Эрдоган: Мухаммад ﷺ биздин жападан-жалгыз жетекчибиз
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган “Мавлидун Наби” жумалыгынын ачылыш салтанатында сөз сүйлөдү. Президент Куръани Каримде Расулуллах ﷺ мусулмандар үчүн эң көркөм үлгү деп сыпатталганына көңүлдү буруп, Расулуллах ﷺ ар бир тармакта, соода да, башкарууда да, ал тургай үй-бүлөнү башкарууда да өзүнүн теңдешсиз жол башчысы экендигин баса белгиледи. Расулуллах ﷺ жөнүндө сөз кылган Эрдоган, Исламды көтөрүп чыгууда өзүнүн милдети “Пайгамбар ﷺдын даъват усулуна амал кылуу” экендигине өзгөчө басым жасады.
“Адилеттүүлүк, ырайымдуулук, тынчтык, жыргалчылык, ишеним жана боордоштуктун дини болгон Ислам мусулмандардын эле эмес, бардык адамдардын тынчтыгы жана коопсуздугунун тарапкери. Биздин милдет – Ислам дининин калкы катары – дүйнө жана акыреттин бирден-бир нажаты болгон ушул динди соо-саламат илим, туура усул жана көркөм ыкма менен бүтүндөй адамзатка жеткирүү. Мунун жолу – Пайгамбар ﷺдын сийратына назар салуу о.э. Пайгамбар ﷺ карманган жол жана даъват усулуна амал кылуу. Расулуллах ﷺ 1400жыл мурда адамдарды Исламга кандай даъват кылган болсо, бүгүнкү күндө биз да кудум ошондой кылышыбыз керек”, – деди Эрдоган.
Комментарий: Түркия президентинин “Расулуллах ﷺ ды ар бир тармакта өрнөк кылып алуу жана анын даъват усулуна амал кылуу” жөнүндө канчалык чын дилден айтып жатканын билүү үчүн анын иштерине салуу керек болот. Эгер президенттин сөзү ишине туура келсе, демек, ал сөздөрүн чын дилден айтып жаткан болот, эгер андай болбосо, анын айткандары жомок болуп калат.
Белгилүү болгондой, Расулуллах ﷺ Мекке доорундагы даъватында да, Медина доорундагы башкаруусунда да – канчалык кыйынчылыктарга дуушар болбосун – Аллахтын өкүмдөрүнөн башка бирер өкүмдү алган эмес. Ал эми Эрдоган мырза даъватында да, башкаруусунда да демократия жана илманийлик жолун т.а. динди мамлекеттен ажыратуу жана Аллахтын мыйзамдарын турмуштук иштерге аралаштырбоо жолун карманганын ачык айтып келет. Эрдоган башында турган “Адилет жана Өнүгүү” партиясынын бийликке келгенине 20 жыл болду. Бирок, бул партия бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн саясий программасына Расулуллах ﷺ аткарган шаръий өкүмдөрдүн бирин да киргизген эмес.
Расулуллах ﷺ зына кылгандарды дарралоо (балак уруу) жана ташбараң кылуу менен бул кылмышты жойду. Ал эми Эрдоган мырза доорунда мыйзамдуу ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан сойкуканалар көбөйдү. Ал тургай, сойкулук борборун башкарган аялдардын бири шайлоодо Эрдоганга добуш берерин, себеби, анын доорунда бизнеси күчөгөндүгүн айтып чыкты. 2009-жылы Эгей деңизинин жээгиндеги нудисттик пляждардын ачылышына Эрдогандын өзү катышты. (Нудисттик пляж – бул эркек-аял жылаңач дем алышы жана каалаган жеринде, ал тургай адамдардын көз алдында жыныстык алака кылышы мүмкүн болгон пляж).
Расулуллах ﷺ рибадан о.э. калктын бардык катмарынан жана бардык ишканалардан салык чогултуудан кайтарды. Ал эми Эрдоган мырза башкарып жаткан мамлекетте риба жана карапайым калктан алынып жаткан салыктын 400дөй түрү мамлекеттин негизги киреше булагы болуп эсептелет.
Расулуллах ﷺ жашоосунда бир ирмем да куфр калкын дос туткан эмес. Эрдоган мырза болсо, Ирак жана Афганистанда мусулмандарды кыргын кылган АКШ менен да, Чеченстан жана Сирияда кандуу кыргындарды ишке ашырган Россия менен да, уйгур мусулмандарын оор кыйноолор астында өлтүрүп жаткан Кытай менен да, ал тургай Куддуста баскынчылык кылып, мусулмандардын канын төгүп жаткан яхудий вужуду менен да достук мамиледе болуп келет.
Расулуллах ﷺ бир муслиманы кордогон жана аны коргогон мусулманды өлтүргөн Бану Кайнукоъ уруусун бадарга (сүргүн) кылды. Эрдоган мырза болсо яхудийлердин Палестинадагы аёосуз кыргындарына каршы армияны аттандыруунун ордуна, аларды каралап коюу менен гана чектелүүдө. Кыскасы Эрдогандын жалындуу сөздөрүнө алданып жүргөндөр билип коюшсун, Эрдогандын мечиттерде мусулмандар менен чогуу намаз окуп, орозо кармап, Куръанды кыраат кылып коюшу, анын ар бир тармакта Расулуллах ﷺды өрнөк кылып алганын жана анын даъват усулуна амал кылып жатканын түшүндүрбөйт.
Эгер Эрдоган Расулуллах ﷺдын даъват усулуна амал кылып жаткан болсо, эмне үчүн мына ушул Эрдоган башкарып жаткан Түркияда Пайгамбар ﷺдын даъват жолу менен жүрүп, Исламды көтөрүп чыгып жаткан калыс мусулмандар полиция тарабынан куугунтукталып, камакка алынууда?!
Зохид Заргар