Түркмөнстанда мусулмандар дагы кайрадан кысымга алынууда

74
0

Түркмөнстанда мусулмандар дагы кайрадан кысымга алынууда

 Кабар: Түркмөнстандын айрым аймактарында расмийлер сакал койгон жана мечитке каттаган эркектерди дагы кайрадан куугунтуктай баштады. Ушул күндөрдө Балкан облусунун Түркмөнбашы шаарында улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкерлери сакалдуу эркектерге каршы рейддерди өткөрүүдө.

 Кармалгандар полиция бөлүмдөрүнө алып барылып, ал жерде сакалын алууга мажбурланууда. Бюджеттик мекемелерде болсо, оозеки буйрук менен, кызматкерлердин намаз окушуна жана мечитке барышына тыюу салынган. О.э. бул буйрукка баш ийбегендер жумуштан алынат деп эскертишүүдө.

“Түркмөнбашы шаарында сакал койгон жана мечитке каттаган эркектерди куугунтуктоо кайрадан күчөгөн. Көбүнчө 50 жашка чейинки эркектер кысымга алынат. Өткөн аптада болгону жарашык үчүн сакал койгон, намаз окубаган, динге тиешеси болбогон жаштар кармалып №2-милиция бөлүмүнө алып барылды. Алар улуттук коопсуздук министрлиги жана полиция тарабынан суракка алынып, сакалдарын алууга мажбурланышты”, – деди сакал койгону үчүн полиция кармап кеткен Түркмөнбашы шаарынын бир тургуну.

Анын айтымында, улуттук коопсуздук министрлигинин жана милициянын кызматкерлери бул иштерине түшүндүрмө бербей жатышат. Алар жарым сантиметрден узун сакалы бар эркектерди диний экстремизмде шектелип калуудан эскертишүүдө. “Эркектер сакалын алдыргандан соң, мындан кийин күн сайын алып туруу жөнүндө тилкат жазып, Куръан менен ант беришет”, – деп кошумчалады Түркмөнбашы шаарынын бир тургуну.

“Мамлекеттик кызматкерлерге намаз окуу үчүн мечиттерге барууга тыюу салынган. Бул кандайдыр оозеки буйрук менен болот. Мекеме башчылары кол алдында иштеген кызматкерлер мечитке барышын жактырышпайт. Ушул тыюуну бузгандар жумуштан алынат. Жакында Түркмөнбашы шаарындагы №26-мектептин чарбалык бөлүмүнүн кызматкери мечитте аср намазын окуп жаткан убакта табылды. Түшкү тыныгуу маалында мечитте болсо да, аны жумуштан кетиришти”, – деди окуяга күбө болгон тарбиячы.

 Комментарий: Борбор Азия республикаларынын диктатор президенттери Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө бири-биринен ашып түшүүдө. Түркмөнстанда үч президент алмашканына карабастан, мамлекеттин жаңы президенти да мурункулардын изи менен жүрүп, кошуна республикалардагы сыяктуу эле, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн күчөтүп жатат. 

 Түркмөнстандын биринчи президенти, Сапармурад Ниязовдун калемине таандык “Рухнаме” китеби жарык көргөндөн кийин массалык маалымат каражаттарында “Түркмөнбашы”ны пайгамбар деб атоо жана улуулоо жараяны башталган. Мисалы, Ниязов тез-тез жарыялап туруучу мунапыска илинүү үчүн туткундар “Рухнамеге” ыйман келтирип, аны толук жатташы керек эле. Ошондо чиновниктер жана кошоматчылардын мындай ширк иштерин унчукпай күзөтүп туруууга ыйманы жол бербеген түркмөнстандык диний аалым Хожаахмад Оразклычев “бул нерсе мусулмандардын ишенимине тескери” экендигин айтып чыккан. Ошондон кийин түркмөн бийлиги Ислам динине каршы күрөштү баштаган. Аалымдын ошол сөздөрүнөн кийин түркмөн бийлиги Оразкылычев котормосунда 40 миң нускада түркмөн тилинде басылып чыккан Куранды өрттөөгө буйрук берди.

“Түркмөнбашы”дан кийин бийликке келген Гурбангулы Бердимухаммедов да Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү улантты. Ал улантуу менен эле чектелбестен, күрөштү ого бетер күчөтүп, аалымдар жана мечиттерге эле эмес, коомдогу бардык исламий көрүнүштөргө каршы күрөштү баштап жиберди. 2015-2016-жылдары өкмөттүн буйругу менен Улуттук коопсуздук министрлигинин жана жол полициясынын кызматкерлери Дашогуз облусунда 50 жашка чыга элек сакалы бар мусулмандарды кармап, атайын түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин сакалдарын мажбурлап алдырышты. Ал тургай, мажбурлап арак ичирип, чочконун этин жедиришти. Күч түзүмдөрүнүн талабын аткарбаган ыймандуу мусулмандар болсо эч кандай сот жана тергөөсүз 7-8 жылга эркинен ажыратылды.

2017-жылы түркмөн бийлиги намаз окуган мусулмандарга каршы күрөштүн алкагында намаз окуган аскерий кызматкерлерди жана намаз окууну таштоо талабын аткаруудан баш тарткан мамлекеттик кызматкерлерди иштен бошотуп, аларга ар түрдүү басымдар өткөрүлгөн. Намазды таштоо талабын аткарбаган аскерий кызматкерлер куралдуу күчтөрдүн катарынан бошотулган, алардын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, Куръан китеби жана башка исламий китептер “конфискацияланган”.

 2021-Фарап жана Чаржоу шаарларында 20га чукул мусулман кармалган. Аларды да сакалын алууга жана арак ичүүгө мажбурлашкан.

 Бердимухаммедовдон бийликти мураска алган Сердар Бердымухаммедов да атасынын изи менен жүрүп, мусулмандарга каршы күрөштү улантууда. Региондогу табигый ресурстарга бай мамлекеттердин бири болгон Түркмөнстанда жумушсуздук, азык-түлүк таңкыстыгы күчөгөн бир учурда, расмий өкмөт адамдарды кыйнап жаткан көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна адамдардын көңүлүн Ислам динине каршы күрөшкө бурууга аракет кылууда. Расмий өкмөт мамлекеттин ичиндеги мусулмандарды көзөмөлдөгөндөн тышкары, чет өлкөдө билим алып же иштеп жүргөн мусулман жаштардын диний билим алышына да тоскоолдук кылууда. Түркмөн өкмөтү ушундай максатта Түркиядан түркмөн жарандары үчүн визалык режим киргизүүнү суранды. Түркия өкмөтү да залим режимдин суранычын  аткарып, түркмөн жарандары үчүн визалык режим киргизди…

Качан гана мусулмандар биригип өздөрүнүн калканы болгон Халифалык мамлекетин тикелемейинче, ар кандай паскеч адамдар Ислам жана анын баалуулуктарына, мусулмандарга каршы күрөштү уланта беришет. Мусулмандар болсо өз дининдеги өкүмдөргө амал кыла албай жүрө беришет.

Сахихул Бухарийде Абу Хурайра розияллоху анху риваят кылган хадисте Расулуллах соллаллоху алайхи ва саллам:

 الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَي بِهِ

Имам – анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан”, – деген (Имам Муслим риваяты).

. Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here