Азербайжандын президенти мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди

149
0

Азербайжандын президенти мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди

Кабар: Азербайжандын президенти Илхам Алиев 11-октябрь күнү мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

 Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын президенттери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат.

Ошондой эле, президенттер “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви атындагы жалпы билим берүү мектептердин ачылышына катышат

 Комментарий: Быйыл 19-апрелде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Азербайжанга расмий сапар менен барып, Алиев менен жолуккан.  Анда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки тараптуу 10 документке жана келишимдерге кол коюлган, алардын катарында Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндөгү декларация бар. Мындан тышкары, Жапаров Азербайжандын ири бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, аларды Кыргызстандын келечектүү долбоорлоруна, анын ичинде ГЭСке инвестиция салууга чакырган.

Белгилүү болгондой, 2012-жылы Кыргызстан нефть жана газга бай болгон Азербайжан менен биргеликте жылына 2 миллион тонна нефтини кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча келишим түзгөн эле. Ал долбоорду толук каржылоону Азербайжан мамлекеттик нефть компаниясы моюнга алган. Расмий маалыматтарга ылайык, азыр Кыргызстан бир жылда 1 миллион тонна нефть жана нефть продукцияларын керектейт. Эгер ал долбоор ишке ашканда Кыргызстан өзүн нефть менен камсыздагандан тышкары, кошуна республикаларга да бензин импорт кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок. Бирок, аталган долбоор ишке ашпай калды.

Мунун негизги себеби, бүгүнкү күндө Кыргызстан нефть жана газ жаатында толук бойдон Россияга көз каранды экендигинде. Өз кезегинде Россия жогорудагы долбоор ишке ашуусуна тоскоолдук кылган. Бүгүнкү күндө Кыргызстан региондогу газ жана бензин кымбат болгон мамлекеттердин катарында турат о.э. бул жаатта Россиянын кабак-кашына карап турууга мажбур. “Кыргызгаз” Россияга 1 долларга сатлып жаткан кезде расмийлер Кыргызстан арзан газ менен үзгүлтүксүз камсыздалышын убада кылышкан болчу. Бүгүн Кыргызстан калкы газдын миң кубометри үчүн 220 доллардан төлөөгө мажбур болууда. Кошуна Казакстанда калк үчүн газдын баасы миң кубометри 74 долларга, Кыргызстанда бензин 69-70 сом болсо, Казакстанда 39-40 сомго барабар. Россия Кыргызстанды кымбат баада газ жана бензин сатып алууга мажбур кылгандан тышкары, нефтини басым өткөрүү рычагдарынын бири кылып алган. Эгер кыргыз бийлиги Россиянын кызыкчылыктарына туура келбей турган аракеттерди кыла турган болсо, дароо нефть продукциялары үчүн бажы алымдарын көтөрүү менен коркутат.

Азербайжан постсоветтик өлкөлөрдүн арасындагы Россия жетегиндеги уюмдарга мүчө болбогон аз сандуу республикалардын бири. Кыргызстандын Азербайжан менен мамилелерди жандантуу жолундагы бул аракеттерин Россиянын таасиринен чыгуу үчүн ташталган кадам катары бааласак болот.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here