БУУнун коркутууларына карабастан Шам козголоңу өз максатына умтулууда

159
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

БУУнун коркутууларына карабастан Шам козголоңу өз максатына умтулууда

«Shaam News Network» хижрий 1444-жылы 18-сафарда, миладий 2022-жылы 14-сентябрда жарыялаган кабарга ылайык, БУУ шаршемби күнү чыгарган отчётто акыркы айларда Сирияда бир канча фронттор кайра тутанып, кеңири көлөмдүү согуштар башталышы артынан, өлкөдө кайрадан зомбулук күчөшүнүн коркунучунан эскертти. БУУнун Сирия иштери боюнча изилдөө комитетинин төрагасы Пауло Серхио Пинейро: «Сирия дагы да кеңири көлөмдөгү согуштарды көтөрө албайт, бирок, бул ахвалга туш келиши мүмкүн», – деди. Ал Женевада журналисттерге берген интервьюсунда: «Биз Сирияда согуш бүттү деп ойлогон элек, бирок отчётто көрсөтүлгөн мыйзамбузуулар мунун тескерисин көрсөттү», – деп кошумчалады. Комитет мүчөсү Хани Мегалли: «Россия оппозициянын көзөмөлдөгөн аймактарга аба чабуулдарын уюштурушу акыркы бир нече айда сезилерлик даражада көбөйдү… Биз зомбулук күчөгөнүнө күбө болуудабыз», – деди.

Роя:

БУУнун бул отчёту эскертүүчү гана эмес, Шам козголоңу үчүн кара ниеттеги коркутуу болуп эсептелет. Анткени, Америка анын итааткөй ыплас уюму болгон БУУдан Шам калкына опузалоо жолдоп, аларды согуш менен эскертүүдө, кудум бул калкыбыз тынчтык жана коопсуздукта жашап жатышкандай! Америка, Батыш жана алардын куйруктары козголоңдун кичине аракетинен да коркушат. Алар ыплас саясий акчаларды жана саткын согушкер жетекчилери аркылуу козголоңдун чечимин тартып алышып, бул жетекчилер (тил бириктирген донор) Эрдоган Туркиясы буйруктары негизинде козголоңду кишендеп коюшкан. Ага карабастан, Шам калкынын козголоңду кайрадан баштоо кайратын сындыруу үчүн өздөрүнүн саясий иштеринен, билдирүүлөрүнөн жана жалган отчётторунан пайдаланышууда. Бирок, бул козголоң – Аллахтын уруксаты менен – капилетте болуп, бут-колдору кишенделип калган козголоңчуларды азат кылган соң, канкор режимди кулатмайын эч качан токтобойт. Мына ошондо козголоңчулар чет мамлекеттер менен алака кылып жаткан жетекчилерден арылышат жана Шам тогуту тарапка жүрүш кылып, мындай илманий малай канкор режимди бардык жүздөрү, таянычтары жана аркандары менен кошо кулатат. Кийин анын урандылары үстүндө күч-кубат жана азиздик мамлекети болгон Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелешет.

 

Роя гезити, №409, 2022жыл, 21сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here