ОРУСИЯНЫН УКРАИНА СОГУШУНДАГЫ АКЫБЕТТЕРИ
Украина күчтөрү ишемби күнү аймактагы Орусия аскерлерин курчоого алгандан кийин Донецк облусундагы Лиман шаарына кирип келишти. Бул тууралуу украин куралдуу күчтөрүнүн өкүлү билдирди (“France 24” 10.01.2022).
Шаршемби күнү Украинадагы согуш талаасында олуттуу ийгиликсиздиктен кийин Россиянын президенти Путин Экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу мобилизация тууралуу буйрук чыгарды. (“Евроньюс” 21.09.2022). Булардын баары Украинанын контрчабуулдарынын жүрүшүндө Россия тарабынан басып алынган ири аймактарды кайтарып алдгандан кийин болду. “Украинанын Коргоо министринин орун басары жекшемби күнү “Аль-Хурра” каналына берген интервьюсунда, Украина чыгыш аймагында Орусия басып алган 10 миң чарчы чакырым жерди кайтарып алганын айтты. Ал Киев Батыш өлкөлөрүнөн чоң колдоо тапканын жана муну менен чыгыштагы контрчабуулда ийгиликке жетишкенин белгиледи (“Аль Балад” 18.09.2022).
Суроо: Орусия чындап эле аскердик жактан алсызбы? Же Батыштын курал-жарак жардамдары кескин түрдө көбөйгөнүнө байланыштуубу? Россиядагы жарым-жартылай мобилизация жарыясы абалды өзгөртөбү? Орусия Украинанын төрт облусун кошуп алгандан кийин эртеси күнү эле Украина Лиманды кайтарып алды. Орусия Украинанын төрт аймагын аннексия кылып алуусунун мааниси кандай болду? Орусия аннексиялап алган аймактардан баш тартуусу мүмкүнбү?
Жооп: Болуп жаткан окуялардын көлөмүн жана акыбеттерин жаркын түшүнүү үчүн чоң согуштар – күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөртүүдөгү эң тез жана ишенимдүү жолу экенин эске алуу керек. Тарыхта да ушундай болуп келген. Украинадагы согуштун жүрүшүн күзөтсөк, төмөнкүлөр айкын болот:
1- Орусия Украинадагы согушту Донбасстагы орус тилдүүлөрдү коргоо үчүн эле баштаган жок. Ал Орусиянын эл аралык позициясын бекемдөө үчүн бул согушту тутандырды. Украинага кирүү астында Орусия Европадан, Америкадан жана НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылган. О.э Украинаны НАТОго мүчө кылуу оюнан баш тартууга чакырган. Орусия бул максаттарын айтып жатканда, Батыштын Орусияга карата адилетсиз мамилесин эске салып турду. Анткени, мындай мамиле анын эл аралык өзөктүк куралга ээ держава катары статусуна тескери келет деп ойлоду. Ушул маанидеги сөздөр Москванын согушка чейинки бардык билдирүүлөрүндө ачык эле көрүнүп турат. О.э. Москва бул кепилдиктерди Америка жана Батыш тарабынан жазуу түрүндө берилишин талап кылды. Ошондуктан, Америка анын артынан Европа Орусиянын чабуулун аймактык келишпестик же Украинадагы орус тектүүлөрдү коргоосу катары кабыл алган жок. Тескерисинче, эл аралык системага каршы көтөрүлүш катары мамиле кылды. Батыштын мындай мамилеси 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандагы мамилесинен бүтүндөй айырмаланат. Башкача айтканда, бул окуя ири мамлекеттин Америка баштаган Батыштын эл аралык түзүмүнө каршы күрөшү катары кабыл алынды.
2- Америка менен Европанын жообу катуу болду. Саясий келесоолугу менен мактанган Орусияга бул күтүүсүз болду. Америка менен Европа Россияга каршы тарыхтагы эң катаал санкцияларды киргизишти, чет өлкөлөрдөгү каражатын тоңдурду. Европа өлкөлөрү Орусиянын мунай жана газына болгон үлкөн муктаждыгына карабастан аны менен байланыштарын үздү. Европа, өзгөчө Германия кайрадан куралданып, Америка менен бирге Украинага массалык аскердик колдоо көрсөтө баштады. Россия-Украина согушунда Америка Батышка лидерлик кылып жатканы талашсыз. АКШнын мурдагы президенти Трамптын тушунда дүйнө Американын лидерлигине күмөн санай баштаган. Украина согушу.Американын союздаштары менен болгон мамилелериндеги көптөгөн боштуктарды толтурду.
Россияны согушка түрткөн аскердик кубатынын акыйкаты согуштун башталышында бүгүнкү күндөгүдөй айкын болгон эмес. Ошондуктан, Америка Украинага аскерий жардамды баскычма-баскыч көрсөтүп келди. Ал Москванын буга болгон реакциясын байкап турду. Убакыттын өтүшү менен орустун кызыл сызыктары биринин артынан бири өчө баштады. Ошентип, Америка жана анын союздаштары Орусиянын кызыл сызыктарын ачык эле тебелей баштады. Ал эми, Орусия буга каршы жооп кыла албады. Натыйжада, Батыш Украинага аскердик жардамдын түрүн көрсөтө баштады. Алгач, бул жардамдар коргонууга багытталган куралдар менен чектелген. Кийин чабуулга өтө турган аскердик жардамдарды сан жана сапат жагынан көбөйтө баштады. Алгач Америка Украинанын Крымга сокку уруусуна батынбай келсе, азыр буга шыкак берүүдө.
3-Россия өзүнүн стратегиялык келесоолугу айынан Украина жерлерин басып ала баштады. Ал эми, Украина үстүнөн аскерий артыкчылыгын сезүүсү ойлонбой борбор калаа Киевге чабуул жасоого түрттү. Бирок, көп өтпөй Орусия планы сынды жана Донбасска чегинди. Бул чегинүү Орус армиясынын абдан алсыздыгын көрсөттү. Орусия Украина аба мейкиндигин көзөмөлдөй албады жана алдыңкы саптагы күчтөрүнө логистикалык колдоо көрсөтө алган жок. Буга кошумча, Украинанын каршылыгы күтүүсүз болуп, анын чалгындоосу берген маалыматка тескери чыкты. Ошентип, айбатуу делген орус армиясынын алсыздыгы ачыкталды. Бул өз кезегинде Вашингтонго Орусиянын Украинада жеңилүү үмүтүн берди. Орус президенти Путиндин орус армиясынын кубаты тууралуу айткандары анын согуш талаасындагы кубатына шайкеш келбегени белгилүү болду. Мындай абалдан кийин согуш башталганда чыгып кеткен чет элдик дипломаттар Киевге биринин артынан экинчиси кайтып келишти.
4-Америка Украинага аскердик жардам көрсөтүү максаттарын жарыялай баштады. Анын максаттарынын жарыяланышы Москваны дендароо кылды. Америка спутник аркылуу чалгындоо маалыматтарын чогултуп, Украинага аскердик кеңештерди берди. АКШ армиясынын башкы штаб жетекчиси украиналык кесиптешине жумасына жети жолу телефон аркылуу байланышып жатканын билдирди. (“Аль-Жазира” 2022-жыл сентябрь). Бул Америка Украинадагы согушту өзүнүкү деп эсептерин, бирок ага түздөн-түз катышпай жатканын билдирет. АКШ Украинага жума сайын миллиарддаган долларлык кошумча аскерий жардам берерин жарыялап жатат. Башкача айтканда Америка Орусияны Украинада жеңип, аны ири мамлекеттердин тизмесинен чыгарууга ишенүүдө. Муну Россия азыр түшүнүп жатат, бирок кеч болуп калды!
5- Россиянын стратегиялык алсыздыгын көрсөткөн дагы бир тарап, анын 6 айлык согуш учурунда Европага орус мунай жана газын жеткирүүсү. Башкача айтканда, күнү-түнү аны душмандыгын жарыялаган өлкөлөргө мунай менен газды токтотуу демилгесин көтөргөн жок. А түгүл, Европа орус мунай-газынан баш тартаарын айтып жатса да токтото албады. Бул анын экономикасы Батыштын санкцияларынан жабыркабаганын жана рублдин санкцияларга туруштук берерин айтып мактанганына карабай акчага абдан муктаждыгын көрсөтөт. Ооба, Орусия 2022-жылдын сентябрынын башында “Түндүк Агым – 1” газ куурун авария болгонго чейин жапты. Бирок, бул чечим өтө кеч кабыл алынды. Ал өзүн дагы деле ишенимдүү энергия берүүчү деп жарыялап жатат. Экинчи жагынан Европаны газ менен камсыз кылуучу башка линиялар дагы деле иштеп жатат. Мисалы, Польшадан өтүүчү «Ямал», Украинаны кесип өткөн «Прогресс» жана «Союз» линиялары жана Түркиядан өтүүчү «Түрк агымы» линиялары Польша жана Украина тарабынан кесилген болсо дагы Европаны газ менен камсыз кылуусун улантууда. Бул Орусиянын акчага болгон муктаждыгын көрсөтүүдө жана анын согушка чейинки эл аралык позициясын бекемдөө аракетине карама-каршы келет.
6- Орусияны сентябрь айында Шанхай кызматташтык уюмунун лидерлери чогулган Самарканд саммитиндеги Кытайдын позициясы таң калтырды. Орус президенти Украинадагы согушка байланыштуу Кытайдын тынчсыздануусун туура түшүнөрүн билдирди. Путин Украинадагы согуш башталгандагы кытайлык кесиптешинин Украина кризиси боюнча “тең салмактуу” позициясын сыйлай турганын айткан («AL Jazeera Net” 15.09.2022). Демек, Орусия согушка чейинки Кытай менен “түбөлүк достук” мамилеси “бейтарап” позицияга өзгөргөнүн аңдап жетти. Б.а. Кытай Орусия менен да, Украина менен да, Батыш менен да эмес экенин аңдады. А түгүл, Кытай президенти ШКУ саммитинде Орусия менен болгон биргелешкен билдирүүсүндө “Украина” сөзүн атагандан да карманып, кыйытып эле өттү. Бул Америка Кытайды Украинадагы согушта Орусияга кандайдыр бир колдоо көрсөтүүсү коркунучтуу кесепеттерге алып келеринен эскерте алганын билдирет. Албетте, Кытай баарынан мурун эл аралык соодасына жете турган коркунучтардан тынчсызданат. Ошондуктан, ал Украинанын төрт аймагын аннексиясына каршы Коопсуздук кеңешинин резолюциясында Орусияны колдогон жок. “Орусия жума күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Украинанын төрт аймагын аннексиялоосун айыптаган резолюция долбоорунун кабыл алынышына жол бербөө үчүн вето укугунан пайдаланды. АКШ жана Албания тарабынан даярдалган резолюциянын долбоорун он мүчө мамлекет колдоду. Ал эми, Кытай, Индия, Бразилия жана Габон мамлекеттери добуш беришкен жок (“France 24” 01.10.2022).
7- Жогоруда айтылгандардын баарын эске алганда, Орусиянын Украинага кол салуусу ийгиликсиз болду. Анткени, Украина аскердик алсыздыгын көргөндүктөн, Орусия шарттарына багынган жок. О.э. Америка менен Батыштан Украинага сапаттуу жана ири көлөмдө аскердик колдоо көрсөтүлүп жатат. Алардын айрымдары ачыкэле берилсе, айрымдары жашыруун ташылууда. Орусия мындай абалды согушка чейин күтпөгөн. Ошондуктан, Лавров 2022-жылдын 12-сентябрында Орусия Украина менен сүйлөшүүлөрдү четке какпай турганын билдирди. (“Аль-Жазира” телеканалы, 12.09.2022). Орусия согуштун алгачкы күндөрүндө Украинага сунуш кылынган орустарга багынып берүү шарттары бууланып кеткенин түшүнүп турат. Бул шарттардын аткарылышы үчүн өзөктүк курал колдонуудан башка аргасы жок. Бул Орусиянын акыркы картасы болушу мүмкүн. Бирок ал өзөктүк куралды колдонсо, Американы да согушка тарта турганын билет. Америкадан жардам алып жаткан украин армиясын жеңе албай жатса, Америка армиясы катышкан согушта кантип жеңишке жете алмак эле. Демек, Орусия Украинага согуш ачуу менен туңгуякка кептелип калды.
8- Россия бул коркунучтардын баарын түшүндү. Бирок, Путин жеңилгенин моюнга алгысы келбей жатат. Ал акыркы аргаларын кылып, мобилизация тууралуу буйрук чыгарды. “Владимир Путин өз өлкөсү ядролук коркунучтарга дуушар болуп жатканын айтып, жарым-жартылай мобилизация жарыялады” (“Al Jazeera Net” 21/9/2022). “Орусия тарабынан дайындалган Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын жетекчилери 23-сентябрдан 27-сентябрга чейин Орусияга кошулуу үчүн референдум өткөрүү ниетин билдиришти” (“Анадолу” агенттиги, 21.09.2022).
Белгилүү болгондой, референдум өтүп, аталган облустар аннекцияланды. “Al Jazeera Net” 2022-жылдын 30-сентябрында төмөнкүлөрдү жарыялады: “Орусиянын президенти Путин Украинанын Луганск, Донецк, Запорожье жана Херсон орус аймактары болгонун жарыялады. Ал узак сөзүндө Батыштын дүйнөнү көзөмөлдөп жатканын айыптады. Ал эми, Украинанын президенти Зеленский анын өлкөсү Орусиянын аракетине жооп катары “чечкиндүү кадамга” барарын ырастады”. Украин армиясы бул төрт облустун Орусияга кошулуусуна карабай, аймакта аскердик аракеттерин күчөтүүдө. “Украина армиясынын басма сөз катчысы Москванын маанилүү чебин курчоого алгандан кийин Лиман шаарына өз күчтөрү киргенин жарыялады. Орусия согуш уланып жаткан аймактан миңдеген аскери чыгып кеткенин ырастады. Бул окуя Орусиянын президенти Владимир Путин жума күнү Украинанын төрт аймагын кошуу тууралуу жарлыкка кол койгон учурга туш келди. Украинанын Коргоо министрлиги “Украинанын аба-чабуул күчтөрү Донецк облусунун Лиман шаарына кирди”, – деп твиттерде жазды. Жума күнү украин армиясы Орусия аннексиялап алган Донецк аймагындагы шаарда миңдеген орус аскерлерин курчоого алып жатканын билдирген (“France 24” 10/1/2022).
9- Бул окуялардан кийин Орусиянын позицияларын кылдаттык менен карап чыксак төмөнкүлөр ачыкталат:
А) Тарыхта да болгондой, орустар эмненин акысына болбосун өз аймагын сактап калууга катуу аракет кылат. Ошондуктан, ал толугу менен же жарым-жартылай көзөмөлдөгөн аймактарда референдумдарды өткөрүп, курамына кошуп алмакчы болууда. Орусия Луганск, Донецк, Запорожье жана Херсон аймактары орус жерлери болуп калганын, ага кол салуу Орусияга кол салуу болуп эсептелерин айткысы келүүдө. Орусия бул облустарды коргоо үчүн өзүнүн “аскердик-ядролук доктринасы” деп атаган талаптарга ылайык, өзөктүк куралды колдонорун билдирип жатат. Муну менен Украина армиясын жана ага колдоо көрсөтүп жаткан Америка менен Европа өлкөлөрүн коркутууну каалап жатат. Мунун баары орус армиясынын алсыздыгын көрсөтүп турат. Ал өзөктүк куралды согуштарда колдонууга тыюу салган эл аралык келишимге карабастан, Украинада жеңишке жете албагандыктан, өзөктүк курал колдонуу тууралуу белгилерди берип жатат.
Б) 300 000 жоокерди тартуу үчүн жарым-жартылай мобилизация жарыяланып, андан да көп сандагы аскер тартылууда. Мунун баары кыйыр түрдө орус армиясынын алсыздыгын жана Украинадагы максаттарын ишке ашыра албай жатканын көрсөтүп турат. О.э. адамдык жоготуулар аны резервдеги аскерлерге муктаж кылганын көрсөтүп турат. Ошентсе да Орусия согуш эмес, атайын аскердик операция жасап жатканын айтып келүүдө.
10- Украинадагы согуш коркутуулар менен коштолгон күчөгөн фазага өттү. Эгер Орусия бул согушта өзүнүн позициясын оңдомокчу болсо жакынкы күндөрү Украинанын барын өрттөп жиберет. Албетте, буга батына ала турган күчү болсо кылат. Бирок көптөгөн көрсөткүчтөр Орусиянын эрки да аскердик кубаты сыяктуу алсыздыгын айтып турат. Орусия Украина майданында Америка жана Европа өлкөлөрү менен карама-каршы келерин абдан кеч түшүндү. Европа өлкөлөрү Россияга каршы этияттык менен аракет кылып жатса, Америка ачык түстө күрөшүп жатат. Жыл аягында Европанын орус мунайынан, андан кийин газынан баш тартуу пландары Орусияга каршы дагы да агрессивдүү кылат. Бул Германиянын курал-жарактарын күчөтүп жатканынан да көрүнүп турат. Орусия Украина аймактарындагы референдумдарды өткөрүп өзүнө кошулуусун бардык тараптар кабыл кылышын каалап жатат. А бирок, бул аймактарды коргоо үчүн өзөктүк куралды колдонууда экиленип калды. Бирок, Батыш бул референдумдарды четке кагып, Украинага аскердик жактан колдоо көрсөтүүнү улантарын, ал тургай заманбап өнүккөн аба күчтөрү менен камсыз кыларын жар салды. Ошентип ансыз да бул аймакта кыйын абалда турган Орусиянын абалы дагы да татаалдашты.
11- Мобилизация жарыялоо маселесине келсек, аскер адистеринин пикиринде даярдыгы жок запастагы жоокерлерди алып келүү орус армиясына көп деле пайда алып келбейт. Орус армиясындагы көйгөй аскерлердин санын көбөйтүүдөн алда канча тереңирээк. Маселе анын башчыларында жана заманбап техникалардын жоктугунда. Орусия армия үчүн өндүрүштүк заводдорун дүйнөлүк согуштагыдай максималдуу кубатта иштетип жатса да маселени толук чече албайт. Анткени, Америка жана Европа өлкөлөрү Украина армиясын керектүү жабдыктар менен толук камсыздап жатышат. Эгер Украинада орус аскерлеринин оор жоготуулары улана берсе, согушту токтотуу үчүн Кремлге ички саясатта басым күчөйт. Мындай басым Балтика деңизиндеги “Түндүк Агым” газ куурунун жарылуусунан улам дагы да күчөйт. Буга Европанын орусиянын арзан жаратылыш газына болгон үмүтүнүн үзүлүшү кошумча болот. Натыйжада Европанын Орусияга болгон кастыгы күчөйт жана аны Украина аскерлерин колдоосу күч алат. О.э. арзан газ үчүн Орусия менен элдешүүгө чакырган европалык үндөрдүн алсырашына алып келет. Буга кошумча, Россия Америка жана Батышка каршы күрөштө жалгыз калганын сезип жатат. Кытай аны жалгыз таштады десек болот. Мунун баары Кремлдин жетекчилерине ички нааразылыкты күчөтөт. Анткени, алардын эсептери туура эмес болгон. Башкача айтканда, бийликти Орусияны бүгүнкү оор абалга алып келгени үчүн күнөөлөгөн ички күчтөр бар.
12- Ал эми Орусиянын өзөктүк курал менен коркутуусуна келсек, аны колдонууга реалдуу эрки жетишпейт. Муну менен катар, Батыштын чалгындоо кызматтары Орусиянын өзөктүк куралдарын ташыганын же жаңы кыймылдарын каттаган эмес. Бул Батышта өзөктүк куралды иш жүзүндө колдонууга караганда коркутуулардан ары өтпөгөн билдирүү катары кабыл алынуусун шарттап жатат. Америка жана Европа өлкөлөрү Батышта эмес Украина аймагында болсо да өзөктүк курал менен коркутууларга өтө олуттуу мамиле кылаарын айтышына карабастан, Орусиянын өзөктүк куралынан коркпой жатканын көрсөтүшүүдө. Америка Украинада Орусиянын ар кандай өзөктүк курал колдонуусуна жооп берерин жарыялап келет. Америка Орусия-АКШ ортосундагы өзөктүк курал согушка айланбашы үчүн кадимки курал менен да жооп бериши мүмкүн. Бирок мунун баары Орусияны өзүнүн арсеналындагы эң акыркы куралынан да ажыратышы мүмкүн. Башкача айтканда, мындай маневрлер менен Орусия Украинадагы согуш аяктагандан кийинки өзөктүк куралына кырсык алып келет.
13-Россиянын аннексиялап алган аймактарда чегинүүсү мүмкүнбү деген суроого келсек, бул абал Орусияны эл аралык майдандан чегинүүсүн жана эл аралык окуялардагы таасирин токтотуусун билдирет. Бул орус жетекчилиги баарынан көп сактанган маселе. Ошондуктан, Россия бул төрт аймакта, башкача айтканда аннексия референдуму өткөн аймактардын чек араларында калуусу күтүлөт. Балким, Харьковдо жоготууга учураган аймактарды кайтарып алууга аракет кылышы мүмкүн. Ошондо орус президенти өз элинин алдында 2014-жылы Крымды алып келгенден кийин Орусияга жаңы ийгиликтерди алып келген “күчтүү лидер” катары көрүнөт. Бирок, эгер Путиндин бул максаты ишке ашса да, кыска убакыттын ичинде Украинаны бүтүндөй жутуп жиберүүчүдөй болгон держава үчүн кичинекей максатка гана ыраазы болгонун билдирет. Башка тараптан, Америка жана Батыш өлкөлөрү Украина армиясына аскерий колдоо көрсөтүп, Орусия басып алган аймактарды бошотууга шыктандырууда. Батыштын Украинага аскерий колдоосунун көбөйүшү менен Орусиянын запастагы жоокерлерин мобилизацияланышы Украинадагы согушту дагы да күчөтөт. Аймакта оор салгылашуулардын болушунан жана узакка созулушунан кабар берет. Эгер өзөктүк куралды колдонуу ыктымалын эске албасак, Россия согушта жеңип чыгууну кепилдей албайт. Ошондуктан, Украинадагы согуш эл аралык коркунучтарга ачык бойдон калат. Орусиянын Тышкы иштер министри Лавров Орусия сүйлөшүүлөрдү четке какпай турганын билдирүүдө. Ал эми, Америка менен Британия Украинаны Орусия ири өлкөлөрдүн тизмесинен чыгара турган жайга айландырууга чечкиндүү аракет кылууда. Биз каалоолордун кагылышуусуна күбө болуудабыз. Украина майданы мурункудай эле баарын алдын-үстүн кыла турган күтүүсүз жагдайларга күбө болушу мүмкүн.
14- Азыркы дүйнөдөгү ири мамлекеттер эч кандай адамдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарга көңүл бурбастан, өздөрүнүн жырткыч амбицияларына жетүү үчүн бири-бири менен күрөшүп жатышат. Алар башкаларга зыян жетсе да, жада калса ал жамандык болсо дагы өз калоолоруна жетүү үчүн зулмдукту адилетүүлүккө айландырып алышат. Бул өлкөлөр жер бетинде бузукулукту жайышууда. Ошондуктан, дүйнө алардын жок болушу жана Аллахтын жардамы менен Пайгамбарлык минхажы негизинде Халифалыктын кайтып келиши менен гана коопсуздукта болот.
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾.
(( Ошол күнү момундар Аллахтын нусраты менен шаттанышат Аллах өзүнүн жарадамы менен каалаган пенделерине нусрат берет. Ал Кудуретүү))30-4-5
6-Робиюль аввал, 1444х.
2-октябрь, 2022м.