Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаяты «Чыгыш Түркстандан эч качан баш тартпайбыз!» деп аталган демонстрацияларды өткөрдү

54
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаяты «Чыгыш Түркстандан эч качан баш тартпайбыз!» деп аталган демонстрацияларды өткөрдү

Кытайдын жырткыч режими басып алган Чыгыш Түркстанда дагы эле кыргын жана жырткычтыктарды жасоодо. Миллиондогон уйгур мусулмандарын «кайра тарбиялоону» шылтоолоп камак лагерлерине таштап, кыйноолорго салып келди. Кытай бийлиги Чыгыш Түркстан мусулмандарын Исламынан кайтаруу максатында ушул кыйноолорду улантып жаткан болсо, исламий өлкөлөрдөгү малай өкүмдарлар бул иште ага далда болушууда. Бул ирет кылмышкер коммунист Кытай режими өзгөчө Гулжа шаарындагы уйгур мусулмандарына каршы кезектеги кылмыштарды жасап жатат. Т.а. «коронавирустун жайылышын алдын алуу» деген нерсени шылтоо кылып, уйгур мусулмандарын үйлөрүнө камап, эшиктерин сыртынан кулпулап салды. Ушул аймактан алынган видеотасмаларда кабарлангандай, азык-түлүк жана дары-дармек сыяктуу негизги муктаждыктарын камсыздоого тыюу салынган адамдар ачкалыкка туш болушууда, ал тургай, кээ бирлеринин наристелери ачкалыктан эсин жоготуп, каза болушууда!

Мына ушулардан улам Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаяты хижрий 1444-жылы 20-сафар, миладий 2022-жылы 16-сентябрь күнү – Стамбулдагы Мухаммад Фатих мечитинде жана Анкара шаарындагы Хажи Байрам мечитинде – эки нааразылык демонстрациясын өткөрдү. Демонстрациялар Кытай режими жасап жаткан үрөй учурган репрессиялар алдында Чыгыш Түркстандагы мусулман боордошторубузга жардам берүүгө каратылды. Өзгөчө Түркиядагы өкүмдарлардан жана бүткүл исламий өлклөрдөгү өкүмдарлардан сүкүт сактоону токтотуп, Чыгыш Түркстандагы мусулман боордошторго жардам берүү талап кылынды.

 Роя гезити, №410, 2022-жыл, 28-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here