Европада жыгачтын таарындысына ылайыкташкан мештерге талап күчөдү

189
0

Европада жыгачтын таарындысына ылайыкташкан мештерге талап күчөдү

 Европада энергия баасы көтөрүлүп кеткени себептүү, европалыктар отундун альтернативдүү түрлөрүн издөөгө мажбур болууда. Бул тууралуу Франциянын “BFMTV” телеканалы кабарлады. Кабарда келишинче, бүгүнкү күндө жыгачтын таарындысына талап күчөгөн. Себеби, ал жылытуу үчүн азыраак каражат талап кылат.

Жылытуу улуттук ассоциациясынын маалыматтарына таянсак, быйыл жыгачтын таарындысына ылайыкташкан мештер соодасы 41 пайызга жана ушундай казандар соодасы 120 пайызга өскөн. Талап өсүшү менен жыгач таарындысынын баасы да бир тоннасы 300-400 еврого кымбаттаган.

О.э. элдин жыгач таарындысына умтулушу себептүү, биржада жыгач сата турган компаниялардын акциялары да тездик менен көтөрүлө баштады. Жыгач жана таарынды саткан кээ бир компаниялардын акциялары баалуу кагаздар базарында 700 пайызга көтөрүлгөнү айтылууда.

 Комментарий: Россия Европа Союзунун аракеттерине жооп катары энергия куралын ишке салды. Айрыкча, энергия тармагында чет өлкөлөргө көз каранды болгон Европа үчүн «Түндүк агым-1» аркылуу газ жеткирүү токтотулушу ага оор сокку болду. Анткени, энергия таңкыстыгы кышкысын үйлөрдү жылытууга эле эмес, өндүрүшкө да олуттуу таасирин тийгизип, баалардын ашыкча көтөрүлүп кетишине себеп болот. Бул болсо, жыргал жашоого адаттанып калган Европа калкында нааразылык акцияларын пайда кылары табигый көрүнүш.

 Кыш жакындап калышына карабастан, Европа энергия проблемасын чече элек. Газдын баасы ашыкча көтөрүлүп кеткен. Өкмөттөр калкты газ менен камсыздоого алсыздык кылууда. Элге газ жана электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жөнүндө бир нече иш-чаралар сунушталууда. Коомдук жайлардагы жана көчөлөрдөгү чырактарды өчүрүү, электр менен жылытуучу жабдыктарга максималдуу температураны 20 градус  кылып белгилөөчү системаны орнотуу ж.б.у.с…

 Бул биз билген “өнөржайы өнүккөн, заманбап, маданияттуу, өнүккөн” Европанын абалы. Европага болгону Россиядан бара турган газдын үзүлүп калышы гана ушунчалык таасирин тийгизген болсо, эгер Исламий өлкөлөрдө жайгашкан бардык кысыктары, каналдар жана деңиз жолдору жабылып, отундун бардык түрүнүн Европа жана Америкага өтүүчү жолдору тосулса, алардын абалы кандай болор экен?! Мисалы, 2021-жылдын 24-мартында Суец каналы алты күнгө тосулуп калышынын өзү эле Европаны кандай абалга салып койгонуна дүйнө жүзү күбө болгон.

 Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here