Бишкекте Кытай грантынын эсебинен 70 километр жол курулду

148
0

Бишкекте Кытай грантынын эсебинен 70 километр жол курулду

 Кабар: Быйыл Бишкекте Кытай грантынын эсебинен 70 километр жол курулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Бишкек мэриясынын Транспорт департаментинин башчысы Максат Нусубалиев билдирди. Анын айтымында, долбоордун экинчи баскычы 30-октябрда аяктайт.

 “Кытай грантынын эсебинен бул долбоордун экинчи фазасы жүрүп жатат. Долбоорго ылайык, быйыл 70 километр жол салынууда. Ал быйыл 30-октябрда аяктайт. Келерки жылы үчүнчү фазасына өтөбүз. Анда беш айланма көпүрө салынат. Учурда “Бишкек башкы архитектура” берген эскиздер кытай тарап менен макулдашылууда. Иштер март айында башталат. Долбоордун жалпы баасы бир миллиард юань жана бул толук бойдон грант. Быйыл курулган жолдордун 65 пайызы жаңы калктуу конуштарга туура келди. Кытай грантынан тышкары мэриядан жыл сайын 500 миллион сом бөлүнөт, буга жыл сайын 30-40 километр жол курулат”, – деди Нусубалиев.

 Комментарий: Кытай тарабынан бериле турган кредит жана гранттар бир түрдүү схемада берилет. Кытай бирер мамлекетте ишке ашыруу пландаштырылган долбоор үчүн акча бөлө турган болсо, карыз берүүчү банк да, ал долбоорду ишке ашыруучу компания да кытайдыкы болот. Компания долбоорду жабдыктар жана жумушчу күчү менен камсыздайт. Ошентип, алынган карыздарды башкаруу толук бойдон Кытайдын көзөмөлүндө болот жана акчалар Кытайдын өзүндө калат. Мисалы, Бишкек ЖЭБи үчүн да, “Датка-Кемин” үчүн да Кытайдын “Эксимбанкы” карыз берди, аткаруучу тарап болсо “TBEA” компаниясы болду. Карыз алган өкмөт болсо кытайлык компания жабдыктарды канчага сатып алып жатканын, Кытайдан келген жумушчуларга канча айлык төлөнүп жатканын, иштин сапатын көзөмөлдөй албайт. Натыйжада долбоор сапатсыз аткарылгандан тышкары, мамлекет карыз болуп калат. Бишкек ЖЭБи реконструкция кылынгандан алты ай өтпөй туруп авария болгонун, адамдар кыштын кычыраган суугунда жылуулуксуз калганын буга мисал келтирсек болот.

 Дал ушул схема Бишкектеги жолдорду реконструкциялоодо жана жаңыларын курууда да колдонулду. Жолдорду куруу үчүн Кытайдан 1 миллиард юань грант алынган болсо, Кытайдын “China Road and Bridge Corporation” компаниясы “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун эки баскычын ишке ашыруу боюнча тендерди утуп алды жана жумушчу күчү да жалаң кытайлар болду. Кыргыз өкмөтү жолдун сапатын жана жумшалган каражаттын көлөмүн көзөмөлдөө укугуна ээ эмес. 2016-жылы үч баскычтан турган “Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү” долбоору үчүн баасы 44 миллион доллар болгон гранттык келишимге кол коюлгандыгы кабарланган эле. Бүгүнкү күнгө келип, долбоордун баасы 1 миллиард юань (70 миллион 500 миң доллардан ашык) экендиги айтылууда. Демек, алгач 850 миллион долларга бааланып, кийинчерээк 937 миллион долларга көтөрүлгөн түндүк-түштүк альтернативалуу жолу сыяктуу эле, бул долбоордун баасы да көтөрүлгөн…

Эгер жаңы жол салуу жана оңдоп-түзөө иштери мамлекеттин өз акчасынан ишке ашырылганда тынчсызданбасак болот эле.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here