Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

158
0

Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясаты

            Бисмиллахир рохманир рохиим

   Сөз башы

  Бул китеп Аллахтын изни менен жакын арада тикеленүүчү халифалык мамлекети жүргүзө турган саламаттыкты сактоо саясатын баяндайт. Хизб ут – Тахрир пайда болгон күндөн баштап, Исламды хукм-башкарууда да, идарада да бардык нерсени камтып алуучу түрдө толук колдонуу максатында, мусулмандардын жашоосунда Исламды өкүм чыгаруучу кылуу үчүн о.э. мына ушул мамлекетти тикелөө үчүн Үммөт менен биргеликте жан-үрөп, чын ыклас менен аракет кылып келет. Мына ошондо жаңы доор башталат. Ал доордо мусулмандар жана дүйнө жүзү зулум  жана бактысыздыктан кутулуу үчүн чын дилден издеп жаткан чыныгы өзгөрүүгө күбө болушат. Ислам жашоо майданынан жоголуп, анын ордун куфр акыйдалары, бузук түзүмдөр ээлеп алгандан баштап адамзат өтө оор күндөрдү башынан кечирүүдө. Куфрдун бул акыйда жана бузук түзүмдөрү адамзатты акыйдасында да, жашоо-турмушунда да туңгуюкка кептеп койду. Социализм, анын ичинде коммунизм о.э. капитализм, анын ичинде демократия мына ушул куфр акыйдасы жана анын бузук түзүмдөрү түркүмүнөн болуп, бүгүнкү күндө бул кафирдик акыйда жана бузук түзүмдөрдүн авраттары ачылып, бүт дүйнөгө шерменде болуп бүттү. Жеке адам жана жамааттарга карата колдонулуп жаткан куугунтуктар, сүргүн кылуу о.э. жеп-ичүү, кийинүү жана үй-жайга ээ болуудан куржалак калтыруу, таалим, саламаттыкты сактоо жана коопсуздук чараларынан куру калтыруу мына ушул бузук түзүмдөрдүн бүтүндөй адамзатка көрүнүп калган шерменделиктеринен болуп эсептелет.

   Аллахтын изни менен жакынкы күндөрдө Халифалык мамлекети колдоно турган идарий түзүмдөрдүн бири бул – Саламаттыкты Сактоо түзүмү. Бул түзүм бүтүндөй раиятттын саламаттыгын сактоо жана ден соолугун чыңдоону максат кылып белгилейт. Ошондо Халифалык мамлекети бул тармакта дүйнөдөгү мамлекеттер арасынан даана айырмаланып турат. Бүт дүйнө Исламдын амалда аткарылышына жана адамдардын иштерин башкаруудагы ыкласына күбө  болот. Натыйжада, бул иштер Исламды кабыл алууга, Исламга жүздөнүүгө, дүйнө жүзүн пенделерге кулдук кылуудан пенделердин Жаратуучусуна кулдук кылууга, диндердин жабыр-зулумунан Исламдын адилет жана рахматына, дүйнөнүн тардыгынан бул дүйнө жана акырет кеңдигине чыгууга даъват катары кызмат кылат.

  Биз ушул китепте алгач, дүйнөдөгү мамлекеттер жашап жаткан вакиъге, бул мамлекеттердеги саламаттыкты сактоо тармагы ушунчалык жаман абалда экендигине о.э. дүйнөдөгү элдердин  эң жөнөкөй, элементардык мүмкүнчүлүктөрдөн да куру калгандыгына токтолуп өтөбүз. Проблемаларды чечүү үчүн,  эң оболу саламаттыкты сактоо үчүн да маддий баалуулукту негиз кылып алган капиталисттик түзүмдөр батып калган баткактын себептерин баяндайбыз. Капиталисттик түзүмдөрдө саламаттыкты сактоо үчүн да маддий баалуулук негиз кылып алынышы натыйжасында – табабат жана медицина тармагында илимий жана техникалык өнүгүү жүз берген болсо да – саламаттыкты сактоо түзүмү биротоло бүзүлүп бүткөн. Анткени, бул түзүмдөрдөгү саламаттыкты сактоо тармагы көпчүлүк абалдарда дарылануу үчүн төлөнө турган баалар жогору болгондуктан, маддий пайда табуу о.э. жакыр катмар калып, жалаң гана байларды дарылоого байланып калган.

  Андан кийин болсо, ушул китепте Ислам назарындагы ден соолук, саламаттыкты сактоо түшүнүктөрүн баян кылабыз. Саламаттыкты сактоо жаатындагы Халифа жана Ислам мамлекетинин жоопкерчилигине, буга тиешелүү шаръий өкүмдөргө о.э. ушул өкүмдөрдү ишке салуу үчүн Ислам мамлекети колдоно турган услуб жана  васиталарга токтолобуз. Айта кетүүчү нерсе, Халифалык мамлекети – саламаттыкты сактоо ар кандай адамдын негизги муктаждыгы болгону себептүү – мамлекеттин казынасына оор жүк болсо да, саламаттыкты сактоону бардык жарандар үчүн акысыз камсыздайт. Себеби, бул мамлекет саламаттык проблемасына экономикалык эмес, (мамлекет чечиши зарыл болгон) инсаний проблема деп карайт. Ошондуктан да бул мамлекеттин максаты саламаттыкты сактоого  эң чырайлуу көрүнүштө шарт түзүп берүү болот.

  Андан соң, бул китеп адамдар жашап жаткан айлана-чөйрөнүн, суу, аба жана азык-түлүктөрдүн соо-саламат болушуна, бардык элементтери менен турак жайлар жана айлана-чөйрөнүн жакшы болушуна тиешелүү болгон жалпы элдин саламаттыгына көңүл бурууга токтолуп өтөт. Бул болсо, саламаттык деңгээлин жогорулатууну мамлекеттик деңгээлдеги саясат аркылуу ишке ашырууну максат кылат. Ошондуктан да жалпы элдин саламаттыгын сактоо көпчүлүк абалдарда дарылануудан да көбүрөөк ар түрдүү оорулардын алдын алууга негизделет. Себеби, оорулардын алдын алуу саламаттыкты сактоодогу  эң маанилүү, пайдасы баарына тийе турган жана  эң жемиштүү бөлүк болуп эсептелет. Оорулардын алдын алуу калкты жалпы элдин ден соолугуна коркунуч туудура турган коркунучтардан коргоону да өз ичине алат. Ден соолук, саламаттык нормалары сакталат. Халифалык мамлекети ушул нормалар дүйнөлүк масштабдагы эң абзел нормалардан болушу үчүн аракет кылат. Ал тургай, өз калкын эң жогорку жана эң саламат жашоо менен камсыздайт.

   Андан соң бул китеп адамдын саламаттыгы көз карашынан халифалыктагы оорудан сактануу табабатына (профилактикалык медицина) токтолуп өтөт. Биринчи же экинчи сактануу сыяктуу жеке адамдын саламаттык абалдарына таасирин тийгизе турган жамаий саламаттык иш-чараларын о.э. оорудан сактануу үчүн же ооруга чалдыгуу ыктымалын азайтуу үчүн зарыл болгон бардык иш-чараларды тартиптештирет. Мындай иш-чараларды колдонуу үчүн  оорулууларды жана элдин арасынан зарыл болгон кишилерди каттоого алуу, маал-маалы менен медициналык кароодон өткөрүү, алардын ооруга чалдыккандарын көзөмөлгө алуу жана аларга зарыл болгон чараларды колдонуу менен ишке ашат. Оорудан сактануу фаны калктын атайын топтору үчүн фельдшердик кызмат, соо-саламат ооз жана соо-саламат тиш, эне жана баланын саламаттыгы, гигиена, прививка, жугуштуу оорулар жайылышын көзөмөлдөө жана учуру келгенде алардан сактануу сыяктуу зарыл болгон медициналык кызматтарды да камтыйт.

  Ооруп калган адамдардын саламаттыгы үчүн зарыл болгон керектөөлөрүн камсыздоо, адамдарды дарылоо үчүн актидүү таасир көрсөтүүчү тартип-эрежени орнотуу жоопкерчилиги Халифалык мамлекетинин мойнуна түшөт. Клиника жана ооруканаларды жетиштүү деңгээлде ачуу о.э. дарылануу үчүн кызмат кыла турган инфраструктураны өркүндөтүү да мамлекеттин мойнунда. Себеби, медициналык кызмат жалпы элдик кызыкчылыктын негизги бөлүгү жана мамлекет башкарышы важиб болгон инфраструктура болуп эсептелет. Саламаттыкты сактоо жаатындагы кызмат көрсөтүүнү баскычма-баскыч ишке ашырат. Ооруканаларда бейтаптардын айыгып кетиши үчүн зарыл болгон муктаждыктарга карай, алгач, эң биринчи ден соолукту калыбына келтирүү борборлорунан баштайт. Кийин жергиликтүү ооруканалардагы экинчи даражага өтөт. Эң акырында болсо, борбордук ооруканалар көзөмөлүнө алат. Жетиштүү деңгээлдеги табибдерди (врачтар) жана аларга жардам берүүчү тажрыйбалуу медайымдарды даярдап чыгарат. Медициналык жайларды, клиника жана борбордук ооруканаларды жеңил, тез жана пайдалуу дарылоо кызматын кепилдей турган эң заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздайт.

   Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо түзүмү – шаръий өкүмдөрдөн жана ушул саламаттыкты сактоого тиешелүү болгон идарий мыйзамдар топтомунан турат. Саламаттыкты сактоого каратылган идарий мыйзамдар бул – ушул тармактагы жетекчи ушул түзүмдү аткарууда жана андан көздөлгөн гояны ишке ашырууда пайдалуу деп билген услуб жана васиталар. Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо үчүн коюлган идарий түзүм медициналык кызмат көрсөтүү жана дарылоодо идараны башкара турган кишилердеги жөндөм менен биргеликте өтө жөнөкөйлүк жана ыкчамдыкка курулат. Умумий жетекчи башчылыгындагы саламаттыкты сактоо Департаменти Халифалык мамлекетинде саламаттыкты сактоо саясатын башкаруу жана бул саясатты ишке ашыруу менен алектенет. Коом жана жеке адамдар үчүн оорудан сактануу, дарылануу жана саламаттыкты көзөмөлдөө кызматтарын сунуштайт. Өзүнө караштуу бардык тармак жана идараларды башкарат. Ар бир тармак жана ар бир идара үчүн бир жетекчи дайындалат.  Бул жетекчи ушул тармакка да, анын майда-чүйдөлөрүнө да түздөн-түз жоопкер болот. О.э. ушул Саламаттыкты сактоо Департаменти саламаттыкты сактоо пландарын ишке ашыруу үчүн жогорку деңгээлдеги сапат жана стратегиялык долбоорлорду камсыздайт. Өзүнүн тажрыйбалуу комитеттери аркылуу медициналык таалим, ден-соолук сабактары жана медициналык жоопкерчиликтер үчүн зарыл болгон нормаларды иштеп чыгууга баш болот. Саламаттыкты сактоо Департаменти саламаттыкты сактоо элементтерин ишке ашырууда өзү менен бирге катыша турган «Күтүүсүз кырсыктар идарасы» сыяктуу башка мамлекеттердин аппараттары менен келишимдерди түзөт, координациялайт.

  Андан соң бул китеп саламаттыкты сактоону эң абзел көрүнүштө жакшыртуучу завабиттерге (мыйзам-эрежелерге) токтолот. Медициналык таалим жана анын программалары, медициналык тармактагы тажрыйбадан өтүү жана медициналык адистик лицензияларын берүү нормалары, медициналык тажрыйба ахлактын нормаларына о.э. сапатсыз медициналык кызмат көрсөтүүнүн жоопкерчилигине тиешелүү мыйзам-эрежелер мына ошол завабиттер түркүмүнөн.

  О.э. бул китеп Халифалык мамлекетиндеги фармацевтика (дары-дармек) жана аларды өндүрүү темасына токтолот. Табигый кырсыктар о.э. алгачкы жардам көрсөтүү темасын сөз кылат. Аягында болсо, Расулуллах с.а.в. тарабынан Ислам мамлекети тикеленген күндөн баштап, бүтүндөй тарыхтагы саламаттыкты сактоо тармагынын формасы жана анын көрүнүшү жөнүндө кыскача сөз болот. Рошид халифалык доорунда, андан соң Халифалык мамлекетинин түрдүү доорлорунда саламаттыкты сактоо тармагы ылдам өнүгүп, башка элдер жана хазараттардан даана айырмаланып турган. Ооруканаларга негиз салынган. Илимий талкуу жана илимий китептер пайда болгон. Исламий тарых китептеринде да, кайры исламий тарых китептеринде да айтылган белгилүү медицина аалымдары жетилип чыккан.

  Жакынкы күндөрдө тикелене турган Халифалык мамлекети саламаттыкты сактоо түзүмүн   адамзатка ылайыктуу болгон эң алдыңкы жана өзгөчө бир көрүнүштө башкарышына ишенебиз. О.э. саламаттыкты сактоо кызматтарынын эң абзелин сунуштоодо бардык илимий жана медициналык мүмкүнчүлүктөрдү өзүнө моюн сундурат деп ишенебиз. Буга кошумча түрдө, Халифалык мамлекети – исламий акыйдага ылайык жана бул акыйдадан келип чыккан түзүмдөргө ылайык түрдө аткара турган башка мумтаз иштерди башкаруу программаларын да ишке ашырышына толук ишенебиз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here