралык каржы уюмдарынан карыз жана гранттарды алуу үчүн да электр энергиясынын баасын көтөрүп келет. Себеби, ал сүткор банктар өздөрү жаткырган каражат бир нече эсеге өсүп кайтышын кепилдөө үчүн карыз алуучу мамлекетке ар түрдүү – салыктарды көтөрүү, мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу же электр энергияга болгон бааны көтөрүү сыяктуу – шарттарды коёт. Маселен, тарифтердин кымбатташын колдогон Дүйнөлүк банк өлкөгө кезектеги грант жана кредитти электр энергисын кымбаттатуу шарты менен бере турган болду.

         1992-жылдан ушул кезге чейин энерго-тармакка чет элдик кредиттер, ссудалар, гранттар жана жергиликтүү бюджеттен 2 млрд долларга жакын каражат жумшалган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин тармак электр энергия дефицитинен чыга элек.

         Мына ушундай чырмалган коррупциялык схемаларды жоюунун ордуна ар келген бийлик тарифти көтөрүү менен элдин жонунан кайыш тилүүнү эп көрүп келет. Натыйжада карапайым калк ичкеридеги жергиликтүү капиталисттер менен бирге капиталисттик уюмдардын зулумдугун чегип келет. Анткени, Кыргызстан сыяктуу жакыр өлкөлөр ички саясатта монополист, капиталист үй бүлөлөрдүн таасиринде болсо, тышкы саясатта капиталисттик системанын капкандары болгон эл аралык уюмдардын басымы астында күн кечирет.

         Түпкүлүгүндө электр энергиясы жалпы элдик мүлк болуп, Исламда анын пайдасына мамлекет же жеке компаниялар ээ болуусу мүмкүн эмес. Анын өзүнүн пайдасы же андан түшкөн киреше ар бир жарандын өзүнө келип түшүүгө тийиш. Исламда электр энергиясы өздүк наркы менен гана элге жеткирилет. Ал эми чет өлкөлөргө сатылган энергиядан түшкөн пайда болсо элге бөлүштүрүп берилет. Мына ушул система гана калкка өз акысын берип, бакубат жашоосун камсыздай алат. Демек, калк капитализмден баш тартып, Исламды тикелөөгө аракет кылган жетекчилерди карай умтулууга мезгил келди.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here