Жапаров Европа Союзунун Борбор Азиядагы өкүлүн кабыл алды

196
0

Жапаров Европа Союзунун Борбор Азиядагы өкүлүн кабыл алды

 Кабар: Президент Садыр Жапаров 10-октябрда Евробиримдиктин Борбор Азиядагы атайын өкүлү Тери Хакаланы кабыл алды. Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү активдештирүү, сапар алмашуу жана Кыргызстан менен ЕБ ортосунда Кеӊейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимге кол коюу маселелери о.э. глобалдык күн тартибиндеги кеңири чөйрөдөгү, анын ичинде регионалдык коопсуздуктун маселелери талкууланган.

 Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Евробиримдик ортосундагы 30 жылдык кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатканын, Евробиримдик Кыргызстан үчүн тышкы саясаттагы маанилүү жана артыкчылыктуу өнөктөш экендигин белгилеген.

 Кабарда келишинче, президент Садыр Жапаров Тери Хакалага Баткен облусунда карапайым калктын жана аскер кызматкерлеринин өлүмүнө, жарандык жана социалдык инфраструктуранын талкаланышына алып келген Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу агрессиясы тууралуу айтып берген.

 Евробиримдиктин атайын өкүлү учурда дүйнөдө болуп жаткан турбуленттик мезгилде Борбор Азия өлкөлөрүнүн бүтүндүгүн сактоо маанилүү экенин белгилеген.

 О.э. атайын өкүл кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку кайгылуу окуяларга байланыштуу көңүл айтып, Кыргызстандын жапа чеккен аймактарына Евробиримдик тарабынан гуманитардык жардам бөлүнгөнү тууралуу маалымат берген жана чек ара маселелерин тез арада жөнгө салууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирген.

 Комментарий: Россия 2020-жылы октябрь айындагы төңкөрүштү толук бойдон көзөмөлүндө кармап, бийликке батышчыл күчтөр келишине жол бербеген болсо да, ал төңкөрүш Россиянын каалоосуна тескери түрдө ишке ашырылды. Ошол себептен да Путин Жапаровго карата салкын мамиледе болуп, алгачкы кездерде аны “жанына жакын жолотподу”. Төңкөрүштөн кийин “саясий абал жөнгө салынганга чейин” деген шылтоо менен Кыргызстанга берилиши керек болгон 100 миллион доллардык жардамды белгисиз мөөнөткө токтотуп койду жана Кыргызстан бийлигине карата салкын мамиле саясатын колдоно баштады. Октябрь айынын аягында Москвага жумушчу сапар менен барган Чыңгыз Айдарбековду Москвада эч ким тосуп албады. 2020-жылдын 10-ноябрында Россиянын төрагалыгы астында өткөрүлгөн ШКУга мүчө мамлекет башчылардын видеоконференциясында Садыр Жапаров Путинден телефон аркылуу сүйлөшүүнү суранды, бирок ал суранычы жоопсуз калды…

Мындан тышкары, бийликке келген Садыр Жапаров Өзбекстан менен чек ара маселесинде бир топ ийгиликтерге жетишкен соң,  бул ишти Россиянын ыраазылыгын албай туруп кылганы үчүн анын каарына калды. Путин ыраазылык албай туруп мындай кадамга барган кыргыз бийлигин “жазалап” 2021-жылдын апрель айында кыргыз-тажик чек ара жаңжалын уюштурду. Ал куралдуу кагышууда толук бойдон Тажикстан тарапты колдоп турду жана Эмомали Рахмонду “Мамлекеттер ортосундагы достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташтыкка кошкон салымы үчүн” орден менен сыйлады. Садыр Жапаров ошондон кийин колунан келишинче Россиянын таасиринен кутулууга аракет кыла баштады. Мында Жапаров көп векторлуу саясат деген аталыш менен Кытай жана Батыш мамлекеттери менен кызматташтыкты күчөтүүгө умтулууда. Быйыл 14-17-сентябрь күндөрү болуп өткөн кезектеги чек ара жаңжалынан кийин Путин Рахмонду “Мекенге сиңирген эмгеги үчүн” III даражадагы орден менен сыйлагандан кийин Жапаровдун Россиядан алыстоо саясаты ачыгыраак көрүнө баштады. Алгач, Жапаров 7-октябрда болуп өткөн КМШга мүчө мамлекет башчыларынын бейформал саммитине жана Путиндин юбилейине барбай койгон болсо, бүгүн Кыргызстан өз аймагында ЖККУнун аскердик машыгууларын өткөрүүдөн баш тартты. ЖККУнун аскерий машыгуулары 10-14-октябрда Балыкчы шаарынын жанындагы «Эделвейс» полигонунда өтүшү керек эле.

 А бирок, Кыргызстан бийлиги бир колонизатордун таасиринен кутулуу үчүн башкасы менен мамилени жакшыртууга аракет кылып жатат. Колонизатор мамлекеттердин бардыгынын максаты белгилүү. Алардын бардыгынын негизги максаты – башка мамлекеттерди колония кылуу, байлыктарын талап-тоноо, калкынан арзан жумушчу күчү катары пайдалануу. Ал мамлекеттердин бири да “үчүнчү дүйнө” мамлекеттерине жакшылык жана жыргалчылык алып келүү үчүн жардам бербейт.

 Эгер Кыргызстан калкы колонизаторлордон кутулууну жана чындап өнүгүүнү кааласа, мунун бир гана жолу бар. Ал жол – Ислам дининин акыйдасынан келип чыккан Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөө. Мусулмандардын алдында мындан башка жол жок. Т.а. мусулмандардын алдында, же Аллахтын өкүмдөрүн бийик кылуу менен эки дүйнө бактысына жетүү, же бир колонизатордон кутулуп, башкасынын чеңгелинде кордукта жашоо жолу турат.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here