بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Ислам гана аялдардын урматын жогору орунга коёт
Исламдын муслима аялдын намысын коргоо үчүн берген кыйматы чексиз. Бул ушундай бир кыймат, ал үчүн Расулуллах ﷺ яхудий вужудунун бүткүл Кайнуко уруусун – бир муслиманы акаараттап, исламий кийимине асылышканы үчүн – Мадинаи Мунавварадан көчүрүп жиберген. Бул ушундай бир кыймат, ал үчүн мусулман жетекчилер Халифалык көлөкөсүндө согуш башташкан жана аны коргоо үчүн өлкөлөрдү фатх кылган. Мисалы, халифа Валид ибн Абдулмалик чоң армия сапарбар кылып фатхтарды кылган. Мусулман командачы Мухаммад ибн Касим залим индус падышасы Ража Дахир тарабынан камакка алынган бир нече муслима аялдар үчүн атылып чыгып, аларды азат кылган. Түркиянын Умурия шаарында румдуктар бир муслиманы камакка алып, ага карата жаман мамиледе болгондо халифа Муътасим Биллах муслиманы куткаруу үчүн өтө чоң кошуунду аракетке келтирген. Ушул себептен улам, Ислам түзүмү кайра тикеленгенде гана бул Умматтын бүткүл энеси-кызы үчүн адилеттик, коргоо жана колдоочулук жүзөгө чыгат. Анткени, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык аялдардын кызыкчылыгын Ислам буюргандай кабыл алып, динин коргойт, Умматка камкордук көрсөтүп, бейпилдик менен камсыздайт жана адилеттик орнотот.
Пайгамбарыбыз ﷺ айтат:
«الإِمَامُ رَاعٍ وَمَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ»
«Халифа – башкаруучу жана кол астындагыларга жоопкер».
Роя гезити, №408, 2022-жыл, 14-сентябрь.