Футболдук мелдеште Кытайга куттуктоо жолдонду

241
2

Футболдук мелдеште Кытайга куттуктоо жолдонду

Түркияда Бешикташ жана Фенербахче футбол командалары ортосунда өткөрүлгөн мелдеште Кытай Эл Республикасы түзүлгөндүгүнүн 73 жылдыгына куттуктоо жарыяланды. Реклама панелдеринде: “Кытай Эл Республикасынын 73 жылдыгын чын дилден куттуктайбыз!” – деп жазылган куттуктоо түрк жана кытай тилдеринде көрсөтүлдү.

Кытай башкы консулдугунун маалымат катчысы буга аябай курсант болгонун билдирип, социалдык тармактагы баракчасында: “Азыр өтүп жаткан Бешикташ-Фенербахче оюнунда, Кытай Эл Республикасы түзүлгөндүгүнүн 73 жылдыгына байланыштуу куттуктоо сөздөрү жарыяланды. Түрк досторубузга чын дилден рахмат айтабыз. Жашасын Кытай-Түркия достугу”, – деп жазды.

Комментарий: Кытай 1949-жылы Чыгыш Түркстанды басып алып, аны «Шинжаң» т.а. “жаңы жер” деп атады. Мао Цзэдун башында турган коммунисттик бийлик ошол кезде Чыгыш Түркстандагы бир миллиондон ашык мусулман уйгурду кыргын кылды. Мына 73 жыл өтсө да, мусулмандарга карата кыргын жана жийиркеничтүү зулумдар үзгүлтүксүз уланып келе жатат. Ушундай болгон соң, Түркия сыяктуу Исламий өлкөлөрдүн биринде Кытайды Чыгыш Түркстанды басып алган күнү менен куттуктоо чектен чыккан шерменделик эмеспи? Кантип эле мусулмандар – мусулмандарды кордоп, намыстарын тебелеп жаткан нажас мушриктердин республика катары түзүлгөн күнүн алкыштап калсын?

 Негизи, мамлекет ичиндеги мындай абалдар Түркия өкмөтүнүн тышкы саясатынын, айрыкча Кытайга карата жылуу мамилелеринин алкагында болууда. Эгер бул абал мамлекеттин саясатына тескери келгенде мындай ишке эч ким батына алмак эмес. А бирок өкүнүчтүүсү, жашоодогу өлчөөсүн пайда үстүнө курган Түркия жана башка Исламий өлкөлөрдөгү өкмөттөр – мейли өкмөт жетекчилери мусулмандар болушса да – уйгурлар маселесине капитализм дүйнө карашынан келип чыккан кызыкчылык көзү менен карап жатышат. Алар үчүн мусулмандардын намысы,  жаны жана кадыр-баркы маанилүү эмес, тескерисинче кызыкчылык маанилүү.

 Өткөн аптада БУУнун Башкы Ассамблеясынын саммитинде сөзгө чыккан Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Кытайга карата позициясын билдирүүдө коммунист Пекин өкмөтүн иренжитип алуудан сактанды. Президент Эрдоган Чыгыш Түркстан маселесине токтолуп, Кытайдын аймактык бүтүндүгүнө, бир бүтүн Кытай түшүнүгүнө жана суверенитет укуктарына эч качан зыян жеткирбеш керектигин, эгер мусулман уйгурлар Кытайдын ушул позициясына ыраазы болсо, Кытай да уйгур түрктөрүнүн негизги укук жана эркиндиктерин коргоодо этибардуу болушу керектигин билдирди. Демек, Эрдоган мырзанын айтымында, мусулман уйгурлар башына түшүп жаткан зулумдардан кутулуу үчүн Кытайдын ассимиляция т.а. мусулман уйгур калкын нажас бутпарас Кытай калкы менен аралаштырып жиберүү жана Исламды бир четке сүрүп коюу саясатына ыраазы болушу керек! Ошондон кийин Кытай өкмөтү да мусулман уйгурлардын негизги укуктарын коргоодо этибардуу болот.

 Мына ушундан көрүнүп тургандай, Түркия өкмөтү Кытай менен экономикалык мамилесине зыян жетип калбашы үчүн анын саясатын колдоп жатат. Ошондуктан, Кытайдын 73 жылдан бери мусулман уйгурларга зулум кылып келе жатканын эсепке албастан, массалык иш-чарада аны 73 жашы менен куттукташы жана буга мамлекет тарабынан эч кандай терс мамиле болбошу таң калычтуу эмес. Анткени, кызыкчылыкты негизги өлчөө кылып алган өкмөттөн мындан башка эмнени күтмөк элек?!

 Исламий өлкөлөрдүн армиялары казармаларында оонап жаткан соң, мусулмандардын динине, ар-намысына жана баалуулуктарына болуп жаткан мындай чабуулдар улана берет. Дүйнөдөгү бардык мусулмандардын башына түшүп жаткан азап-кыйынчылыктар катарында уйгурлардын азап-тозоктору да, Ислам армиясын куфрга каршы аттандыра турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу гана чечилет. Ушундай болгон соң, эгер мусулмандар мындай азаптардан биротоло кутулууну кааласа, алардын алдында Халифалык мамлекетин тикелөөдөн башка жол жок.

 Киямуддин Шариф

2 COMMENTS

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here