Жакырчылык күчөп барууда
Дүйнөлүк банктын отчётуна ылайык 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли 25,5 пайызга өсүшү күтүлүүдө. Отчётто баса белгиленгендей, азык-түлүк бааларынын жогорулугу жана жумуш менен камсыздоонун кепилдиги жок болгондугу эң негизги проблема бойдон калууда. Бул жагдай жакырчылыкка таасир кылууда жана күчөтүүдө. Ошондуктан, Дүйнөлүк банк күнүнө 3,65 долларга жашаган адамдардын саны 2021-жылдагы 21,8 пайыздан 2022-жылы 25,5 пайызга көтөрүлөрүн божомолдоодо.
Бир гана Кыргызстанды эмес, дүйнөнү алып карай турган болсок, жогоруда баса белгиленген азык-түлүк бааларынын өсүшү жана жумушсуздук ар бир өлкөдө орун алган тенденцияга айланган. Канча аракеттер жана демилгелер болбосун, бирок бул абал өзгөрүүсүз бойдон калууда, а түгүл күчөп барууда. Эксперттердин көпчүлүгү жумушсуздук жоюлса, жакырчылык да жоюлат деген бүтүмдө. Бирок азыркы система бул үмүттөрдү жокко чыгарат. Себеби бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан капиталисттик система бир ууч гана байларды байытып, калган дээрлик 90 пайыз калкты жакыр кылууга негизделет. Ошондуктан, дүйнөдө жакырчылык күндөн-күнгө өсүп, бул проблеманы бүгүнкү капитализм шартында жоюу мүмкүн эмес.
Дүйнөдө экономикалык теңсиздик «көзөмөлдөн чыгып кетти» делет Oxfam уюмунун баяндамасында. Дүйнөдөгө 2153 миллиардердин мүлкү жер калкынын 60%ын түзгөн 4,6 миллиард адамдын мүлкүнөн көп. Oxfam уюмунун бөлүм башчысы Амитабх Бехар айтат: «Байлар менен жакырлардын ортосундагы айырмачылыкты жоюу мүмкүн эмес. (…) Кемчиликтүү дүйнөлүк экономика катардагы адамдардын эсебинен миллиардерлердин жана ири бизнестин капчыгын толтурууда». Oxfam уюмунун эсептөөсүнө ылайык, дүйнөдөгү 1% бай адамдардын мүлкү 89% жакыр калктын мүлкүнө барабар. Амитабх Бехар дагы мындай дейт: «Шек-күмөнсүз, биз байларга жакшы шарт жараткан экономикалык системанын алкагында жашап жатабыз, ошентип, байлар дагы да байып жатышат. Бул система аялдарды жана кыздарды, ошондой эле, калктын жакыр катмарын эксплуатация кылуу үстүнө курулган».
Бул тенденция өнүккөн Батыш делген жана үчүнчү дүйнө делген өлкөлөрдү – баарын камтыган. Адамдар жакшы жашоодон үмүтүн үзүп, бар чындыкты моюнга алууга аргасыз. Капитализм Жер калкына жакшылык алып келбешин баары аңдап жатышат.
Рейтер агенттигинин «Дүйнөлүк сурамжылоо ырастап тургандай, капитализм «пайдадан көрө, көбүрөөк зыян» алып келет» деп аталаган макаласында мындай делет: «“Edelman Trust Barometer” компаниясы адамдардын капитализмди кандай кабылдап жатканын үйрөнүп чыккан… Сурамжылоо АКШ жана Франция сыяктуу либералдык демократиялык өлкөлөрдөн тартып, Кытай жана Россия сыяктуу башка моделдеги өлкөлөргө чейинки 28 мамлекеттеги 34 000ден ашуун адамды камтыды. Сурамжылоого катышкан адамдардын 56%ы «учурдагы капитализм пайдадан көрө, көбүрөөк зыян алып келерин» моюнга алышкан… Улуттук деңгээлде Таиланд жана Индияда капитализмге ишенбестик билдирүү эң жогору болгон: Таиланд – 75%, Индия – 74%. Алар менен катар Франция 69% менен алардын жанында турат. Мындай көз карашты Азиядагы, Европадагы, Фарс булуңундагы, Африкадагы жана Латын Америкасындагы өлкөлөрдө суражылоого катышкан адамдардын көпчүлүгү карманышат».
Капитализм (демократия) системасы адамзатка жалаң гана зыян алып келерин өнүккөн Батыш калктары да, «үчүнчү дүйнө» калктары да моюндап жатышат. Капитализм дүйнөдөгү ресурстардын адилетсиз бөлүнүшүнө алып келет. Себеби, капитализм ресурстарга (жер асты жана үстүндөгү кен байлыктарга) ээлик кылуу укугун жеке адамдарга, жеке компанияларга берет. Натыйжада, алар бул ресурстарга ээлик кылышып, катардагы адамдар бул ресурстардан пайдалануудан кур жалак калат. Мындай эркин экономика капитализмдин негизги түркүгү. Ошондуктан, жакырчылыктын жоюлушун капитализмден күтүү мүмкүн эмес.
Харун Абдулхак