Акылбек Жапаров: Тажикстандын аракети ЖККУнун беделине шек келтирет

241
0

Акылбек Жапаров: Тажикстандын аракети ЖККУнун беделине шек келтирет

 Кабар: Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-октябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Станислав Засты кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров ЖККУнун башкы катчысына кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал жөнүндө маалымат берген.

 Акылбек Жапаров: “Тажик тараптын мындай мыйзамсыз жана деструктивдүү иш-аракеттери биздин жалпы уюмдун беделине шек келтирет”, – деген. О.э. ал уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда кагылышуу болуп жатканын белгилеп, кыргызстандыктар мындай жагдайда кандай жамааттык коопсуздукту талкуулоого болот деген суроо берип жатканын жана ал негиздүү экенин кошумчалаган.

Өз кезегинде Станислав Зась кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяларга байланыштуу көңүл айтып, мындан ары мындай кайгылуу окуялар кайталанбашы керектигин белгилеген.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов 22-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал себептүү Кыргызстан ЖККУнун түзүмүн кайрадан карап чыгууну сунуштай турганын айткан.

 “Эгер кимдир бирөө күч колдонууга аракет кылса, аны уюмдан чыгарууну сунуштайбыз. ЖККУга мүчө болуп, тышкы коркунучтан коргонууну күтүп, бирок уюмдун ичиндеги кайсы бир өлкө менен чыр чыгып жатса, ал эмне үчүн керек? Биздин өлкөлөргө мындай учурларды караган уставдын айрым бөлүктөрүн кайра карап чыгууга убакыт жетти”, –  деген Иманкулов.

ЖККУга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Армения, Белорус жана Россия мүчө.

Комментарий: Былтыр апрель айында жүз берген кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагышуулар Душанбеде ЖККУ коопсуздук кеңеши катчыларынын жыйыны өтүп жаткан учурга туура келген болчу. Эки тараптан жүздөн ашуун адамдардын өмүрүн алган быйылкы кандуу жаңжал болсо Самарканд шаарында ШКУ саммити өтүп жаткан учурга туура келди.

 Былтыр чек арада карапайым калктын каны төгүлүп жаткан убакта Душанбеде саммитке чогулган ЖККУ расмийлери жаңжалдын алдын алуу үчүн бир да иш кылбастан, болор иш болуп, кан төгүлгөндөн кийин гана ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча пикирин билдирип:  “Чек арадагы абалды жөнгө салыш керек, кырдаал тынчтык жолу менен жумшартылышы керек”, – деген эле. ЖККУнун маалымат катчысы Владимир Зайнетдинов болсо: “ЖККУ бул жаңжалды жоюшу керек. Муну тынчтык жолу менен чечиш керек. Бул маселени чечүү үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлүүдө”, – деп чыккан.

 Негизи, Казакстандагы былтыркы январь окуяларын эсепке албаганда, ЖККУ саясий жана аскерий тараптан бирер таасирге ээ болбогон уюм болуп келди. Бүгүнкү күнгө келип болсо Россия бул уюмду жандантуу, түрдүү “тынчтык орнотуучу” миссияларга тартуу аркылуу бул уюмга мүчө мамлекеттерди аскерий жактан өзүнө дагы да көбүрөөк байлап алууга умтулууда.

 Өкүнүчтүүсү, биздин чиновниктер колонизатордуктун куралы болгон бул уюмдардан үмүттөнүп жатышкан болсо, батышчыл укук коргоочулар кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга “калыс” баа берүүнү суранып, ЕККУ жана башка эл аралык уюмдарга карйрылып жатышат. Негизи бул уюмдар жалаң гана ушул уюмдарды түзгөн жана жетекчилик кылып жаткан колонизатор куфр мамлекеттеринин таасирин бекемдөөгө гана кызмат кылат. Колонизатор кафирлер – биз кааласак да, каалабасак да – ортобузда талаштуу аймактар жок болушуна жол беришпейт.

Чек ара көйгөйлөрүн чечүүнүн бирден-бир жолу – бул колонизатор кафирлер ортобузга тартып койгон жасалма чек араларды жана ушул чек араларды мыйзамдаштырып берген эл аралык мыйзамдарды четке кагуу о.э. ар түрдүү эл аралык жана аймактык уюмдарга мүчөлүктөн баш тартуу. Ал үчүн болсо, өз акыйдабыздан келип чыккан исламий түзүмдү жашоого колдонууга жана ушул аркылуу эки дүйнө бактысына жетүүгө аракет кылышыбыз керек.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here