Кеннеди: АКШ-Кыргызстан өнөктөштүк келишимин түзүүгө даярбыз

231
0

Кеннеди: АКШ-Кыргызстан өнөктөштүк келишимин түзүүгө даярбыз

         АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын милдетин аткаруучу Элизабет Кеннеди Трюдо Кыргызстанга иш сапары менен келип, бир катар мамлекеттик кызматкерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү жана журналисттер менен жолукту. Ал “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып Вашингтон эки тараптуу өнөктөштүк тууралуу келишимди кайрадан түзүүгө даяр экенин билдирди.

         “Биз бул сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр турабыз. Ар бир суверендүү өлкө өз өнөктөшүн өзү тандай алат. Кыргызстан да өз өнөктөшүн тандай алат. АКШ ошол өнөктөшү болууга даяр. Биз келечек жаркын деп ойлойбуз”,-деди Кеннеди.

         АКШ дипломаты мындан тышкары, Баткен окуясында Кыргызстандын маалыматтык саясатын оң баалап, Украина маселесине учкай токтолду.

         Маалым болгондой, Атамбаевдин президенттик доорунда, 2015-жылдын 21-июлунда, премьер-министр Темир Сариев АКШ-Кыргызстан ортосундагы өкмөттөр аралык кызматташтык келишимин жокко чыгаруу туурасындагы токтомго кол койгон. Муну менен Сариев өкмөтү учурунда Орусия кызыкчылыктарын ишке ашырып, АКШнын Кыргызстандагы таасирин кесип салууга жетишкен. Учурда Орусиянын Украина маселесинде туңгуюкка кептелүүсү Орто Азия өлкөлөрүн Батыш кызыкчылыгына кызмат кылуусуна түрткү берүүдө. Айрыкча, Орусиянын аймактагы катуу кол саясаты бул каалоону күчөтүп жатат. Мындан улам, АКШ алтын учурду колдонуп калуу аракетин көрө баштады. Башкача айтканда, Кыргызстандагы сакофий, маалыматтык майдандагы жетишкендигине таянуу менен стратегиялык келишимди кайрадан түзүүгө умтулуп жатат. Буга өлкөдөгү түзүлүп жаткан саясий боштук дагы өз салымын кошуп калмакчы.

         Демек, Орусиянын Украина согушундагы алсырашы анын Борбор Азиядагы таасиринин алсырашына алып келиши күтүлөт. А түгүл, Украина маселеси аягына чыккандан кийин да аймакта АКШ-Кытай таасир талашы кезек күтүп турат. Алар өз кызыкчылыктарын ишке ашырууда чек ара, улуттар аралык жана оппозиция-позиция күрөштөрүнөн пайдаланышат. Ал эми, биздин бийликтегилер бир колонизатордун таасиринен кутулуу үчүн башкасы менен мамилени жакшыртууга аракет кылышууда. Мусулман өлкөлөрүндөгү жетекчилердин негизги катасы да ушунда болууда. Тагыраагы, бир кожоюндан качып экинчи колонизатордун өз байлыктарын талап-тоноосуна, калкынан арзан жумушчу күчү катары пайдалануусуна жол ачып беришүүдө. Андыктан, биз мусулмандар бул окуяларда зиректигибизди сактап, колонизаторлордун карапайым калкты курмандыктарына айлантышына жол бербешибиз керек!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here